Н. Артыкова: Корона вирустан жекече түрдө сактануу эң эффективдүү чара

Published

Кытайда Ухандан жайылган респиратордук вирустан өлгөндөрдүн саны жүздөн ашты. Улуттук саламаттык сактоо комиссиясы шейшембиде вируска чалдыккандар саны төрт жарым миң деп билдирүүдө. Би-Би-Си Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Назира Артыковага кайрылып, жаңы корона вирусунун жайылышы боюнча дүйнөдөгү кырдаалды жанан андан сактануу чараларын сурады.

Н. Артыкова: Жаңы корона вирус январдын башында Кытайдын Ухань провинциясынан чыкты. 10-январдан баштап өтө ылдам жайыла баштады. Азыркы учурда бүт дүйнө боюнча төрт миңден ашык учур катталды жана баардыгы он алты өлкөгө жайылды.

Жугуу жолу абдан коркунучтуу: азыркы учурда адамдан адамга жуга баштады. А башында бул вирус адамга жаныбардан жуккан, ошондуктан корона вирус деп аталган.

Азыр эми анын анчалык мааниси жок, азыр коркунучтуу жагы адамдан адамга жугуп жатканында.

Би-Би-Си: Жаңы респиратордук вирустун негизги симптомдору кандай болуп башталат?

Н. Артыкова: Башында сасык тумоо менен башталат, дене ысып, температура көтөрүлөт. Грипптин бардык белгилери сыяктуу жөтөл, чүчкүрүк күчөйт. Пневаниянын белгилери өтө ылдам боло баштайт. Убагында билип, дарыгерге көрүнүү өтө маанилүү.

Би-Би-Си: Коркунучтуу вирустан сактануу боюнча Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун негизги сунуштары кандай?

Н. Артыкова: Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму оорунун алдын алууга кеңеш берет. Эң башкы сунушубуз колду бат-бат самындап жууп туруш керек. Эл көп чогулган жерде жана бөлөк адамдар менен сүйлөшкөндө беткаптарды кийип жүрүш керек. Сактыкта кордук жок демекчи, жакындар менен деле кучакташып, өбүшпөй эле койгон жакшы. Эл көп чогулган жерге барбай, саякатка чыкпай эле кое туруу туура.

Би-Би-Си: Кыргызстандын жашоочуларынын эң көп берген суроосу кутурган вирустан сактануу үчүн эмдөө чараларын каяктан жана кантип алыш керектиги тууралуу болууда.

Н. Артыкова: Жаңы вируска каршы эмдөө вакцинасы табыла элек, ошондуктан Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму сунуштап жаткан жеке түрдөгү сактануу чаралары азыркы учурда эң эффективдүү чаралар болуп саналат.

Би-Би-Си: Кыргызстанда корона вирус каттала элек, бирок баары бир Кытайдын жанындагы өлкө болуп жаткандан кийин айрым бир деңгээлде коркуткан маалымат тарап жатат. Элдин оюн тынчытыш үчүн кандай маалымат зарыл деп ойлойсуз?

Н. Артыкова: Дүрбөлөңгө түшүүнүн, албетте, кереги жок. Анткени кесипкөй адистер баары бул маселени карап жатат. Журналисттер чын маалымат булактарын гана пайдаланышы керек. Бул жагынан Кыргызстанда чоң иш жасалып жатат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бардык өкмөттүк түзүмдөр жана бейөкмөт уюмдар менен тыгыз иш алып барууда. Жакында эле эл аралык кеңешме өткөрдүк. Ар ким Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө өз убагында жардам көрсөтүү боюнча өзүнүн ролун жана милдеттерин тактап алды.

Азыркы учурда биз жекече сактануу жолдоруна керектүү болгон медициналык каражаттарды сатып алуу боюнча иштеп жатабыз. Бир эле учурда биз адистер менен өзүнчө иш алып баруудабыз. Жакында биз абдан коркунучтуу инфекция учурунда дарылоо иштери боюнча клиницист адистерди жана анестезиологдорду окутууну өткөрдүк. Ал эми эпидемиологдорду изилдөө иштерин туура жүргүзүүгө окуттук.

Ошол окуулар боюнча ДСУнун эки колдонмо китепчесин чыгардык. Азыр биз аларды көбөйүп чыгарып, ар дарыгердин, ар бир адистин колуна жеткирүү иштерин аткаруудабыз. Ошондой эле биз Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы кеңсесинен жаңы көрсөтмөлөрдү күтүп жатабыз. Көрсөтмөлөр келер замат күн-түн дебей иштеп жаткан котормочуларыбыз кыргыз жана орус тилдерине которуп, жарыялап жатабыз.