Евробиримдик: Беларус аркылуу өткөн аба каттамдарына тыюу

Published

Дүйшөмбүдө Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн лидерлери авиакомпанияларды Беларустун аба мейкиндигинен учуп өтпөөгө чакырды. Мындан сырткары Беларустун жүргүнчү учактарына Европанын аба мейкиндигинен учууга жана биримдиктин аэропортторун колдонууга тыюу салуу тууралуу маселе көтөрүлдү.

Кечээ күнү бир катар европалык авиакомпаниялар Беларус аркылуу учууну убактылуу токтотконун билдирди. Бул ирландиялык Ryanair авиакомпаниясынын Афины-Вильнюс каттамындагы учактын Минскинин аба майданына күч менен кондурулганына жооп болду. Учактын бортунда оппозициялык журналист жана блогер Роман Протасевич менен анын сүйлөшкөн кызы болгон. Учак кондурулгандан кийин алар камакка алынды. Учакта "бомба бар" деген шылтоо менен аскер учактарынын жардам ыменен кондурушкан. Минсктин аракети катуу сынга кабылды.

Биринчилерден болуп Британия беларустук "Белавиа" мамлекеттик компаниясынын аба мейкиндиги аркылуу учуусун тыюу салды. Анын артынан бир катар европалык авиакомпаниялар Беларустун аба мейкиндиги аркылуу учуп өтпөй турганын билдирди.

Улуу Британиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб "эл аралык укук одоно бузулганына" наарызылык билдирүү үчүн Беларус элчисин чакырды. Лондон Александр Лукашенкого жана анын чөйрөсүндөгү аткаминерлерге жаңы санкция киргизүүнү пландап жатат.

Латвиянын тышкы иштер министри Эдгар Ринкевич жергиликтүү радиого берген маегинде беларустун учактарына аба мейкиндигин жабуу тууралуу айтты.