"600 метр тереңдикте": алтын кендеги кырсыктан аман калгандар

Published

Кытайдын куткаруучулары алтын кендеги кырсыктан кийин шахтада калган 22 кенчинин он бирин куткарып алды. Шахтадагы кырсык эки апта мурун катталган эле.

CCTV мамлекеттик каналы кенчилердин бирин алып чыккан учурду көрсөттү. Ал негизги топтон өзүнчө, башка жерде болгон экен. Алар 600 метрдей тереңдикте калып кетишкен. 17-январда тирүү экени тууралуу маалымат жеткирип, аларга тамак-аш жана дары-дармек түшүрүп турууга мүмкүн болду.

Куткарылган кенчилердин бири оор абалда, калгандары куткаруучулардын жардамы менен өздөрү басып, "Тез жардам" унаасына олтурду.

Өлкөнүн чыгышындагы "Хушань" алтын кенидеги жардыруу 10-январда болгон. Авариядан шахтанын жолдору бөгөлүп, байланыш үзүлүп калган. Жер алдында калган 22 кенчинин бирөө каза тапкан. 11 кенчи эки аптадан кийин аман-эсен куткарылды. Калган онунун дайыны билинбей жатат.

Куткаруучулар атайын тар өтмөк казып, жер алдында калгандардын дем алышына шарт түздү. Ошол өтмөк аркылуу тамак-аш жана дары-дармек берилип турду. Кийин ошол өтмөктү улам кеңейтип олтурду.Аман эсен-куткарылган кенчилер 600 метр тереңдикте, караңгыда эки апта олтурушту. Алардын экөө медициналык жардамга муктаж экени белгилүү болду. Калгандарынын абалы жакшы.

Мындай кырсыктар Кытай шахталардында көп катталып келүүдө. Анткени техникалык коопсуздук эрежелери көп сактала бербейт.

Өткөн жылдын сентябрында Чунцин шаарындагы көмүр шахтасында он алты киши, кийин декабрда 23 киши газга ууланып каза тапкан. 2019-жылы Гуйчжоу көмүр шахтасындагы жарылуу 14 кишинин өмүрүн алган.