50 жылга чейин ижара. Жер маселесинен чыккан талкуу

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Айдай Аманкулова
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын кабарчысы
- Published
- Окуу убактысы: 5 мүнөт
Кыргызстанда жер тилкелерин инвесторлорго 50 жылга чейин ижарага берүү демилгеси коомчулук арасында кооптонууларды жаратууда. Тредсте бул маселе өзгөчө талкууланып, шоу-бизнесте жүргөн блогерлерге чейин үн катышты. Президент болсо түшүндүрмө берип, чет элдиктерге жер сатылбай турганын айтты. Аткаруу бийлигинин өкүлдөрү муну айрым саясатчылардын элди козутуу аракети деп бааласа, саясатчылар бул маселе өтө кылдаттыкты талап кыларын белгилеп, пикирин айткандарды опузалоо, камоо оң натыйжа бербей турганын эскертишүүдө.
Дем алыш күндөрү Тредс социалдык түйүнүндө эки негизги тема талкууланды. Бири - мээ кайнаткан ысык. Экинчиси - чет элдик инвесторлорго жерди 50 жылга чейин ижарага берүү.
Шоу-бизнес тармагындагы белгилүү блогер Мээрим Төлөпберген улутчул эместигин, бирок Кыргызстандын жерлерин коңшуларга ижарага берүү кооптондуруп жатканын жазды:
"Акыркы жаңылыктардан жерлердин 49 жылга ижарага берилип турганын окуп, чынында жүрөгүм ооруду. Анткени бизге, кыргызстандыктарга, дүйнөдөгү бир да өлкө тең укуктуу шартта өнүгүшүбүз үчүн мынчалык чоң аймактарды же жер тилкелерин эч качан берген эмес".
Тредстеги дары бир колдонуучу: "Кыргызстандын жерлери 49 жылга ижарага берилип жатканы тууралуу жаңылыктарды уккан сайын ичим тызылдап кетип жатат. Бул чечим чындап эле өлкөбүздүн өнүгүшүнө кызмат кылып, келечекте кандайдыр бир көйгөйлөрдүн башатына айланып калбаса экен деп абдан үмүттөнөм", - деп жазды.
Социалдык тармактарда ушул өңүттөгү же болбосо мындан да курч жазылган посттор абдан көп.
"Чет элдиктерге жер сатылбайт"

Сүрөттүн булагы, president.kg
Бул маселе кызуу талкууланып жатканда президент Садыр Жапаров "Кабар" мамлекеттик агенттигине маек куруп, түшүндүрмө берди. Ал Кыргызстандын жерлери чет элдиктерге сатылбай турганын айткан.
Жапаров тышкы инвесторго жерди узак мөөнөткө ижарага берүү Кыргызстанда көп жылдан бери колдонулуп келаткан норма экенин белгилеп, азыр бул норманы заман талабына ылайыктап, инвестордун жоопкерчилигин күчөтүү аракети көрүлүп жатканын жүйө келтирген:
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Бишкектеги "Vefa Center", "Beta Stores" сыяктуу инвестициялык долбоорлор дагы дал ушундай узак мөөнөттүү ижара механизминин негизинде ишке ашкан. Алар бүгүн мамлекеттин мыйзамынан тышкары өз алдынча жашап жаткан жери жок. Тескерисинче, миңдеген жарандар иштеп, жүздөгөн ишкерлер бизнес жүргүзүп, мамлекетке туруктуу салык төлөп жатышат. Имаратын көтөрүп кетишкен жок. Көтөрүп кете да албайт. Эң башкысы, Кыргызстандын мыйзамдары боюнча чет өлкөлүк жарандар же чет элдик компаниялар жер тилкесине менчик укугун ала албайт. Жер кодексинин түз талабы ушундай. Алар белгилүү мөөнөткө ижара акысын төлөп, пайдалануу укугун гана алышат. Жер мамлекеттин менчиги бойдон калат. Ошондуктан бүгүн бул маселени "жаңы мыйзам чыгып, эми жерди чет элдиктерге берип жатышат" деп көрсөтүү чындыкка дал келбейт".
