You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Өзгөчө кырдаал шартында сот ишти коопсуз жана акыйкат карай алабы?
Өзгөчө кырдаалга карабастан Кыргызстанда соттор кадимки режиминде иштеп жатат. Коомдук резонанстуу иштерди кароо да токтобой жүрүүдө. Бирок сот жыйындарына беткап кийип келүү эрежесин баары эле сактаган жок. Ошондуктан өзгөчө кырдаал шартында зарыл иштерден башка сот иштерин токтото туруу жөнүндө Жогорку Сотко кайрылуулар болуп жатат.
Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча сот ишин улантты. Бишкек ЖЭБиндеги коррупция жөнүндө иш шаардык сотто экинчи инстанцияда каралып жатат.
Жогорку Соттун басма сөз кызматы өлкөдөгү өзгөчө кырдаалга карабастан, соттор кадимки режиминде иштей турганын билдирүүдө. Бир гана талап: сотко түздөн түз ишке тиешеси бар адамдар гана: доогер, жоопкер, күбө, коргоочу, айыптоочу гана катыша алат. Экинчиден, алардын баары сотко сөзсүз беткап менен келиши керек.
Анткен менен Биринчи май райондук сотунда бул эрежени баары эле сактаган жок. Беткапты бири кийсе, бири ачык эле жүрөт деди Би-Би-Сиге Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев.
Ал ошондуктан өзгөчө кырдаал шартында соттордо зарыл иштерден башкаларын кароону токтото туруу өтүнүчү менен Жогорку Сотко кайрылганын билдирди:
"Мен азыр эле Жогорку Соттун төрайымына кайрылуу калтырдым. Өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү бүткөнгө чейин бардык сот отурумдарын токтото туруу жөнүндө өтүнүч. Кээ бир кармалгандар, шектүүлөрдүн бөгөт коргоо чарасын тандоо, мөөнөтүн узартуу, ушул сыяктуу эле маселелерди карап, калгандарын токтотуп койсо туура болот деп ойлойм. Себеби сот отурумдарынын катышуучуларына да коркунуч бар. Мындан сырткары 19-мартта Жогорку Сот сот жыйындары боло берет, бирок эле кирбейт деген чечим чыгарып койду. Жарандар, журналисттер кире албай атат азыр. Бул Конституцияга туура келбейт".
Башка өлкөлөрдө карантин шартында иштерди видео конференция түрүндө караганга өтүштү. Кыргызстанда соттор ошондой мүмкүнчүлүктү эмнеге колдонбойт деген суроо болуп жатат.
Жогорку Сот азырынча буга соттордун техникалык даярдыгы жок экенин айтууда.
Өзгөчө кырдаал шартында Бишкек менен Ош шаарында коомдук транспорт чектелүү жүрүүдө. Кээ бир адамдар карантинден чыга албай калышы да мүмкүн. Мындай шартта алардын сотко келе албай калганы жүйөлүү себеп катары кабыл алынабы деген дагы суроо бар.
"Жарандар өздөрүнүн укугунан пайдаланып ишти башка күнгө жылдыруу өтүнүчү менен алдын ала кайрыла алышат. Аны жүйөлүү экендигин сот өзү карап чечет",-деди Жогорку Соттун басма сөз кызматынан.
Жогорку Сот ошондой эле жарандар келе албай калса, почта аркылуу кат жүзүндө өздөрүнүн арызын же каршы пикирлерин жөнөтсө болорун билдирип жатат. Бирок Кыргызстанда почта жөнөкөй убакта эле жакшы иштебейт, кээ бир каттаржетпей калат же кечигип барат. Мына ушул маселеде дагы нааразылык чыгышы мүмкүндешет. (КС)