"Эң чоң аба соккуларынын бири". Киевге кол салуунун кесепеттери тууралуу эмнелер белгилүү?

Кол салуу

Сүрөттүн булагы, @dsns_telegram

Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Орусия аскерлери жумага караган түнү Киевге дрондор жана баллистикалык ракеталар менен чабуул жасады. Борборго болгон массалык кол салуу таңкы саат бешке чейин уланды. Соңку маалыматтар боюнча 23 адам жаракат алып, алардын 14ү ооруканага жаткырылды. Украин бийлиги билдиргендей, аткылоонун кесепетинен Киевдеги темир жол инфраструктурасы да жабыркады.

Украинанын Аба күчтөрүнүн маалыматына ылайык, жумага караган түнү Орусиянын аскерлери Украинага 539 сокку уруучу дрон жана 11 ракета менен чабуул жасаган.

Анда айтылгандай, сокку негизинен Киевге багытталды.

"Бул Украинага атайылап пландалган, өзгөчө катуу жана ырайымсыз жасалган эң ири аба чабуулдардын бири болду",- деп жазды президент Володимир Зеленский.

Анын айтымында, украин шаарларында жана аймактарында аба коопсуздугу боюнча эскертүүлөр, кечээ Трамп менен Путиндин телефон сүйлөшүүсү ЖМКларда талкууланып жаткан учурда башталды.

"Орусия согушту да, террорду да токтоткусу келбей турганын дагы бир жолу ачык көрсөттү",- деп кошумчалады Зеленский.

Анын айтымында, Орусиянын түнкү чабуулунан Днепр, Сумск, Харьков, Чернигов жана Киев облустары жапа чекти, бирок түнкү соккунун "негизги бутасы" борбор калаа болгон.

Шаар бийлигинин маалыматы боюнча, Киевдин дээрлик бардык райондорунда кыйроолор жана жабыркагандар бар, өрт күчөп, куткаруучулар иштеп жатат. Эртең мененки саат 8ге карата 23 адам жабыркап, алардын 14ү ооруканага жаткырылды.

Киев шаарынын мэри Виталий Кличконун айтымында, борбор калаанын Днепровск районунда учкучсуз учуучу аппараттын сыныктары турак үйлөрдүн короосуна жана билим берүү мекемесинин аймагына кулап түшкөн.

Чабуул

Сүрөттүн булагы, @dsns_telegram

Борбор калаанын Голосеев районунда сыныктар оорукананын үстүнө түшкөн.

Соломенск районунда да сыныктар имараттардын үстүнө түшүп, райондо кампалар, административдик имараттар өрттөндү.

Мэриянын маалыматы боюнча, Святошинск районунда Орусиянын учкучсуз учагынын калдыктары кампалар бар аймакка түшүп, ал жакты дагы өрттөдү.

Калдыктар 16 кабаттуу турак-жайдын короосуна да түшүп, унаалар күйүп кетти жана жеке секторлордо дагы өрт чыкты.

Турак-жай

Сүрөттүн булагы, UKRAINIAN RAILWAYS

Дарницк районунда сыныктар ачык аянттарга түштү.

Шевченковск районунда болсо сыныктар 8 кабаттуу турак үйгө зыян алып келди. Имарат пайдаланууга берилген, бирок эч ким жашай элек болчу. Ал жерде өрт чыгып, азыр дагы уланып жатат.

Мэр Виталий Кличконун айтымында, орус чабуулунун кесепетинен жардам көрсөтүүгө бараткан 5 тез жардам унаасы жабыркаган. Алдын ала маалымат боюнча, медкызматкерлер арасында жабыркагандар жок.

Темир жол

Сүрөттүн булагы, @dsns_telegram

Киевге болгон түнкү аткылоонун кесепети темир жол тармагына да тийди.

"Душмандын Киевге жасаган чабуулунун айынан шаар ичиндеги темир жол инфраструктурасы жабыркады. Батышты көздөй кетчү жүргүнчү поезддери эми Вишневое жана Дарница аркылуу айланып өтөт, бул сапарлардын эки саатка чейин кечигишине алып келет",- деп билдирди "Укрзалізниця".

Орус бийлиги Украинадагы түнкү чабуул тууралуу азырынча эч кандай комментарий бере элек.