Президент инвестициялык келишимде канча каражат салынышы керектиги, курулуш качан башталып, качан пайдаланууга берилери, канча жумуш орду түзүлөрү, инвестициянын көлөмү жана мамлекетке түшө турган салыктар так көрсөтүлөрүн белгилеген.
"Аткаруу бийлигинде Садыр Нургожоевичтен башка киши жокпу?!"

Сүрөттүн булагы, social
Бул арада мурдагы депутат Балбак Түлебаев аткаруу бийлигин түшүндүрүү иштерин жакшы жүргүзбөй жатат деп айыптады.
"Менин жиним келгени, аткаруу бийлигинде Садыр Нургожоевичтен башка киши жокпу? Мамлекеттик катчы каякта? Тышкы иштер министрлиги каякта? Башка министрликтер элге түшүндүрбөйсүңөрбү?! Канча чет өлкөлүк жаран кирди турист болуп, канчасы чыгып кетти? Канча чет өлкөлүк жаран кайсы жерде – Нарында, Көлдө, Таласта, Чүйдө, Ошто иштеп жатат. Алардын виза мөөнөтү качан бүтөт? Ошону түшүндүрүп бербейсиңерби?!
Түлебаев айрым адамдар "чет элдик жарандарга батир сатып алууга укук берген мыйзамды сен киргизгенсиң деп" сындап жатканын ырастап, Баш мыйзам боюнча, Кыргызстанда чет элдиктерге жер сатылбай турганын, 49 жылга ижарага берүү механизми гана бар экенин билдирди.
"Балбак деген Ысык-Көлдө жердин баарын сатып жиберди. Квартира алып, кытайлар Бишкети каптап кетти дешүүдө. Бир гана Ысык-Көлдө батир же мүлк алганга уруксат берилген эмес, калган жакта көптөн бери эле бар болчу. Мен мыйзамга өзгөртүү киргизгенге чейин эле сегиз миң жаран батир алган. Көлдүн жээгинен батир алуу гана жок болчу, убагында эмне себептен ал өтпөй калганын билбейм. Карагылачы, азыр канча мейманканалар, пансионаттар салынып жатат. Алардан орус жарандыгын алып, батир ала албай жүргөн кыргыздар алат. Ким кааласа алат. Биз деле Антальядан, Аланьядан, дүйнөнүн каалаган жеринен батир алып жатпайбызбы".
"Камаласыңар"

Сүрөттүн булагы, social
Балбак Түлөбаев түшүндүрүү иштерин жакшы жүргүзбөй жатасыңар деп аткаруу бийлигин сындап жаткан учурда Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков президент болуу дымагы бар саясатчылардын "фейктери" бул бул теманы көбүртүп жатканын жазды.
Ал өкмөт коомчулукту козутууга аракет кылган аккаунттарды аныктап жатканын белгилеп, улут аралык кастыкты козуткан маалыматтарды таратуудан оолак болууну эскертти.
"...азыртадан токтобосоңор жакын арада башчыларыңар менен кошо камаласыңар. Жогорудагы темалар боюнча таратып жаткан маалыматыңар суу кечпейт. Жалган маалыматтарды таратып, улут аралык кастыкты козуткандыгыңар үчүн мыйзам алдында жооп берип, камаласыңар. Токтоткула ушагыңарды. Темир жол бүтүп, завод-фабрикалар салынышы керек. Биз өндүрүшү өнүккөн, экономикасы кубаттуу, эмгек акылары менен жөлөк пулдары жогоруу өлкөдө жашагыбыз келет. Силерге 30 жыл алдандык. Эми алданбайбыз".
