"Жемиштүү сүйлөшүүдөн" кийин Трамп Путин менен Венгрияда жолугарын айтты

Putin and Trump in file pic at Anchorage talks in August 2025

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Путин менен Трамп АКШнын Аляскадагы базасында 2025-жылдын августунда жолугушкан
    • Author, Шон Седдон
  • Published
  • Окуу убактысы: 4 мүнөт

АКШнын президенти Доналд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефондук сүйлөшүүсү учурунда "чоң жылыш" болгонун айтты. Алар Венгрияда жолугууну макулдашкан.

Анын айтымында, августтан берки алгачкы телефон сүйлөшүүсү "абдан жемиштүү" болгон. Ал кошумчалагандай, Вашингтон менен Москванын командалары кийинки аптада жолугушмакчы.

Трамп Будапештте Путин менен кайсы күнү жолугушарын ырастаган жок. Кремль "аябагандай ачык жана ишеним жараткан" сүйлөшүүдөн кийин саммитке даярдыктар "кечиктирилбестен" башталарын билдирди.

Бул сүйлөшүүлөр Украинанын президенти Зеленскийдин Вашингтонго боло турган иш сапарына бир күн калганда болуп өттү. Учурда Трамп Орусиянын аймагына сокку ура ала турган "Томагавк" ракеталарын Украинага берер-бербесин ойлонуп жаткан чагы.

АКШга барганда Зеленский Москва "Томагавктар жөнүндө угар замат диалогду жандантууга шашарын" билдирди.

Телефондук сүйлөшүүдөн кийин өзүнүн Truth Social платформасында Трамп Путин экөө "Украинадагы согуш бүткөндөн кийин Орусия менен АКШнын ортосундагы соода боюнча көп убакыт сүйлөшүп отурганын" жазып чыкты.

Анын айтымында, эки өлкөдөн "жогорку деңгээлдеги кеңешчилер" кийинки аптада белгисиз жерде жолугушмакчы. АКШнын делегациясын мамлекеттик катчы Марко Рубио жетектейт.

Ошондой эле, Трамп жума күнкү Путин менен сүйлөшүүсү боюнча Зеленскийди кабардар кыларын билдирди. "Бүгүнкү сүйлөшүүнүн жүрүшүндө чоң жылыш болду деп эсептейм", — деп кошумчалады ал.

Кийин ал кабарчыларга Путин менен "эки аптанын ичинде" жолугушары күтүлүп жатканын айтты.

A graphic depicting a Tomahawk missile and a map indicating its range if fired from Ukraine
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Путин менен сүйлөшүүсүнөн кийин Украинага ракеталарды берүү ыктымалдыгы боюнча суроолорго Трамп АКШнын "Томагавк" запасын "түгөтпөшүбүз керек" деп жооп узатып, "алар бизге да керек... ошого ал боюнча эмне кыларыбызды билбейм" деп кошумчалады.

Украинанын АКШдагы элчиси Ольга Стефанишина билдиргендей, Путин менен Трамптын телефон сүйлөшүүлөрүнө "бир нече саат калганда" Орусия тарабынан Украинага урулган түнкү соккулар "Москванын тынчтык боюнча чыныгы мамилесин ачып көрсөтүп турат".

Би-Би-Синин АКШдагы өнөктөшү CBS телеканалына ал төмөнкүлөрдү кошумчалады: "Ал соккулар Москванын стратегиясы террор жана жабыр кылуу экенин көрсөтүп турат. Эң таасирдүү жана жападан жалгыз жооп — санкцияларды күчөтүү, абадан коргонуу күчтөрүн бекемдөө жана алыс аралыктарга жөндөмдүү каражаттарды жеткирүү аркылуу басым кылуу".

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан X платформасында пландалып жаткан Будапешт жолугушуусу "дүйнөдөгү тынчтыкты сүйгөн элдер үчүн жакшы жаңылык" болгонун айтты.

Мурдараак ал төмөнкүлөрдү дагы билдирген эле: "Тынчтык сабырды, күч-кубатты жана момундукту талап кылат. Европа өзүнүн мамилесин өзгөртүшү зарыл. Текебердиктин жана бүтпөс согуштун жалынын тутандыруунун ордуна биз Орусия менен сүйлөшүүгө барышыбыз керек. Диалог гана биздин континентибизге тынчтыкты алып келет".

