Коронавирус: Иран жарандарын Covid-19 вирусуна олуттуу мамиле кылууга чакырды

Сүрөттүн булагы, Reuters
Ирандын өкмөтү коронавирустан 1135 киши көз жумганын жар салды. Соңку 24 саат ичинде 147 адам вирустан улам каза тапты.
Өлкөдө 17361 киши вируска кабылган. Иран вируска кабылгандар саны боюнча Кытай менен Италиядан кийинки эле орунда турат.
Ирандын саламаттыкты сактоо министри айрым жарандар Covid-19 вирусуна олуттуу мамиле кылбай жатканын билдирди.
"Коронавирус тууралуу маалымат кеңири тарады. Ошондуктан айрым жарандардын вируска олутту мамиле кылбаганы мени таң калтырат. Жоопкерчиликтүү бололу. Антпесек вирустун жайлышын токтото албайбыз. Мындай абалда крисиз эки айдан ашуун мөөнөткө созулат",-деди Ирандын Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Алиреза Раиси.
Ирандын жогорку лидери Хаманеи олуттуу себеп болбосо көчөгө чыкпагыла деп айтканына карабастан, Тегеран шаарынын базарларында эл жык толгон. Нооруз алдында көптөр белек жана азык-түлүк алууга шашып жатат.

Сүрөттүн булагы, EPA
Ал аңгыча президент Хасан Рухани өкмөттүн коронавируска каршы иш чараларын колдоду. Иранда коронавирус төрт апта мурун катталган, андан бери өкмөт жетиштүү чара көргөн жок деген сын-пикир айтылган эле. Мисалы, вирус кеңири жайылган Кум шаары ушул жумада гана карантинге алынды. Ыйык деп саналган Кум шаары Ирандагы вирустун чордонуна айланды.
Ирандын бийлиги дүйшөмбү күнү шаарды карантинге алуу чечимин кабыл алынгандан кийин айрым молдолор бул кадамга каршы чыгып, демонстрациялар дагы болду.
"Мечит, ыйык жайларды жаап салуу абдан татаал. Бирок бул кадамга аргасыз бардык. Бул биздин милдет",-деди президент Рухани.


Ирандын бийлиги коронавирустун так санын жарыялап жатканын айтууда. Ага карабастан саламаттыкты сактоо эксперттери Тегеран чыныгы статистиканы жашырып жатат деген пикирде. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эксперти Рик Бреннан расмий жарыяланган сан "чыныгы статистиканын бештен бирин" гана түзөрүн билдирди. Дарыгер өлкөдө тесттерди көбөйтүү зарыл экенин айтты.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Жакынкы Чыгыш боюнча башчысы Аъмед ал-Мандхари болсо региондогу мамлекеттерди маалымат менен бөлүшүүгө үндөдү.
"Айрым өлкөлөр жарандарына пандемия боюнча так, ачык маалымат берип жатат. Жарандар бул информацияны колдонуп, керектүү чараларды көрөт. Тилкке каршы, айрым мамлекеттер Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна так маалымат бербей жатат. Ачык жана так маалымат берген өлкөлөр коронавирустун жайылышын токтотууга жакындап калганын белгилеп өткүм келет",-деди ал.
Мандхари Жакынкы Чыгышта 18 миңден ашуун киши вирусту жуктуруп, 1100дөн ашуун киши көз жумганын билдирди. Региондо коронавируска катталгандардын жана көз жумгандардын көбү Иранга таандык.































