Түркия орус аскерий учагын атып түшүрдү

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Түркиянын аскерий учактары Сирия менен чектешкен аба мейкиндигинен Орусиянын аскерий учагын атып түшүргөнү кабарланууда.

Түрк аскерий жетекчилери орус пилоттору Түркиянын аба мейкиндигин бузуп жатканы тууралуу эскертүүлөргө баш ийбеген соң,Түркиянын F-16 учактары аларды атып түшүргөнүн билдирген.

Интернетке жарыяланып кеткен видеодо аскерий учак Латакия провициясындагы аймакка кыйрап түшкөнү көрүнөт. Түрк телеканалдары "Анадолу" агенттигинин видеосун көргөзүшүүдө.

Орусиянын коргоо министрлиги Су-24 истребители кыйраганын тастыктады. “Бүгүн Сириянын аймагында Су-24 орусиялык авиагруппасынын учагы кыйрады. Учак жерен атып түшүрүлгөнү божомолдонууда”,- деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Орусия тараптын маалыматы боюнча, пилоттор катапульт жолу менен учактан секирип кеткен, бирок алардын тагдыры белгисиз.

Орусиянын коргоо министрлиги Су-24 Түркиянын аба мейкиндигин бузган эмес деп эсептейт. Орусия сентябрь айынан соңунда Сирия президенти Башар Асаддын каршылаштарын бутага алган аба соккуларын баштаган.