Август айында Аляскадагы жогорку деңгээлдеги жолугушуу тынчтык келишимин түзүүдө чечүүчү жыйынтык бербеген соң Трамп Украинадагы согуш боюнча Путинге карата мамилесин катуулаткан.

Трамп менен Путин АКШда 15-августта жолугуп, саммит АКШнын президенти орус президентин Украинадагы согушту токтотуу үчүн ар тараптуу тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоого ынандырууга өбөлгө түзөт деп үмүттөнгөн. Орусия Украинага каршы толук кандуу согушту 2022-жылдын февралында баштаган.

Zelensky, in dark clothing, and Trump, wearing a navy blue suit and red tie, sit in front of Ukrainian and US flags.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Зеленский январдан бери Вашингтонго үчүнчү жолу келиши болуп калат

Эки лидер Аляскада августта жолугушкан. Саммит болгону бир нече саатка созулган

Бир нече күндөн кийин Трамп Зеленский жана башка европалык лидерлер менен жолугушуусун үзгүлтүккө учуратып, Путинге телефон чалган эле.

Ошондон бери Ак үй да, Кремль да эки лидердин байланышы туурасында ачык маалымат берген эмес.

Президенттикке ат салышып жатканда Трамп бир нече күндө эле Украинадагы согушту токтото аларын айтып жүргөн. Бирок ал бийликке келгенден бери аталган согуш башка маселелерге караганда чечүүгө бир топ эле оор болгонун өзү моюндаган.

Трамп өзүнөн мурдагы Жо Байденге караганда Орусияга көбүрөөк симпатиясын билдирип келет. Зеленский менен чыңалган мамилеси 28-февралда ого бетер курчуп кеткен. Анда Трамп менен вице-президент Жей Ди Вэнс Ак үйдөгү Овалдык кабинетте украин президентин тилдешкен болчу.

Бирок Зеленский менен болгон мамиле андан бери бир топ эле жакшырды.

Сентябрда Трамп жаңжал боюнча көз карашы өзгөргөнүн ишарат кылып, Киев "Украинаны баштапкы калыбына келтирүүгө" мүмкүнчүлүгү бар экенин айткан. Бул анын мурдагы билдирүүлөрүнөн түп тамырынан айырмаланат. Буга чейин Трамп Киевди Орусия басып алган аймагынан баш тартууга чакырып келген эле.

Зеленскийдин жума күнү боло турган Вашингтон иш сапарынын күн тартибинде "Томогавк" ракеталары боюнча маселе башкы орунга чыгышы мүмкүн. Бул январдан берки Зеленскийдин үчүнчү сапары болуп калат.

Зеленский АКШдан 2500 км аралыкка уча алган акыркы үлгүдөгү ракеталарды берүүгө чакырып келет.

Бул аптанын башында Украинага ракеталарды берер-бербеси боюнча узатылган суроого ал "Көрөбүз... беришим мүмкүн" деп жооп берген.

Июлдун аягында Трамп Путинге эки аптадан аз убакыт берип, ок атышууну токтотуу боюнча макулдашууну же ири масштабдагы санкцияларга туш болорун айткан. Трамп санкцияларды Орусия менен соода алакасы бар өлкөлөргө да киргизерин билдирген.

Бирок Путин Трамп менен Аляскада жолугууга макул болгондон кийин опузасын орундаткан эмес. Жолугушууну АКШнын президенти олуттуу дипломатиялык жетишкендик деп бааласа да сезилерлик деле натыйжа болгон эмес.

Бейшембиде Индиянын тышкы иштер министрлиги Трамптын "Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Орусиянын мунайын сатып албоого макул болду" деген билдирүүсүнөн күмөн санады.

Индия өкмөтүнүн өкүлү мурдагы күнү болуп өткөн "эки лидердин сүйлөшүүсүнөн кабары жок" экенин айтты.

Кремлге экономикалык басымды күчөтүү аракети катары АКШ мамлекеттерди, айрыкча, Индия, Кытай жана НАТО өлкөлөрүн Орусиянын энергиясынан баш тартууга чакырып келет. Зеленский дагы бул чакырууларды көп жолу кайталаган.