"Акыйкатсыздыкка кайдыгер болбогула": Азимжан Аскаровдун жесиринин кайрылуусу

Өткөн жылы абактан каза тапкан укук коргоочу Азимжан Аскаровдун жесири Хадича Аскарова коомчулукка кайрылуу жасап, өлкөнү эң оболу мыйзамдуулук менен акыйкаттыкка чакырды.
"Менден: Сиз күчтү кайдан аласыз деп сурашат. Мен, бул менин Азимжаныма болгон чексиз сүйүүм, аны кесипкөй, адам укугун коргоочу катары терең урматтоом, ал алдыга жылдырган идеалдарга умтулуум,-деп жооп берем. Анын дүйнө салганына дээрлик бир жыл болду, өмүрүнүн он жылын камакта өткөрдү. Бирок ал мен үчүн - менин өмүр шеригим, а мен анын ишенимдүү жубайымын",-деди 16-июнда ал өзүнүн кайрылуусун окуп берип жатып.
Өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаров №47 колонияда өткөн жылы 25-июлда каза болгон эле. Ал пневмония болуп ооруп жаткан.
Ошол убакта Аскаровду бошотууга чакырып келген Европа Биримдиги анын кандай жагдайда каза болгонун тактоого чакырган эле.
"Бир дүйнө Кыргызстан" укук коргоо кыймылы жана башка жарандык уюмдар убагында Азимжан Аскаровду ден соолугуна байланыштуу эркиндикке чыгаруу жөнүндө бийлик органдарына байма-бай кайрылып келди.

Сүрөттүн булагы, ANADOLU AJENS
2010-жылдагы июнь коогалаңы учурунда милиция кызматкерин өлтүрүүгө жана массалык баш аламандык уюштурууга катышкан деген айыптар менен Азимжан Аскаров өмүр бою эркинен ажыратылган эле.
Адам укугун коргоо боюнча иш алып барган жергиликтүү жана эл аралык уюмдар дагы Аскаровко байланыштуу ишти кайра кароону анын көзү өткөндөн кийин дагы талап кылып жатышат.
Азимжан Аскаров акыр аягына чейин өзүнө коюлган күнөөнү четке кагып жүрүп өттү. Аскаровдун иши бир гана Кыргызстанда эмес, чет өлкөлөрдө да катуу сынга кабылган. Ошол эле учурда анын маселеси көтөрүлгөн сайын коомчулук арасында да нааразылык айтылып, аны актоого каршылык билдиргендер болуп жатты.
Жогорку Сот 2020-жылы июнда Аскаровдун даттануусун карап, мурдагы инстанциялардын чечимин күчүндө калтырган.
Кесиби боюнча сүрөтчү Азимжан Аскаров өлкөнүн түштүгүндө милициядагы кыйноолорду териштирип жүрүп, укук коргоочу катары таанылган.

Анын жубайы азыркы учурда адвокаттар менен бирге укук коргоочунун иштерин кайра каратып, актап чыгаруу, калган мүлкүн кантип кайтарып алуу сыяктуу иштердин үстүндө аракет көрүп жатканын билдирүүдө.
Аскаровдун жубайынын кайрылуусу 26-июнда кыйноолордун курмандыктарынын күнүнө он күн калганда жарыяланды.
"Ал жабыр тарткан кыйноолорго жана катаал мамилелерге биз да, алардын жакындары да учурады. Мен канчалаган түндөр бою уктабай, ага сарсанаа болдум, оорудум жана жабыркадым. Кыйноолор - бул абсолюттуу жамандык. Бул жамандыкты түп-тамырынан бери жок кылуу үчүн иштөө керек",-дейт Хадича Аскарова.




























