Чечендер аралашкан Франциядагы башаламандык

Published

Франциянын бийлиги Дижон шаарындагы башаламандык боюнча иликтөө жүргүзүүдө. Теги чечен тургундар аралашкан жаңжалды басуу үчүн шаарга полициянын кошумча күчтөрү жөнөтүлдү.

Шаардагы кагылышуу ишембиде башталган. Арматура, бейсбол таягын көтөргөн ондогон жаштар эс алуучу жайлардын бирине кол салганы айтылууда. Жаңжалга Түндүк Африкадан чыккандар чечен өспүрүм сабап салганы себеп болушу мүмкүн.

"Кагылышууга алып келген жагдайды аныктоо, ага катышкандардын өздүгүн тактоо жана жоопкерчиликке тартуу үчүн иликтөө иштери жүрүүдө",-деп билдирди Франциянын Ички иштер министрлиги.

Башаламандыкты тактотуу үчүн полиция көздөн жаш агызган газ колдонду. Бирок шаарда кырдаал чыңалуу абалында турат. Окуя болгон жерден алынган тасмалардан күйүп жаткан автоунааларды көрүүгө болот. Шаар көчөлөрүндө көп сандагы полиция кызматкерлери жүрөт.

Жергиликтүү басылмалар дем алыш күндөгү жаңжалдан 10 киши жаракат алганын жазды. Франс пресс агенттиги полициядагы булагына шилтеме берип, дүйшөмбү күнү кечинде дагы шаардын борбордук бөлүгүнө 150 чамалуу киши чогулганын жазды. Алардын айрымдары автоунааларга өрт коюп, асманга ок чыгарышкан.

Жергиликтүү Le Bien Public басылмасына интервью берген чечен тектүү тургундардын бири баңгизат менен шугулданган топ 16 жаштагы өспүрүмгө кол салганы үчүн өч алуу максатында эл чогулганын айтып берген.

"Биз шаарды бүлүндүрүү жана кишилерди атуу үчүн чогулган жокпуз",-деген ал.

Дижондогу кишилер бул окуяны көрүп үрөйү учту. Чечен тектүү тургундар баңгизат саткан түндүкафрикалыктарды 16 жаштагы өспүрүмгө кол салган деп айыптап жатышат. Шаардын тургундары менен эч кандай келишпестик жок экенин айтып беришкен.

Дижон - Франциянын чыгышындагы 155 миң чамалуу калк жашаган чакан шаар. (AbA)