You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Климаттын өзгөрүшү: Гренландия дагы бир ири мөңгүсүн жоготту
Гренландияда ири арктикалык шельф мөңгүсүнөн 110 чарчы килллометр аянтты түзгөн муз бөлүнүп чыкты. Спутниктен алынган сүрөттөр 79N мөңгүсү майда бөлүкчөлөргө ажырап кеткенин көрсөтүүдө.
Окумуштуулар муну Гренландиядагы өтө тездик менен жүрүп жаткан климаттык өзгөрүүлөрдүн ачык мисалы катары көрсөтүүдө.
"Бул аймактагы абанын температурасы 1980-жылдан бери Цельсия боюнча 3 градуска жогорулады. 2019-2020-жылдары рекорддук жогорку температура катталды",-деди Би-Би-Сиге берген интервьюсунда изилдөөчү Женни Туртон.
Гренландиядагы мөңгүлөр 2019-жылы өтө тездик менен ээриген. Анын бир эле себеби - күндүн катуу ысып, ачык тийиши.
79N мөңгүсүнүн узундугу болжолу 80 км, туурасы 20 км. Мөңгү 2019-жылы эле катуу жабыр тартып, терең жаракалар кеткен эле. 2020-жылдын жай айы катуу ысып, абал оорлошту. Мөңгү көптөгөн айсбергдерге ажырап кетти.
Кургак менен суунун ортосунда асылып турган мөңгүлөргө деңиздин туздуу суусу дагы зыянын тийгизүүдө. Алар жаракалардын тереңдешине алып келет. Океанографтар деңиз суусунун температурасы дагы жогорулап жатканын байкоого алышкан.
"79N - сакталып турган арктикалык шельф мөңгүлөрүнүн эң ири саналып калган эле. 2010-2012-жылдар аралыгында Гренландиядагы Петерман мөңгүсү кыскарып кеткенден кийин жогорудагы мөңгү эң көлөмдүү деп эсептелчү",-дейт Дания менен Гренландиянын Геология кызматынын өкүлү Жейсон Бокс.
Гренландиянын түндүк-чыгыш муз агымы муз катмарынын 15 пайызын жутуп алат. Андан кийин музду N79 мөңгүсүн бойлой алып келет же Захария-Истрем мөңгүсүнө алып барат.
Бокстун пикиринде, N79 мөңгүсү көпкө чейин кармалышы мүмкүн. Анткени анын алдыңкы бөлүктөрүн арал кармап турат. Мына ушундан улам ал бир аз болсо дагы стабилдүү турат. Бирок ошондой болгондо дагы шельф мөңгүлөрүнүн кургакта турган бөлүктөрү эрип жатат. Ошондуктан 10-20 жыл аралыгында бул мөңгү жок болушу мүмкүн дейт окумуштуулар.
Июлда төрт миң жылдык шельф мөңгүсү Милндин чоң бөлүгү ээрип кеткени кабарланган. Шельф мөңгүлөрү планетадан жок болуп бара жатат. Милн мөңгүсү Канаданын аймагындагы мурдагы турпатынан бузулбай турган шельф мөңгүлөрүнүн акыркысы эле. Июлдун соңунан тарта 80 чарчы километр аянтын жоготуп, тагыраагы аянтынын 43 пайызын жоготту.
Гренландиядагы мөңгүлөрдүн тездик менен эрип жатышы тууралуу маалыматтарды немис-америкалык GRACE-FO миссиясынын спутниктери берип жатат. Бул маалыматтар аркылуу 2019-жылы мөңгүлөр катуу эрип, дүйнөлүк океандардын деңгээли 1,5 мм. көтөрүлгөнү белгилүү болгон.