Коронавирус: "өкмөт чукул аракеттерге баруусу керек"

    • Author, Элеонора Сагындык кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
  • Published

Кыргыз өкмөтү COVID-19 вирусунун алдын алуу максатында массалык маданий жана спорттук иш-чараларын өткөрүүгө тыюу салды. Ал тапта Жогорку Кеңеште депутаттар ДСУ пандемия жарыялагандан кийин өкмөт чукул аракеттерге баруусу керектигин талап кылышты.

Өкмөт коронавирус боюнча кырдаал жакшырганга чейин массалык иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизди. Республикалык штаб өлкөдөгү эпидемиялык кырдаал туруктуу экенин айтууда.

"100дөн ашык адам топтолчу маданий, спорттук иш-чаралар токтотулсун деп атабыз. Бирок бул жөн эле көргөзмөдөй болуп атат. Эмне бүгүнкү күнү болуп аткан тойлордо, соода түйүндөрүндө 100дөн аз адам болуп атабы. Бул эмне жөн эле көз будаламайбы, мен өкмөттүн иш-аракеттерин түшүнбөй атам. АКШ бардык Евробиримдик жарандарынын кирүсүнө бөгөт койду. Украина мектеп, бардык окуу жайларды жаап атат", -деди депутат Исхак Пирматов бүгүн Жогорку Кеңеш жыйынында.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 вирусунун жайылышын пандемия деп тапкандан кийин өкмөт чукул аракеттерге баруусу керектиги талап кылынып жатат.

Мектептерге карантин киргизүүнү бүгүн депутаттар Бактыбек Турусбеков, Эмил Токтошев жана Тазабек Икрамов да көтөрдү.

"Жалпы билим берүү системасын, мектептерди, жогорку окуу жайларын бир айга - 15-марттан 15-апрелге чейин жабууну сунуштайт элем. Ушул аралыкта окубай калган программага жетиш үчүн июнь айына чейин узартып койсо болот эле", -деди Икрамов.

Билим берүү министрлиги андан мурда быйыл окуучулар он күндүк жазгы эс алууга 21-марттан тартып чыгарын билдирген.

Мындан улам кыргыз өкмөтү коронавирус коркунучуна байланыштуу мектептерди жабуу планын азырынча караштыра элек.

"Азырынча 21-марттан баштап 1-апрелге чейин каникулга чыгышат деп жатабыз. Эгер зарыл болсо улантуу жагын карайбыз. Кырдаалга жараша болот", -деди бүгүн журналисттерге вице-премьер Алтынай Өмүрбекова.

Коронавирустун жайылышы боюнча бүгүн Саламаттыкты сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттык уюмунун Кыргызстандагы өкүлү менен басма сөз жыйынын өткөрмөк, бирок ал белгисиз себептер менен өтпөй калды.

" Абал туруктуу, коронавирус менен катталгандар жок. Тийиштүү иш-чаралар көрүлүп жатат. Обсервацияда бүгүнкү күнү 321 киши жатат, ал эми үйдө карантинде 188 адам жатат. Карантинде жатып бүтүп чыккнадар сагы 1019 киши болду" ,- деди Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Жылдыз Айгерчинова Би-Би-Сиге.

Бирок бүгүн айрым ММКлар Британиядан келген кыргыз жараны вируска текст бермек түгүл, ооруга каршы түзүлгөн ыкчам штабга байланышка чыга албай жатканын жазды.

Байкоочулар Кытай менен чектеш Борбор Азия өлкөлөрүндө аталган вирусту аныктай албай жатканын саламаттыкты сактоо системасындагы өксүктөрдөн көрүп жатышат же маалыматты жаап-жашыруу барбы деп шектенишүүдө.

"Аймактагы өлкөлөр ичинен Кыргызстан ачык өлкө, оору чыкса аны эч ким аны жашыра албайт. Ыктымалдык теориясы боюнча эртеби-кечпи ал келет. Коронавирус Кыргызстанды кыйгап өтпөйт. Маанилүү суроолор бар: биздин ооруканаларда канча реанимациялык бөлүмдөр иштейт? Вирус өпкөнү сезгентип адамдар тумчугуп каза болуп жатат, жасалма дем алуу аппараттарын сатып алуусу керек. Догдурларга биринчи кезекте коргоонучу кийим керек. Жеке менчик медициналык жайлардын күчүн, аппаратурасын колдонго даяр болгондой болуш керек", -деди эксперт Айбар Султангазиев.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги муфтиятка жума намаздарды чектөө сунушун берген, бирок ага динаятчылар көп кулак салган жери жок. Мындан тышкары базар менен соода борборлорун дезинфекциялоои иштери жүрүп жатат.

Экономикалык зыяндын алдын алуу республикалык штаб түзүлүп, ал да өз алдынча иш алып барууда. Буга чейин вице-мпремьер Эркин Асрандиев өлкөдө азык-түлүк продуктуларынын камы жетиштүү, тынчсызданууга негиз жок деп билдирген эле.