Баласын өзүнүн атына каттаткан келиндин ишин сот карап баштады

Published

Бишкекте баласынын каттоосуна атасынын атын эмес, өзүнүн атын жаздырып алган келиндин ишин сот карап баштады. Документтеги маалыматтын өзгөрүшүнө байланышкан мындай иш сотто биринчи жолу каралууда.

Балдар жазуучусу Алтын Капалова балдарынын расмий каттоосуна аларды атасынын атын эмес, өзүнүн атын жаздырып алган экен. Бул иш ачыкка чыкканда, Мамлекеттик каттоо кызматынын тийиштүү департаменти аны жана бул ишти аткарган кызматкерин сотко берген. Анткени, кыргыз мыйзамдары боюнча балдарга күбөлүк жана башка документтери берилгенде аты, фамилиясы менен кошо атасынын аты гана жазылат.

Бул иштин чоо жайын Би-Би-Сиге Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматынын өкүлү Дамира билдирди. Анын айтымында, жарандык жазуу жүргүзүүдө кеткен катаны оңдоо соттун чечими менен гана ишке ашырылат.

Сотко чакырылган Алтын Капалова өзүнүн кылганын туптуура деп жатат, ага өзүнүн жүйөлөрү бар.

"Аялдарга болгон басмырлоонун бардык түрүн жокко чыгарган эл аралык документтерге кол коюп келген кыргыз мамлекети мен өзүмдүн атымды баламдын күбөлүгүнө жазып койгонум үчүн мени сотко берип жатат. Менин күнөөлүү экенимди көргөзүш үчүн эски мыйзамдарга таянбай, аялдардын укуктарын коргоп, укуктардын тең укуктуулугу үчүн иштешибиз керек, -деди Алтын Капалова журналисттерге.

Сот ишти бейшембиде карап баштап, эми 4-мартта уланта турган болду.

Кыргызстандын мыйзамдары боюнча балага документ берилгенде фамилиясы менен кошо атасынын аты кошо жазылат. Энесиники жазылбайт. Энелер атасынын фамилиясын бербей, өзүнүн фамилиясына каттатып алган учурлар бар. Бирок атасынын атын эмес, өзүнүн атын жаздырып алган бул биринчи учур болуп жатат.

Эми ишти сот карап, кандай чечкен күндө да, бул окуя аял-эркектин теңдиги үчүн күрөшкөн феминисттерди өзүнчө бир ойго салган, а балким, жаңы аракетке түрткөн прецедент болуп калышы ыктымал. Экинчи жагынан, социалдык сайттарда балдарын карабай таштап кеткен аталардын кейиштүү окуялары, аларды айыптаган энелердин өзүнчө тилектештик пикирлери дагы өзүнчө талкууга айланды. (КС)