You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Вирус согуштан коркунучтуу: Британ парламенти тарыхында биринчи жолу жыйынга чогулбайт
Британиянын коомдук палатасы шейшембиде пандемияга байланыштуу жарыяланган каникулдан кайтып келет. Бирок эл чогулган жыйын өткөрө албайт. Өзүнүн узак тарыхында британ парламенти биринчи жолу виртуалдуу жыйынга чогулмакчы.
Көп өлкөнүн парламентарийлери убактылуу каникулдан соң ишин баштады. Бирок баарында эле иш шыр жүрүп кеткен жок.
"Коомдук палата тарыхый кадам жасап, виртуалдуу процедурага өтөт. Палатанын 700 жылдык тарыхында депутаттар биринчи жолу министрлерге Zoom аркылуу суроо бере алышат",-деп кабарланды парламенттин расмий сайтында.
Коомдук палатанын спикери Линдси Хойл алды менен депутаттар премьер-министрдин жана өкмөт мүчөлөрүнүн отчетун угуп, суроо беришет деп билдирди.
Мындай адаттагы жыйындарга бир эле учурда палатанын 650 мүчөсүнүн 120 өкүлү катыша алат. Дагы элүү депутат аралыкты кармап, залда олтура алат.
Мыйзамдарды кароо жана добуш берүү кандай шартта боло турганын толук иштеп чыгыша элек.
Британ парламентинин иши мурдатан эле сайтта жакшы көрсөтүлүп келген. Айталы, жыйындардын баары онлайн көрсөтүлүп, бардык документтер оперативдүү түрдө сайтына жарыяланып турган. Анын ичинде архив документтер жана стенограмма.
Бирок добуш берүү байыркы ыкма менен жүрөт: депутаттар жыйындар залынын капталынан эки фойе аркылуу өтөт. Ошондо "эшик агалар" ким "макул" жана "каршы" экенин бирден санайт.
Эми азыркы социалдык аралыкты сактоо шартында фойеге топурап чогулуу мүмкүн эмес. Бирок бул процедураны өзгөртүү - Коомдук палата үчүн чыныгы ыңкылап болмокчу.
Британ парламенти пандемияга байланыштуу ишин 26-мартта токтоткон эле.
Бул дагы тарыхый окуя болуп калды. Дүйнөлүк эки согуштун маалында дагы парламенттин иши үзгүлтүккө учураган эмес. (AbA)