Добуш сатып алчулар той-топур менен көк дүкөнгө көчтүбү?

Published

Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Шайлоо өнөктүгүнө көз салган байкоочулардан шайлоочулардын добуштарын сатып алуу аракеттери көбүнчө тойлор, куран окутуулар, мааракелерди өткөрүү менен жаап-жашырылып жатканы тууралуу билдирүүлөр түшүп жатат. Ошол эле учурда жер-жерлерде көмүр баасына жана каатчылыгына нааразылык күчөп турган учур.

Байкоочулар жер-жерлерде үгүт эрежелерин бузган учурлар толтура болуп жатканын билдиришүүдө. Ушундай эреже бузганы үчүн Бишкекте жана Нарын шайлоо округунда бир нече талапкерге акчалай айып салынды.

“Фонд тарабынан жүргүзүлгөн байкоочулардан келип түшкөн отчеттордун талдоосу көрсөткөндөй, негизинен үгүт иштеринин эрежелерин бузуу, үгүт материалдарын бузуу байкалат. Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу жана шайлоочулардын добуштарын сатып алуу барган сайын татаалыраак ыкмалар менен жүргүзүлүп жатат, бул аларды аныктоону жана далилдүү база катары тастыктоону кыйындатат. Шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө шайлоочуларды сатып алуу үчүн үчүнчү жактар тартылып жатканы, ал эми сатып алуу көбүнчө ар кандай иш-чараларды (тойлор, куран окутуулар, мааракелер ж.б.) өткөрүү менен жаап-жашырылып жатканы тууралуу билдирүүлөр түшүп жатат”,-деп айтылат “Жалпы иш” фондусунун отчетунда.

Аталган фондко узак мөөнөттүү байкоочулардан шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча 127 билдирүү келип түшкөн, анын ичинде шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузуу боюнча 111 билдирүү, добуштарды сатып алуу боюнча 8 билдирүү жана административдик ресурстар кыянаттык менен пайдалануу, кысым көрсөтүү, зомбулук жана коркутуулар боюнча 8 билдирүү болгон. Эң көп мыйзам бузуулар боюнча билдирүүлөр Ош облусунда, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталган. 

Шайлоодогу талапкерлердин бири Жанар Акаев кээ бир жерде добуштарды сатып алуу көк дүкөндөр аркылуу жүрүп жатканын КТРКда дебаттар болуп жатканда айта кетти. Көрсө, көк дүкөнгө барган адамдарга тымызын түрдө айрым бир талапкерлердин пайдасына азык-түлүк таркатылып жаткан учурлар бар окшойт.

Шайлоого 21 саясий партия жана бир мандаттуу округдардан 297 талапкер баратат. Бул шайлоодо биринчи жолу преференциалдык добуш берүү болот.

Байкоочулар көп жарандардын шайлоо укуктарына байланышкан кыйынчылыктар болуп жатканын билдирүүдө. Шайлоого туруктуу байкоо жүргүзүп жаткан “Жалпы иш” коомдук фонду шайлоо дарегин алмаштыруу мүмкүнчүлүгү болбогон жарандардын добуш берүүгө катыша албай калышы мүмкүндүгүн белгилейт.

“Жогорку Кеңеш жарандардын жигердүү шайлоо укугун ишке ашыруу үчүн башка мүмкүнчүлүктөрдү караш керек болчу. Форма-2 жокко чыгарылышына байланыштуу иш жүзүндө жашаган жери каттоосу менен дал келбеген студенттер, ички мигранттар жана башка айрым категориядагы жарандар алдыдагы шайлоодо добуш бере алышпайт”.

БШК ЖМК аркылуу жарандарга шайлоо эрежелери жөнүндө маалымат берүүнү  күчөтүүдө. Бирок байкоочулар шайлоочулардын добуш берүүнүн жаңы эрежелери менен таанышууга убакыт аз болуп калганын белгилешүүдө.

“Мыйзамды кабыл алуу менен шайлоону белгилөөнүн кыска мөөнөттөрү шайлоочуларга добуш берүү процессин, шайлоо бюллетендерин толтуруу тартибин толук түрдө түшүнүүгө мүмкүндүк бербейт, өзгөчө бир шайлоо округу боюнча, бул жараксыз (бузулган) бюллетендердин санынын көбөйүү коркунучун жаратат”,-дейт “Жалпы иш” фонду.

Бул шайлоодогу орчундуу жаңылык - талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо фонддорунун ачыктыгын камсыздаган “Финансылык ачыктык” автоматташтырылган маалымат системасы ишке кирди. 15-ноябрдан тартып бул системада талапкерлер менен саясий партиялардын шайлоо фонддоруна акча каражаттарынын топтолушу жана чыгымдалышы кандай жүрүп жатканын көрсөтүүдө.

Мурдакы шайлоо өнөктүктөрүнө салыштырмалуу саясий партиялар менен талапкерлердин үгүт өнөктүгү анчалык активдүү болбой, үгүт өнөктүгү көбүнчө социалдык тармактар менен мессенжерлерге көчкөнү байкалат.

Үгүт өнөктүгүнө эң көп акча жумшаган партиялар - “Ата Журт Кыргызстан” (33 млн 642 миң) , “Ишеним” (27 млн 319 миң) , “Альянс” (19 млн 970 миң)  жана “Ынтымак” (18 млн 393 миң). Алардын шайлоо фондусундагы каражаттын жалпы суммасы 99,3 миллион сомду түзөт. Ал эми калган 17 партиянын шайлоо фонддорундагы топтолгон акчанын бардык суммасы (67,6 млн. сом) буга караандабайт.

Өлкөдө шайлоонун алдындагы коомдук-саясий кырдаал салыштырмалуу тынч. Ошол эле убакта шайлоонун үгүт өнөктүгү энергетикалык кризис, тамак-ашка баалар кымбаттаган учурга туш келип, айрым жерлерде митингдер болуп жатат.