"Вирустук тема"
Саясатсы Эмилбек Каптагев кытай темасы курчугандан курчуп баратканын, андыктан сак бололу, алданбайлы" дегендей чакырыктар жетишсиз экенин, өтө терең ойлонулган, системдүү иш-чаралар зарылдыгын жазды:
"Мындай жагдайдагы маселенин себеби кимдир бирөөлөрдүн тескери аракетинде эмес, маселенин төркүнү тереңде жатат. Кечээ Нурбек туура жазды, кытай темасы "вирустук тема" деп, маселенин мына ушул жагдайына өтө чоң көңүл бөлүнүүсү зарыл. Бул теманы "кытайды жаздың" деп опузалоо, аларды суракка алуу же камап, соттоп жиберүү менен токтотуу мүмкүн эмес... Грипп болуп мурдунан суу куюлуп жаткан кишинин хирургдар мурдун кесип таштаса грипп айыгып кетпейт да..."
Мындар мурдараак юрист Нурбек Токтакунов кытай маселеси маанилүү экенин, аны терең изилдеп, жүйөлүү, ырааттуу сын көз караш менен талдоо зарылдыгын билдирген. Ал бул теманы улуттук кызыкчылыктар үчүн эмес, башка максаттарды көздөгөн күчтөр да өз пайдасына колдонууга аракет кылышы мүмкүн экенин эскерткен:
"Ошондуктан Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы расмий жана расмий эмес макулдашуулардын чоо-жайын кылдат иликтөө менен бирге, кырдаалды атайылап курчутууга аракет кылган күчтөрдүн жетегине ээрчибөө да абдан маанилүү. Муну аткаруу туңгуюктун үстүнө тартылган аркан менен баскандай эле оор экенин моюнга алам. Бирок кырдаалды ушундай чекке өзүбүз биргелешип алып келдик".
Чет элдиктерге жерди ижарага берүү маселеси эмне үчүн азыр талкууланып жатат?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
14-июлда Министрлер кабинети "Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомго өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган. Документ 24-июлга чейин коомдук талкууда болот.
Токтомдун 55-пункту ушундай редакция менен толуктоо сунушталган.
"Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимин (тапшырмасын) аткаруу максатында улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында капиталдык объекттерди долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо үчүн жеке жана юридикалык жактарга, анын ичинде чет өлкөлүк жактарга, 50 жылга чейинки мөөнөткө бир жолку төлөмдүн негизинде акы төлөнүүчү мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга" берүү каралсын.
Бул сунуш чет элдик жарандар канаттууларды тузакка түшүрүп, балыктарды ток менен кармашып, көл жээгине автоунаасы менен киришип, котормочу кызга зомбулук көрсөтүшүп, бир нече бейбаштык фактылары аныкталган учурга туш келип, коомчулукта талкууга жем таштады.
Садыр Жапаров соңку маегинде акыркы айларда эле мыйзам бузган 3000дей чет өлкөлүк жаран өлкөдөн чыгарылганын, жакында дагы100гө чукул жаран депортация болорун айткан.
Президенттин маалыматы боюнча акыркы бир жарым жыл ичинде Кыргызстанга 370 миңден ашуун кытай жараны туристтик виза менен келип кеткен.
Бул арада бүгүн, 20-июлда "Алтынкен" кыргыз-кытай ишканасы тоо боорундагы жазууну өчүрүү иштери башталганын билдирди.
Тоодо "Алтын да керек, кумүш да керек, бирок жакшынакай тоолор менен суулар да керек" деген сүйлөм кыргыз жана кытай тилинде жазылган. Компания бул 2015-жылы эле экологияны сактоого чакырык иретинде жазылганын, эч кандай саясат жок экенин түшүндүрдү.
Мурдараак чет өлкөдө жашаган активист Самат Кушбек жазуунун спутниктен алынган сүрөтүн жарыялап, аны социалдык тармактын коолдонуучулары ар кандай чечмелеген болчу.
































