Талибан сулуулук салондорун да жапмай болду

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Николас Йонг
- Role, BBC News, Singapore
- Published
Талибдер Афганистандагы чачтарачкана менен сулуулук салондорун жабуу жөнүндө буйрук чыгарышты. Адеп-ахлак министрлигинин өкүлү Би-Би-Сиге буйрукту аткарууга 2-июлдан тарта бир ай мөөнөт берилгенин билдирди.
2021-жылы талаибдер бийликке келгенден бери өлкөдө аялдардын эркиндиги менен укуктары кыскаруунун үстүндө болууда.
Алар өспүрүм кыздарга жана аялдарга мектепке, спорттук залдарга жана парктарга барууга тыюу салышкан. Ал эми жакында БУУнун уюмдарында иштөөгө да болбойт деп чечишти.
Талибдердин талабы боюнча аялдар көзүнөн башка жагын баарын жаап жүрүшү керек жана эгер 72 км алыс чыга турган болсо тууган эркектер коштоп жүрүүгө тийиш.
Аялдар, укук коргоочулар, активисттер жана эл аралык уюмдар канчалык каршы болуп айыптаган менен катаң чектөөлөр күчүндө кала берүүдө.

Сүрөттүн булагы, AMIR QURESHI / AFP
Талибдер 1996-2001-жылдары биринчи жолу бийликке келгенде да сулуулук салондорун жаап салышкан. 2001-жылы АКШнын аскери киргенде алар кайра ачылган болчу.
Аялдардын бири талибдердин кезектеги буйругуна жооп кылып Би-Би-Сиге анонимдүү түрдө: «Талибан аялдарды эң негизги укуктарынан ажыратты» деп айтты.
«Алар аялдардын укуктарын бузууда. Жаңы чечим менен алар эми аялдардын башка аялдарга кызмат кылышын да ыраа көрүшпөдү. Мен бул жаңылыкты укканда аябай кыжаалат болдум».
«Талибдер аялдардын денесинен башка көңүл бура турган эч кандай саясий пландары жок окшойт. Алар аялдарды коомдук турмуштун бардык деңгээлинен сүрүп чыгарууда».
Эки жыл мурда америкалык аскерлер чыгып кетип, талибдер бийликти алгандан кийин сулуулук салондору ачык иштеп келаткан. Бирок дүкөндөрдүн витринасын жаап салып, салондордогу аялдардын сүрөтүнө боек чачып коюшкан.
Талибандын өкмөтү сулуулук салондорун жабууга эмне негиз болгонун түшүндүргөн да жок, салондордун ордуна башка сунуш да берилбеди.
Атын айткысы келбеген дагы бир афган келин өзүнүн достору Кабулда жана башка шаарларда чачтарачканалардын жабылып жатканын ырастаганын билдирди.
«Бул афган аялдарынын жан дүйнөсүн эңшерген жаңылык»,-деди ал Би-Би-Сиге. «Мен көчөгө чыгып, менин районумдагы бардык салондор жабылганын көрүп келдим». (КС)

































