Хижабды чечип ыргыткандар: “Мен өзүм каалагандай кийинүүнү кыялданчумун”

Сүрөттүн булагы, Supplied
- Author, Фаранак Амиди
- Role, BBC World Service
- Published
Кээ бир мусулман аялдар үчүн хижабды чечип салуу оор тандоо болушу мүмкүн. Алар өз үй-бүлө мүчөлөрүнүн каршылыгына туш болуп, өз жамааттары батырбай коюшу ыктымал.
Ирандын парламенти жаңы эле талаштуу мыйзам долбоорун кабыл алды. Ал мыйзамда катуу дресс-кодду сактабаган аялдар менен кыздардын абак мөөнөтү узартылып, айып пулун көбөйтүү каралган.
Бул мыйзам долбоору Иранда аялдар көчөгө чыгып хиджабын чечкен кеңири нааразылык акцияларынан кийин кабыл алынды.
Ал акциялар Махса Амининин адеп-ахлак полициясынын камагындагы өлүмүнөн улам тутанган. Махса Амини хиджабын өтө ачык кийгени үчүн камакка алынган эле.
Дүйнө жүзүндөгү бир миллиардга жакын мусулман аялдардын көбү үчүн хиджаб кийүү алардын өз тандоосу. Бирок хижабын чечүүнү каалагандар үчүн кысымды жеңип өтүп, ошол чечимди кабыл алуу бир нече жылды талап кылышы мүмкүн.
"Мен жумасына бир күн аялдар гана көчөгө чыга ала турган болсо жана ошол кунү биз каалагандай кийине турган болсок деп кыялданчумун," - дейт Рибелл, аты өзгөртүлдү.

Сүрөттүн булагы, Mahsa Amini family
Аны тогуз жашында Ирандын борбору Тегерандын жанынжагы шаарчада жашаган үй-бүлөсү чадра кийүүгө мажбурлаган. Бул хиджабдын эң консервативдүү түрлөрүнүн бири жана баш менен денени толугу менен жабат.
Алты жашынан тарта ата-энеси аны оронууга даярдап келишкен.
"Алар мага хиджаб кийишим керек экенин, бул менин Кудай алдындагы милдетим, эгер баш тартсам, өлгөндөн кийин түбөлүк жазага тартыларымды жана ата-энемди жаманатты кылып, аларды капа кыларымды айтып жатышты." - дейт ал Би-Би-Сиге.
Рибелл азыр 23 жашта. Ал Тегерандан кетип Түркиядан башпаанек сураган, ал жакта татуировка тарткан сүрөтчү болуп иштейт. Рибелл бала кезинде кыска шым, футболка кийүүнү кыялданчумун дейт. Ал ата-энесинин айткандарынан коркконун эстейт.

Сүрөттүн булагы, Supplied
"Мен дайыма өзүмдү күнөөлөгөн сезим менен жашадым. Андай сезим кайдан келгенин билген эмесмин, бирок ал бар болчу", - дейт ал.
Анын айланасында хиджабдын орточо түрүн кийген башка кыздарга көзү күйчү.
Иранда коомдук жайларда хиджаб кийүү милдеттүү, бирок жеке чогулуштарда жана үйлөрдө көптөгөн аялдар аны кийишпейт. Рибеллдин үй-бүлөсү абдан динчил жана эскичил болгон.
"Апам мага өспүрүм курактагы ага-инилериңдин көзүнчө колуң менен бутуңду ачык көрсөтпө, бул алардын күнөөгө батуусуна себеп болушу мүмкүн деп айтчу", - дейт ал.

Сүрөттүн булагы, Supplied
Рибелл 17 жашка чыкканда, ата-энеси аны диний мектепке киргизишкен.
"Же ошол жерде окушум керек болчу, же күйөөгө чыгышым керек болчу,"- дейт ал.
Рибеллдин айтымында, ал мектепти жек көрчү, андагы окуу планы аялдарга карата тескери ойдо жазылганын аңдаган. Бул анын хижабка болгон ишенимин жок кылган.
Бир күнү Рибелл хижабдан баш тартууну чечти. Ал жаңы боёлгон чоктой кызыл чачтарын көрсөтүп, башына жеңил жоолук таштап, этеги тизесинен бир аз жогору пальто кийип чыкты. Диний окуу жайынын жетекчиси ата-энесине телефон чалып, кызыңарга "сойкуга окшоп" көчөдө жүрүүгө жол бербегиле деп айткан, - дейт Рибелл.
Чоң энеси алардын үйүнө телефон чалып, ата-энеси кызын "үйдөн чыга албай турган кылып буттарын сындырсын" деп айткан. Рибеллдин айтымында апасы "Кудай сенин жаныңды алса болмок, үй-бүлөбүз мынчалык кыйналмак эмес" деп тилеген. Кордук улана бергенде, Рибелл өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган. Ал ооруканада эсине келип, атасы керебеттин баш жагында ага кыйкырып жатканын көргөн. Акыры ал Ирандан чыгып Түркияга барууну чечти. Учурда Рибелл ал жакта хижабы жок, ачык жашайт. Ал үй-бүлөсү менен байланышпай калган. Рибеллдин окуясы экстремалдуу болушу мүмкүн, бирок бул жалгыз ушундай окуя эмес.

