You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Орусияда үйдө болгон өрт кырсыгында төрт бала күйүп кетти
Орусиянын Свердлов областындагы Бызово кыштагында өрттөнгөн үйдөн чыга албай калып, төрт бала күйүп кетти. Дагы бирөө урандылар астында деп жатышат.
"Күйүп кеткен конструкцияларды ачып караган өрт өчүргүчтөр төрт баланын сөөгүн табышты. Коңшулардын айтымында дагы бир бала урандылдар алдында жатышы мүмкүн",-деп айтылат расмий билдирүүдө.
Алдын ала маалыматтарга караганда, өрттүн чыгышына электр зымдарынын бузулушу же өрт коопсуздугунун эрежелеринин сакталбагандыгы алып келген. Өрттөнүп кеткен үй 1957-жылы жыгачтан курулган. Анын мешин жакында эле жаңы салышкан экен.
Бул үйдө көп балалуу үй-бүлө жашап жаткан, үйдө баардыгы жети бала бар болчу. Анын ичинен төртөө өрт кырсыгында каза болду.
Милиция кызматкери Горелыхтын айтымында, эки кичинекей баланы тилсиз жоодон куткарып алганга үлгүрүп калышты. Алар 2017 жана 2021-жылы туулган Ярослав менен Варя. Алар денесинин 8-10 пайызы күйүп, энеси менен бирге ооруканага жеткирилди. (КС)