“Жыйырма же отуз жолу ок атылды”: Венадагы террордук чабуул

Published

Дүйшөмбү күнү кечинде Австриянын баш калаасы Венада террордук чабуул болуп, эки киши каза тапты, 14 адам жарадар болду. Полиция ок аткандарды издеп, тургундарды коомдук жайлардан оолак болууга үндөдү.

Ок аткандардын бирөө камакка алынды, дагы бири полиция тарабынан өлтүрүлдү. Учурда коопсуздук кызматкерлер үчүнчү куралчанды издеп жатышат.

Австриянын канцлери Себастьян Курц окуяны "жийиркеничтүү террордук чабуул" деп атады. Ал эми өлкөнүн ички иштер министри Карл Нехаммер ата-энелерди балдарын окууга жөнөтпөй турууга чакырды.

Террордук чабуул коронавируска байланыштуу карантин чектөөлөрү күчүнө кирер алдында болду. Өлкөдө 3-ноябрдан тарта комменданттык саат киргизилет. Кечки 20:00дөн тарта таңкы 6:00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынат.

Окуянын таржымалы

Кечки саат сегизде Вена шаарынын борборунда ок чыкты деген маалымат тарай баштады. Окуяга күбө болгондор Шведенплатц аянтына жакын аймакта ок атылганын коомдук сайттарга жаза баштады. Көп өтпөй Вена шаарынын полициясы ар башка алты жерде ок атылганын тастыктады. Ошондой эле шаардагы синагогко жакын жерде куралчандар жүргөнү байкалганын кошумчалады.

Коомдук сайттарга жүктөлгөн видеолордо октун үнүн уккан кишилер качып жатканын көрсө болот.

"Октун үнүн уктук, 20 же 30 жолу ок атылды. Биз барган ресторандын терезесинен полиция жана тез жардам кызматы тизилип жатканын дагы көрдүк. Менимче, жарадар болгондор болду",-деп айтты окуяга күбө болгондордун бири.

Башка күбөлөр куралчандар тизилип, алдына чыккандарга ок жаадырганын айтышууда.

Куралчандар ким болгон?

Учурда Вена шаарында полиция ири масштабдагы антитеррордук операцияны ишке ашырууда. Шаардын негизги көчөлөрүнө блокпосттор орнотулду жана полиция тургундарды коомдук жайлардан оолак болууга үндөдү.

Андан тышкары коопсуздук кызматкерлери окуяга күбө болгондорду коомдук сайттарга видео жана сүрөт жүктөбөй турууга үндөдү. Себеби бул кадам операцияга тоскоолдук жаратышы мүмкүн.

Австриянын ички иштер министри Карл Нехаммер окуяны террордук чабуул деп атап, бир куралчан өлтүрүлгөнүн, дагы бирөө камакка алынганын тастыктады. Министр каза тапкандардын саны дагы өсүшү мүмкүн экенин белгиледи.

Учурда кеминде бир куралчан окуяга болгон жерден качып кетүүгө жетишти деген божомол бар. Ири операцияда полиция дал ошол куралчанды издеп жатышат. Өлкө чек ара көзөмөлүн дагы күчөттү.

Чабуулду уюштургандар ким экени азырынча белгисиз. Куралчандар алгач синагогдун жанында ок чыгарышкан. Бирок ал маалда синагог жана анын айланасындагы ишканалар жабык болчу. Ошондуктан жөөттөргө ыйык саналган жай террорчулардын негизги максаты эмес эле деген ойлор айтылууда.

Ал ортодо Вена шаарынын ооруканасына 15 киши жарадар болуп жеткирилген. Алардын жетөөсүнүн абалы оор.