You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Lufthansa эң ири кыскартууга барат: 26 миң адам жумушсуз калат
Германиянын эң ири авиакомпаниясы Lufthansa кризис убагындагы эң чоң кыскартууларга барганы жатканын билдирди. Жүргүнчүлөрдү тейлөөгө чыккан учактар жүзгө азайып жаткандыктан, анын натыйжасында 22 миң кызмат орду кыскарып, жалпысынан 26 миңдей адам жумушсуз калары айтылууда. Анын ичинен жарымы Германиянын өзүндөгү түзүмдөргө тийиштүү.
Авиакомпаниянын сактап калыш үчүн Германиянын өкмөтү 9 миллиард евро көлөмүндө жардам убада кылып жатат, бирок Lufthansa анын ордуна атаандаштарына айрым бир кирешелүү багыттарды бошотуп берип, компаниянын 20 пайыз үлүшүн өкмөткө өткөрүүгө тийиш.
Коронавируска каршы чектөөлөрдөн авиакомпаниялар аябай чоң зыян тартты. Глобалдык авиакомпаниялар көбүнчө ишти токтотууга мажбур болду. Башка авикомпаниялардай эле Lufthansa дагы көп жоготууга учурады, апрелде жүргүнчүлөрдүн саны 98% кыскарып кетти.
Ушул айдын ичинде авикомпаниянын менеджерлери өздөрүнүн антикризистик планын алып чыгышат. Кандай болгон күндө да бул чоң компаниянын мурдакы калыбына келиши кыйла көп убакытты алат деп жатышат.