"ИМ" тобу кайрадан Сириянын шаарларына кайтып келдиби

Published

Өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган экстремисттик топ 2019-жылы акыркы чеби саналган Сириянын түндүк-чыгышынан сүрүлүп чыгарылгандан бери жүздөгөн террордук чабуул уюштурду. Чабуулдардын көбү Дейр эз-Зур провинциясында болду.

Сирияда изилдөө жүргүзгөн Али (аты-жөнү жана ал иштеген бейөкмөт уюмдун аты коопсуздугу үчүн өздөртүлгөн) террордук чабуулдардын статистикасын чогултту. Ал чабуулдар ар түрдүү формада болуп жатканын айтат.

"Жардыруу, уурдоо, жан кечтинин жардыруусу, баш алуу - биз чакан Дейр эз-Зур аймагында болгон террордук чабуулдар тууралуу гана айтып жатабыз",-дейт ал.

Жакында эле "ИМ" тобунун жашыруун ячейкаларынын бири автобуска кол салып, кырк адам мүрт кетти. Али экстремисттик топ өз таасирин калыбына келтирүү үчүн күрөшүн улантып, негизинен жайкын тургундар жабыркап жатканын айтат.

"Күн батканда кийин жөн жай тургундар "ИМ" тобунун согушкерлеринин колунда. Алгач тургундар коопсуздук кызматкерлерине кайрылган, алар эч чара көргөн жок. Коопсуздук кызматкерлери "ИМ" тобу менен күрөшкүдөй жетиштүү курал-жарак жок экенин белгилешкен. Кечинде Сириянын демократия күчтөрүнүн аскерлери шаарлардан чыгып кетет",-дейт Али.

Амиранын (ысымы өзгөртүлгөн) басымдуу бөлүгү күрд куралчандардан түзүлгөн Сириянын демократия күчтөрүндө бир тууганы кызмат кылат. Бул топ АКШ баш болгон коалициянын жардамы менен өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган экстремисттик топко каршы натыйжалуу күрөшкөн. Ал дагы күн баткандан кийин шаарда абал тынч эмес экенин мойнуна алды.

"Мен жашаган жерди кечинде "ИМ" тобунун согушкерлери көзөмөлдөйт. Алар шаарды каалагандай кыдырып, үйлөргө кирип, тургундарды коркутат. Бул өтө кооптуу абал, себеби Сириянын демократия күчтөрү күн баткандан кийин шаарда көрүнбөй калат. Күндүз деле көзөмөлүн жоготушту. Күн сайын бир же эки киши өлтүрүлдү деп угабыз",-дейт Амира.

Эскертүүсүз өлтүрүүлөр

Амира мурда өкмөт же Сириянын демократия күчтөрү менен байланышы бар кишилер коркунучта экенин белгиледи. Кандайдыр бир административдик кызматта иштеп жаткандарга тез арада жумуштан кетүү талап кылынат. Ал эми Сириянын демократия күчтөрүнүн катарында курал көтөргөндөр дароо өлтүрүлөт.

Дүкөн ээлери же башка бизнестерге телефон чалуулар болуп, салык төлөшүң керек деген опузалоолор болуп жатат. Айрым бизнестер беш миң долларга чейин акча которушат. Мындан баш тарткандардын үй-бүлө мүчөлөрү уурдалып же өлтүрүлгөн учурлар дагы болгон.

Амира мындай кырдаалда криминалдык топтор дагы күч алып жатканын айтат. Кылмышкерлер өздөрүн жихадчы атап, опузалоо, уурдап-тоноо сыяктуу учурлар көбөйгөн. Коопсуздук кызматкерлер алсыз болгондуктан, тургундар айрым учурда жихадчыларга кайрылып, криминалдарды токтотушат экен.

"Жакында эле үч киши "ИМ" тобунун мүчөсү экенин айтып, дүкөндөрдөн салык талап кылып жаткан. Тургундар жихадчыларга кайрылганда, алардын "ИМ" тобуна тиешеси жок экенин айтылып, үчөөнү тең өлтүрүштү",-дейт Амира.

Өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган экстремисттик топ "халифат" жарыялап, күч алып турган кезде Сирия жана Ирактын көп аймактарын көзөмөлгө алган. Алар башкарган аймак Британиянын территориясындай эле болгон. "ИМ" тобуна каршы күрөш учурунда жихадчылар бул аймактардан сүрүлүп чыгарылган, 2019-жылы март айында "ИМ" тобу талкаланды деп жарыяланган.

АКШнын мурдагы президенти Трамп "ИМ" тобу "толугу менен жок кылынды" деп кабарлаган эле. Бирок экстремисттик топ коркунуч түзүп келгени талашсыз. Өткөн жылы эле "ИМ" тобу Сирияда алты жүздөн ашуун, Иракта 1400дөн ашуун террордук чабуул уюштурду.

Бириккен Улуттар Уюмунун контр-террор багытындагы эксперти Владимир Воронков "ИМ" тобунун 10 миңге чукул согушкери бар экенин божомолдойт. Эпидемиянын айынан Ирак менен Сирияда Батыштын аскер күчтөрү чектелип, экстремисттер партизандык согуш ыкмасы менен кол салууларды уюштура баштаган.

"2019-жылы экстремисттик топ Ирак менен Сирияда талкалангандан кийин, алар кайра күч топтоп, жашыруун түйүндөрдү уюштурушту",-деп белгиледи Воронков.

Айрым адистердин айтымында, дүйнө коомчулугу Covid-19 пандемиясы менен күрөшүп жатканын экстремисттер колдонду жана абал мындан дагы начар болушу мүмкүн.

Дейр ал-Зурдун тургуну Амира болсо, тез арада чара көрүлбөсө айрым тургундар "жеңе албасаң, кошул" деген принципке таянып, экстремисттер кайрадан чоң аймактарды башкарып калышы ыктымал экенин айтат.

"Абал оңолбосо, тургундар кайрадан "ИМ" тобун колдошот. Ооба, экстремисттик топ дагы кишилерди өлтүрөт жана коркуп жашайсың. Бирок ал учурда кандайдыр бир эрежелер болгон, азыркыдай башаламандык эмес",-дейт Амира.