You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
С. Жээнбеков: "Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан Гүлнара Касмамбетова"
"Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында мамлекеттик сыйлыктарды жана ардактуу наамдарды тапшыруу салтанаты болду. Сыйлык алгандардын алдыңкы катарында "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" наамына татыктуу болгон Би-Би-Си Кыргыз кызматынын редактору Гүлнара Касмамбетова да бар.
«Бакубат жашоонун, келечектин, кубаттуу өлкөнүн бир гана тиреги - эмгек!»,-деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков 19-сентябрда «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында мамлекеттик сыйлыктарды жана ардактуу наамдарды тапшыруу аземинде.
"Кыргыз Республикасынын Баатыры" жогорку наамы кыргыздын залкар мамлекеттик ишмерлери Төрөбай Кулатов менен Султан Ибраимовго көзү өткөндөн кийин ыйгарылды.
"Бул эки улуу инсандай жалпы элдик урматтоонун символуна айланган жетекчилер аз. Бүгүнкү жетекчилер Султан Ибраимов менен Төрөбай Кулатовдой болууга умтулушубуз керек. Төрөбай Кулатовго жана Султан Ибраимовго ыйгарылган өлкөбүздүн эң жогорку сыйлыгы - "Кыргыз Республикасынын Баатыры""деген бийик наамды жана "Ак шумкар" өзгөчө белгисин алардын балдарына тапшыруу мен үчүн зор сыймык",-деди куттуктоо сөзүндө Сооронбай Жээнбеков.
Көрүнүктүү актриса Жамал Сейдакматова, атактуу комузчу Самара Токтакунова, Кыргыз эл акыны Надырбек Алымбеков жана окмуштуу Мухаммаджан Мамасаидов "Манас" ордени менен сыйланышты.
Жазуучу Кубатбек Жусубалиев "Кыргыз эл жазуучусу", акындар Карбалас Бакиров жана Абдыжапар Эгембердиев "Кыргыз эл акыны" деген ардактуу наамга ээ болушту.
Би-Би-Си Кыргыз кызматы уюшулган күндөн тартып жыйырма жылдан ашык убакыттан бери аны жемиштүү жетектеп келаткан редактору Гүлнара Касмамбетова "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" деген ардактуу наамга татыктуу болду.
"Кыргызстанды дүйнөгө таанытып жаткан, дүйнөлүк Би-Би-Си корпорациясынын кыргыз бөлүмүнүн башчысы Гүлнара Касмамбетованын эмгегин жогору баалайбыз"-деди Сооронбай Жээнбеков.