Коронавирус глобалдык коркунуч катары жарыяланышы мүмкүн

Published

Дүйнө жаңы коронавируска даяр болушу керек эле, деп билдирди Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жетекчиси.

Бейшембиде уюмдун Өзгөчө кырдаалдар боюнча комитети жабык жыйынга чогулат. Жыйында жаңы коронавирустун эпидемиясы глобалдык коркунуч катары жарыяланышы мүмкүн.

Эпидемиянын очогу Кытайдын Ухань шаары. Бирок вирус азыркы маалда Кытайдын бардык провинцияларына жетип, дүйнөнүн 16 өлкөсүндө катталды. Анын ичинде Таиланд, АКШ, Австралия, Франция жана Түштүк Корея бар. Көптөгөн өлкөлөр Кытайдан жарандарын чыгарып кетүүдө.

Кытайдын өзүндө 170 киши көз жумуп, вирусту жуктуруп алгандар жети миңге жетти. Бул вируска каршы атайын каражат жок, вакцинаны ойлоп табуу үчүн катуу аракет көрүлүүдө. Бирок жуктуруп алгандардын көбүндө оорунун билинер билинбес симптомдору гана байкалып, айыгып кетүүдө.

Кыргызстандын коронавируска каршы камы кандай?

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирустун жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын жыйынын өткөрүп, эпидемиологиялык кырдаалга күн сайын мониторинг жүргүзүү, Кытайдан жана үчүнчү өлкөлөрдөн келгендердин баарын көзөмөлгө алуу жөнүндө тапшырма берди.

Кытайдан чыккан коркунучтуу вирустун дүйнөгө кантип жайылып жатканы тууралуу кабарларга кыргыздар дагы кулак түрүп, чочулап турган убагы. Ал ортодо эл ичине вирус менен ооруган адамдар кирип кеткени жөнүндө такталбаган маалыматтар коомдук сайттарга тарады.

Ошондуктан өкмөт кеңешме өткөрүп, такталбаган маалыматтарды төгүндөп жатат. Кеңешмеде саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев маалымдагандай, бүгүнкү күндө өлкөдө коронавирус менен ооруган учурлар катталган эмес, буга байланыштуу дүрбөлөң түшүүгө эч кандай себеп жок. Эпидемиологиялык кырдаал туруктуу. Өлкөдө жеке коргонуучу каражаттардын зарыл болгон камы жана вируска каршы дары каражаттары бар.

Кеңешмеде белгиленгендей, республиканын бардык көзөмөл-өткөрмө жайларында, Бишкек жана Ош шаарынын аэропортторунда вирустун бар-жогун текшерүү үчүн тепловизорлор орнотулган. Санитардык-карантиндик пункттун адистери тепловизорлор менен Кытайдан жана үчүнчү өлкөлөрдөн келген адамдардын баарын текшеришет.

"Министрликтер, мекемелер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары планга ылайык коронавирустун өлкө аймагына тарашына жол бербөө жана бул илдет катталган учурдагы механизмди иштеп чыгуу боюнча тиешелүү чараларды кабыл алуусу керек. Ошондой эле медициналык мекемелердин бейтаптарды кабыл алуусунун даярдыгын, лабораториялык изилдөөлөр үчүн зарыл болгон медициналык материалдардын запасын түзүү, вируска каршы дары-дармектерди, дезинфекциялык жана жеке коргонуу каражаттарын камдоо, аныктоо жана дарылоо маселеси боюнча медицина кызматкерлерин даярдоону камсыз кылуу шарт", - деди өкмөт башчы.

Күн сайын мониторинг

Өкмөт башчы кеңешменин жыйынтыгы боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди. Анын ичинде эпидемиологиялык кырдаалга күн сайын мониторинг жүргүзүү, Кытай Эл Республикасынан жана үчүнчү өлкөлөрдөн келген жактарды көзөмөлдөө тапшырылды.

Кытайда окуп жаткан кыргыз студенттерин алып келүү жөнүндө маселе да козголбой койгон жок. Тышкы иштер министрлигине Кытайдагы жарандары менен иштөөнү күчтөндүрүү жана алардын укуктарын, саламаттыгын коргоо үчүн зарыл болгон жардамдарды көрсөтүү милдеттендирилди.

Азыркы учурда Кытайда окуган он эки кыргыз жараны кайтып келгени белгилүү. Аларды өзүнчө бөлүп жаткырып, текшерип жатышат. Алардан вирус табылган эмес.

Ухань шаарынын өзүндө эле он төрт кыргыз студенти жана бир кыргыз ишкери бар экени айтылып жатат.

"Албетте, биздин жарандар алып кеткиле деп талап койсо, аларга келгенге шарт түзүп беришибиз керек. Бирок Кытай Ухань шаарында карантин жарыялап, эч кимди чыгарбай жатат. Карантин бүтүп чыгарабыз десе, биздин элчилик эмне иш аткарыш керектигин билет. Бирок аларды алып келүүдө тийиштүү чаралар да каралат, инкубациялык убакыт, он төрт күнгө карантин зонасына жаткызылып, толугу менен көзөмөлгө алынат",- деди Би-Би-Сиге вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова.

Вируска чалдыккандар күн санап көбөйүүдө

Кытайда коронавируска чалдыккандардын саны алты миңге чукулдады. Ɵлгөндөр 132. Азыркы убакта чет элдик жарандарды көчүрүп кетүү аракеттери көрүлүп жатат. Ал ортодо жаңы вирус менен ооруган биринчи адам Араб эмираттарында катталды. Расмий маалыматка караганда, оорулуу Кытайдагы Уханга барып келген үй-бүлөдөн экен.

Ал ортодо Орусия Кытай менен бирге коронавируска каршы вакцина жасоо аракетин көрүп жатканын билдирүүдө.

Австралияда Саламаттык институту коронавирусту лабораторияда өстүрүп, аны диагностика кылып, жарактуу вакциналарды текшерүүдөн өткөрүп жатканын кабарлады. (КС/AbA)