Иликтөө: Иранда коронавирустан көз жумгандар расмий сандан үч эсе көп

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Би-Би-Синин Перс кызматы жүргүзгөн иликтөөгө ылайык, Иранда коронавирустан каза болгондордун чыныгы саны өкмөт жарыялаган статистикадан үч эсе көп.
Би-Би-Синин колуна тийген документтерге ылайык, Covid-19 вирусунан дээрлик 42 миң жаран көз жумду (20-июлга карата статистика). Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги болсо 20-июлда 14 405 киши вирустан каза тапты деп маалымдаган. Ал эми вируска кабылгандардын саны документтерде эки эсеге көп экени көрсөтүлөт: 451 024, ага салыштырмалуу расмий жарыяланган статистика 278 827 деп айтылган.
Учурда өлкөдө коронавирустун жайлышынын экинчи толкуну жүрүп жатканы кабарланууда.
Вирус жайыла баштагандан бери эле эксперттер өкмөт тараткан маалыматка ишенбей келет. Улуттук жана региондордон алынган маалыматтар бири-бирине дал келбей жатканы дагы көп суроолорду туудурган.
Албетте, вирусту аныктоочу тесттер аз болгон айрым өлкөлөрдө чыныгы сандар кыйла жогору болушу мүмкүн экени айтылып келет. Бирок Ирандын бийлиги чыныгы сандар колунда болсо дагы, аны атайын төмөндөткөнү айтылууда.
Каяктан келген документтер?
Би-Би-Синин колуна тийген документтер өзүн ысымын жашырган булактан келген. Анда Ирандын ооруканаларына кайрылган бейтаптардын ысымы, жашы, жынысы, симптомдору, өнөкөт оорулары, бейтапканада жаткан мөөнөтү сыяктуу маалымат жазылган.
Бул маалыматты Би-Би-Си текшерип, ал так экенине далидерди тапты. Документти жөнөткөн булак катында "чындыкты дүйнөгө ашкере кылууну көздөйбүз" жана эпидемия учурундагы "саясий оюндарды токтоткубуз келет" деп жазган.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Документтеги статистика эмнени айтат?
Статистикага ылайык, Тегеранда 8120 киши Covid-19 вирусунан каза тапкан. Вирустун очогуна айланган Кум шаарында 1419 адам көз жумган. Шаардын калкын эске алганда, ар бир миң кишинин бири Covid-19 вирусунан көз жумган.
Жалпы алганда, документте көрсөтүлгөн статистика өкмөт сунуштаган сандардын тенденциясына окшош. Бирок расмий статистикадан айрым айларда беш эсеге көп.
Нооруздан кийин карантин чаралары киргизилип, вирустан каза болгондордун саны кыскара баштаган.

Сүрөттүн булагы, AFP
Майдын аягында карантин жеңилдетилгенден кийин вирус кайрадан жайылды.
Документтерде Иранда 22-январда эле вирустан биринчи бейтап көз жумганы так көрсөтүлөт. Өкмөт бир айдан кийин, февралда гана өлкөдө вирусту жуктурган биринчи бейтап аныкталганын жарыялаган.
Журналисттер жана медицина тармагындагы эксперттер коңгуроо какканына карабастан, өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирус жайылган жок деп айткан эле. Чыныгы абалды ашкерелеген документтерге ылайык, Ирандын бийлиги 19-февралда коронавирус катталды деп жарыялаганда өлкөдө вирустан 52 бейтап көз жумган эле.
Иран бийлиги эмнеге чыныгы санды жашырды?
Коронавирус жайыла баштаганда өлкөдө 1979-жылы болгон Ислам ыңкылабынын 41 жылдыгы белгиленип жана парламенттик шайлоо өтүп жаткан. Бул учурда бийлик Ислам республикасы канчалык гүлдөп жатканын даңазалоо менен алек болчу. Шайлоо алдында вирус жайылып жатат деп жарыялоо чоң тобокелчиликке алып барышы ыктымал эле.
Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаманеи коронавирусту пайдаланып, өлкөдөгү шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу аракети жүрүп жатат деп дагы айтканы бар.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Коронавирус пандемиясынан мурун Иран бир нече кризиске туш болду. 2019-жылы ноябрь айында өкмөт мунайдын баасын кескин көтөрүп, миңдегендер нааразылыгын билдирип көчөгө чыккан. Демонстрация башаламандык менен коштолуп, жүздөгөндөр каза тапкан.
Январь айында АКШ Ирандын башкы аскер стратеги, "Кудс" элиталык атайын аскер бөлүгүнүн колбашчысы генерал Касем Сулейманини өлтүрүп, Тегеран жооп кайтарган. Бул окуядан кийин Жакынкы Чыгышта согуш тутанат деген кооптонуулар айтылган эле. Ирандын аскер бөлүктөрү күжүрмөн даярдыкта турганда, армиясы ката кетирип Украинанын жүргүнчү учагын атып алган. Учактагы 176 киши каза тапкан.
Бул окуяны жашырууга аракеттенгени үчүн Иран бийлигине каршы нааразылык күчөтүп, миңдегендер көчөгө чыккан.
Дал ушул себептен Ирандын саламаттыкты сактоо министрлигиндеги мурдагы расмийи Нуролдин Пирмоазен өкмөт "чындыкты" жашырды.
"Өкмөт жакыр жашагандар менен жумушсуз калгандар көчөгө чыгат деп коркту",-деди ал.


































