Паспорт сатуу глобалдык бизнеске айланды

Published

Бир өлкөнүн жараны болуу үчүн ошол мамлекетте төрөлүп, көп жыл салык төлөп иштеп же аны сатып алсаңыз болот. Соңку жылдары паспорт алуунун жаңы жолу пайда болду. Алардын бири инвестиция аркылуу жарандык алуу.

Учурда бул ыкма кеңири жайылууда. Элүү жыл мурун эле кош жарандыгы бар кишилер сейрек кездешчү. Азыр эки башка мамлекеттин жараны болгон кишилер абдан көп.

Дүйнөдөгү өлкөлөрдүн жарымынан көбүндө инвестиция аркылуу жарандык алуу программасы бар. Швейцариялык адвокат Кристиан Калин инвестиция аркылуу паспорт алуу глобалдык бизнеске айланып, жылына 25 миллиард долларга бааланып жатканын айтат.

Адвокат Калиндин каймана аты "Паспорт мырза" жана аны көптөгөн чириген байлар жакшы билет. Адвокат тез өнүгүп жаткан базарларда инвестиция кылган Henley & Partners компаниясынын өкүлү. Анын негизги бизнеси дүйнөнүн булуң-бурчундагы бай үй-бүлөлөргө башка мамлекеттен жарандык алып берүү.

Калин мырза мурдагы салттык жарандык деген көз караш "эскичил" экенин айтат жана аны тез арада өзгөртүүнү көздөйт.

"Азыр дүйнөдө адамды бир жерге байлаган аз гана факторлор калды. Ааламдашуу доорунда бир жерде туулуп, башка жерге көчүп кетүү абдан оңой",-дейт ал.

Адковаттын көз карашына кошулгандар абдан көп. Ошол эле учурда паспорт же жарандык адамдын улуттук иденттүүлүгү менен байланышта болуш керек деген көз карашты кармангандар, аны товар катары көрө албагандар дагы арбын.

"Бир жерде төрөлүп калганың үчүн ошол жерге байланып, ошол өлкөнүн гана жараны болушуң керек деген адилетсиздик. Бул жерде адамдын сапаты же анын таланты тууралуу сөз болгон жок. Жолуң болсо, мыкты өлкөнүн жаранысың, болбой калса кечирип кой деген канчалык адилеттүү? Жарандыкты бир клубдун гана мүчөлөрү алса болот деген ой катачылык. Коомдун өнүгүүсүнө салым кошо алгандарга жарандык берүү эмнеси менен туура эмес",-деди адвокат.

Би-Би-Си Тынч океандагы Вануату аралын мисал катары алды. Чакан мамлекет төрт жыл мурун инвестиция кылган кишилерге жарандык берүү долбоорун баштаган. Андан бери бул долбоор бюджетке эң көп акча алып келген булак болуп калды.

Вануату аралынын жарандары Европага визасыз барууга укуктуу. Ушул себептен бул өлкөнүн паспортуна кызыккандар абдан көп болду. Кызыгы, чакан мамлекеттин жарандарынын көбү паспортун өлкөгө келбей туруп эле алышат. Маселен, Гонконг шаарындагы PRG Consulting компаниясына каалагандар документин тапшырып, акчасын төлөп туруп бул мамлекеттин паспортун алууга укуктуу.

Айталы, Гонконг паспорт бизнесинин эң чоң базары. Би-Би-Си Гонконгдун аэропортунда MJ аттуу паспорт саткан агентке жолукту. Ал негизинен кытайлыктарга жарандык алып берүү менен алек.

"Алар Кытайда өзүн коопсуз сезбейт. Европага барып, ал жерде банк эсебин ачкысы келет, турак-жай сатып алып, айрымдары бизнес баштоону көздөйт",-дейт ал.

Паспорт бизнесинде атаандаштык дагы курч. Кариб аймагындагы чакан аралдардын көбү муну чоң киреше булагына айландырды. Чакан аралдардын паспорт баасы 100 миң доллардан башталат.

