You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Ден-соолук: дүйнө “вакцина апартеиддин” алдында турабы?
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) башчысы Тедрос Аданом Гебреисус дүйнө “вакцина апартеид” стадиясына кабылганын жарыялады.
ДССУ бай мамлекеттерди Covid-19 вирусуна каршы вакцинаны жаш балдарга берүүнүн ордуна, аны алгач жакыр мамлекеттер менен бөлүшүүгө чакырды.
Учурда вакцинаны бардык мамлекеттерге тегиз жеткирүүдө бир нече тоскоолдуктар чыкты. Мисалы, айрым мамлекеттер бири-бири менен атаандашып, вакцина чыгар замат өзүнө керектүү көлөмдөн дагы көп санда буюртма берди. Ошондон улам "вакцина улутчулдук" деген термини пайда болуп, кедей өлкөлөр кезектин эң артына туруп калган эле.
Буга чейин ДССУ Канада, Британия жана АКШ сыяктуу мамлекеттерди өзүнө керектүү көлөмдөн көп санда вакцинага буюртма бергени үчүн кескин сындаган. Айталы, Канада калкынын санынан беш эсе көп вакцинага буюртма берген. Британия дагы дал ушундай кадамга барды, Лондон эки эсе көп вакцинага буюртма бергенин ашкереленген.
АКШнын президенти Байден болсо дүйшөмбү күнү 80 миллион доза вакцинаны же өлкө запасындагы вакциналардын пайызын өнүгүп келе жаткан мамлекеттер менен бөлүшөрүн жарыялады. Вашингтон бул вакциналар менен бөлүшкөндөн кийин деле өлкө жарандарына жетиштүү запасы бар.
Тынымсыз иштөө жылына 745 миң адамдын өмүрүн алат
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму аптасына 55 сааттан көп иштеген миңдеген кишилер жыл сайын жүрөк илдеттерине кабылып, каза таап жатканын билдирди.
2016-жылы жүргүзүлгөн глобалдык изилдөөгө ылайык, аптасына 55 саттан көп иштегендердин инсультка кабылуу ыктымалдуулугу 35 пайызга жана жүрөк ооруларына кабылуу ыктымалдуулугу 17 пайызга жогорулайт. Дал ушул себептен 2016-жылы 745 миң адам тынымсыз иштегени үчүн илдетке кабылып, каза тапкан.
ДССУ коронавирус пандемиясы бул трендди күчөткөнүн айтат. Көптөр үйдөн чыкпай, мурдагыдан дагы узак саат иштеп жатат. Эл аралык эмгек уюму жүргүзгөн изилдөө, каза тапкандардын көбү орто жаштагы эркектер экенин көрсөттү. Айрымдар, бул илдеттерге дароо эмес, жашы өйдөлөгөндө кабылган. Бирок окумуштуулар, аны жаш кезинде тынымсыз иштегени менен байланыштырууда.
Pfizer вакцинасын бир ай бою жөнөкөй муздаткычта кармаса болот
Европа Биримдигинин дары-дармекти тескеген уюму Pfizer компаниясынын коронавируска каршы вакцинасын бир ай бою -15 градуста муздаткычта сактаса болорун жарыялады.
Буга чейин вакциналар төмөн температурадагы муздаткычтан чыгарылгандан кийин беш күндүн ичинде бейтапка сайылышы керек деп айтылган. Pfizer вакцинасын -60 градуста сакталышы керек болгону эмдөө жараянына бир топ тоскоолдуктарды жаратты. Кыргызстан сыяктуу өнүгүп келе жаткан мамлекеттерде андай муздаткычтар жок.
Бул жаңылыкты Европа Биримдигиндеги мамлекеттер жылуу кабыл алды. Эми региондо жапырт эмдөө жараяны кыйла тез жүрөт деген үмүт бар.
Ушул айдын башында Канаданын расмийлери 12-15 жаштагы балдар дагы Pfizer вакцинасы менен эмдөөдөн өтсө болорун маалымдаган.