Сүрөттүн булагы, Supplied
Египеттик-америкалык феминист активист жана жазуучу Мона Элтахавинин үй-бүлөсү Рибелдикиндей катаал болбосо да, ага хижабын чечүү кыйын болду. Ал тогуз жыл хижаб кийип, "анын сегиз жылын хижабды чечүүгө аракет кылып өткөрдүм" дейт. Хижабды чечүү абдан оор болгондугунун себептеринин бири, анын үй-бүлөсүнүн каршылыгы болгон. "Акыры кайрат-күчүмдү топтоп, хижабымды жарым-жартылай салынып үйдөн чыгып кеттим. Толугу менен чече албай койдум", - дейт ал, күлүп.
Ал хижабын чечкенден кийин көпкө чейин өзүн ыңгайсыз сезип жүргөн.
"Мурда хижаб кийгенимди башкаларга айтуу үчүн мага бир нече жыл керек болду, анткени мен аны чечип салганымдан абдан уялчумун" дейт.
Аялдардын өз денесине болгон укуктары тууралуу "Жоолук жана кыздык белги" аттуу китебин жазган Мона Ирандагы нааразылык акцияларына жакындан байкоо салып келди.
Ал акцияларда аялдар "Аял. Жашоо. Эркиндик" деп кыйкырып, хижабын чечип, өрттөп же асманга ыргытып жатышты.

Сүрөттүн булагы, Supplied
Монанын айтымында, Иранда болуп жаткан окуялар жөн гана саясий өзгөрүүлөргө чакыруу эмес.
"Мамлекет эркектерди да, аялдарды да эзип жатканы чын, - дейт ал, - бирок көчө, мамлекет жана үй, баары биригип аялдарды жана жыныстык азчылыктардын өкүлдөрүн эзишет. Ирандык аялдардын милдеттүү түрдө хиджаб кийүүгө каршы күрөшү - ошол үчөөнө каршы күрөш".
Би-Би-Си Ирандын ичиндеги динчил жана консервативдүү үй-бүлөлөрдөн чыккан бир катар аялдар менен маектешти. Акыркы көтөрүлүштөн кийин алардын үй-бүлөлөрү хижапты чечүүнү колдой башташканын айтышкан.

Сүрөттүн булагы, Supplied
Ирандагы нааразылык акцияларынан шыктанган мусулман аялдардын бири - Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматынын журналисти Белла Хасан. Ал Сомалинин борбору Могадишодо төрөлүп-өскөн жана хижаб кийип чоңойгон. 2022-жылы Ирандагы нааразылык акциялары туу чокусуна жетип турган учурда жана Лондондо бир жыл жашагандан кийин, ал хижабын чечип салган.
"Менин көптөгөн ирандык досторум бар. Алар мага аялдар өздөрү каалагандай жашоо укугун коргоп жатканы тууралуу маалымат берип турушту. Бул мени өзгөчө шыктандырды," - дейт ал.
"Мен эми Могадишодо эмесмин, мен Лондондомун. Өзүм каалаган нерсени кыла алам деп ойлодум."
Белланын Могадишодогу үй-бүлөсү анын хиджабдан баш тартуу чечимине нааразы болгон, бирок анын тандоосун сыйлашкан.

Сүрөттүн булагы, Supplied
Белланы Би-Би-Синин журналисти катары Сомалиде көбү таанышат. Анын бул чечими катуу нааразылыктарды жаратып, аны хижабды чечпей, дагы күтө турсам болмок окшойт деген ойлорго түрттү.
"Мен өз жамаатымдан бөлүнүп калгандаймын, өзүмдү коопсуз сезбей калдым," - дейт ал.
"Хижабымды чечкенден кийин мени өлтүрүп, зордуктап кетебиз деген коркутууларга дуушар боло баштадым. Бейтааныш эле эркектер мени уяткарып, сындай башташты."
"Хижаб кийбеген аялдар үчүн атайын жаза жок. Куранда алар менен Кудай өзү эсептешери айтылат, бирок менин өлкөмдүн мусулман эркектери мени менен Кудайдын ордуна өздөрү эсептешүүнү чечишкен," - деп кошумчалайт ал.
Белла Сомалиде хижабдын тамыры абдан терең экенин жана хижаб кийүүнү каалабаган көптөгөн аялдар аны эч качан чече алышпасын айтат.
"Мен бир күнү менин өлкөмдөгү аялдар башкалардын, өзгөчө эркектердин каалаганын аткаруунун ордуна, өздөрү каалаганын кылууга кайратын жана эркин көрсөтөт деп үмүттөнөм," - деп билдирди Белла.