Дүйнөдө паспорт канчага бааланат?

  • Антигуа жана Барбуда: $100,000
  • Сент-Китс жана Невис; $150,000
  • Монтенегро; $274,000
  • Португалия; $384,000
  • Испания; $550,000
  • Болгария; from $560,000
  • Мальта; $1 миллион
  • АКШ; 10 жумушчу орун түзгөн бизнес ачылса $500,000 менен $1 миллиондун ортосу
  • Британия; $2.5 миллион

MJ айтымында, Вануату паспортун алуу тез жана оңой болгондуктан (30 күндүн ичинде жарандык алса болот), ушул мамлекеттин жарандыгын алгандар көп.

Бирок Вануатуда коррупция кеңири жайылгандыктан, Калин мырзанын компаниясы бул өлкөдө иш алып барбайт.

Кытайлыктардын көбү ага деле көңүл бурбайт. Бир нече жыл мурун Гонконгдун телеканалдары Вануатунун жарандыгы тууралуу жарнамаларды дагы көрсөткөн.

Паспорт алып берүү боюнча агент MJ Вануатунун жарандыгын алган он кытайлыктын бири гана бул аралга барат дейт. Аралда жакырчылык кеңири жайылып, жолдор жакшы болбогону менен чоң унаа айдаган жергиликтүүлөр көбөйдү.

Паспорттон тышкары бул аралда акчасын жашырган байлар дагы көп. Жакында эле Европа Биримдиги бул аралды коррупция бар үчүн "кара тизмеге" киргизген.

Вануату 1980-жылдары гана көз карандысыздыгын алган, ага чейин Британия менен Франциянын колониясы эле. Кырк жыл мурун эле бул аралдын тургундарынын паспорту жок болчу.

"1980-жылдары паспортум жок эле. Саякаттоого Франция жана Британия берген бир кагаз менен чыгып жүрдүк. Паспортко жетүү оңой болгон жок. Ошондуктан азыркы көрүнүштү жактырбайм",-дейт Барак Сопе.

Сопе мырза сыяктуу жергиликтүүлөр Кытайдан келген инвестицияга нааразы. Алар кытайлык компаниялар жергиликтүү элди ишке албайт, өз жарандарын гана алат дейт. Ошондой эле жергиликтүүлөр ата-бабалар 150 миң доллар үчүн күрөштү беле деген суроо жолдошууда.

Ага карабастан Вануатунун бийлиги бул кадамга барууга аргасыз.

"Вануатунунун долбоорун глобалдык деңгээлде алышыбыз керек. Башка мамлекеттер дагы паспорт сатып, бюджетин толтурушат. Бизде минералдык ресурстар жок. Бул долбоор аркылуу өлкөгө көп акча кирип жатат",-дейт жарандык берүү долбоорунун башчысы Билл Бани.

Паспорт берүү долбоору Вануатунун бюджетинин 30 пайызын түзөт. Демек, бул өлкө жакын арада саясатын өзгөртпөйт, дейт жергиликтүү журналист Дан МакГарри.

"Чакан өлкөбүздө мындай акчаны башка жолдор менен таба албайбыз. Ошол эле учурда биз өзүбүзгө суроо беришибиз керек - ушул үчүн күрөштүкпү? Көз карандысыздык үчүн ата-бабаларыбыздын каны ушул үчүн төгүлдүбү?"

Бул суроону Вануатудан тышкары дүйнөнүн ар бурчундагы мамлекеттер берип жатса керек. Бирок Henley & Partners компаниясынын адвокаты Kalin мырза айткандай, "инвестиция аркылуу жарандык алуу, жер которуу ааламдашуу доорундагы факторлордун бири".

Макала Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматы даярдаган "Кантип бир мамлекетти сатып алса болот?" жана "Бейишке паспорт алуу" аттуу документалдык радио берүүнүн негизинде жасалган. (AT)