You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Президенттин макулдугу эле калды": Тажикстандагы милициянын жаңы формасы
Жакында Тажикстанда милициянын жаңы формасын көрүп калышыбыз мүмкүн. Буга президенттин гана макулдугу калды.
Ички иштер министрлиги жаңы дизайндагы милиция формасын коомчулукка көрсөттү. Ал ушул тармакта иштеген аял кызматкерлер үчүн гана даярдалды. Аларга атластан тигилген кийимди сунуштап жатышат. Муну президент жактырып, макулдугун берсе анан кабыл алынмакчы. ИИМ президенттин жообун күтүүдө.
Кийим тууралуу айтсак, мындан үч жыл илгери Тажикстандын Маданият министрлиги "аялдарга кийинүү маданиятын" үйрөткөн китеп чыгарганы көптөрдүн эсинде. "Сунуштар китеби" моделдердин сүрөттөрү менен коштолуп, "жети жаштагы эселектен тартып, жетимиш жаштагы байбичеге чейин кандай кийинүү керектиги тууралуу маалымат" алат деп айтылган эле.
Китепте тажик аялдарына кандай кийимдер туура келбей тургандыгы дагы көрсөтүлөт. Министрлик тажикстандык кыз-келиндерди кара көйнөк, жоолук жана хижаб кийбөөгө үндөйт.
Эксперттердин белгилөөсүндө, тажик бийлиги ислам динине таандык деп саналган кийимдерге тыюу салуу аракетин көрүп келе жатат. Бирок президент Рахмондун чараларына карабастан, диний көз караш кийинүү жеригиликтүү тургундардын арасында кеңири тараган. Андан тышкары министрлик Батыш маданиятына таандык делген көйнөктөрдү дагы кийбөөгө үндөйт. Мисалы, кыска юбка же көйнөк жана өтө эле ачык деп саналган кийимдерге тыюу салынат.
"Буттар ачык көрүнгөн бут кийим кийүүгө, денеге чапташкан шым, көйнөктөрдү же ден соолукка зыян болгон синтетика кийимдерди кийип алып коомдук жайларга баруудан баш тартууну үндөйбүз", -деп айтылаган эле ошол кезде министрликтин расмий сайтында.
Эми милициянын катарындагы кыз-келиндер үчүн дагы атайын уни-форма сунушталды.