Кэмерондун мемуарлары Букингемден Орусияга чейин дүрбөттү

Published

Британиянын мурдагы премьер-министри Дэвид Кэмерондун мемуарлары сатыкка чыкты.

For the Record ("Бир шилтемдер") аттуу китепке Букингем сарайы дароо эле нааразылыгын билдирди. Кэмерон китебинде бир гана британ королевасы менен болгон жолугушуулары тууралуу жазган эмес. Анда Орусиянын президенти Владимир Путин менен таанышканы жана жабык эшик артындагы сүйлөшүүлөрү тууралуу дагы сөз болот.

Би-Би-Си Кэмерондун Орусиянын лидери тууралуу көз карашы, Украинанын чыгышындагы окуялар жана Путиндин жалпы демократияга карата айтылган сөздөрүнө токтолот.

Солженицындан эргүү алуу

Дэвид Кэмерондун мемуарлары Итон, Оксфорд окуу жайындагы жаштыгы тууралуу башталып, СССРге болгон сапары менен улантылат. Бул саякаты Кэмерондун өмүрүндөгү урунттуу учурларынын бири болуп калган экен.

  • Кэмерон Александр Солженицындын чыгармасын окугандан кийин Советтер Союзуна барууга шыктанып калат. Ошентип Транссибирь магистралы тууралуу маалымат чогултуп, сапарынын маршрутун түзгөн. "Бул саякатым катуу таасирлентти",-деп жазат Кэмерон.
  • Анын сапары Находка шаарынан башталган. Аны Кэмерон "караңгы жана бозоргон шаар" деп сүрөттөйт. "Азыр эми ошол өткөн кылымдын 80-жылдардагы Советтер Союзу канчалык бозоруп көрүнгөнүн түшүндүрүп берүү абдан татаал",-деп жазган ал. Кэмерон поездде баратканда жергиликтүүлөр вагонго кирип келип, тамак-ашын алмашканын же сатып алганын эскерет. Бирге окуган досу менен чогуу Орусияга Жапония аркылуу келишкен. Жанында апельсин болгонун, поездегилер ага абдан кызыкканын жазат.
  • Дэвид Кэмерон бул саякаты учурунда СССРдегилер Батыштын музыкасына жана джинсыларына өтө кызыгат деген кеп-сөздөрдүн чын экенине таң калган. Айрым тургундар "биздин лидерлер Батыш жөнүндө жалган маалымат таратышат" деп айтканын эскерет.
  • 80-жылдары СССРге келген чет өлкөлүктөрдү топ-тобу менен өлкөнү кыдыртышчу. Кэмерон болсо өз алдынча кыдырган жана анын саякаты советтик атайын кызматтын көз жаздымында калган эмес. "Ар бир бекетке же аэропортто токтогондо бизди узун, кара пальто кийген адам тосуп алып турду. Ал биздин эмдиги сапарыбыз кайсыл тарапка уланарын алдын ала билген окшойт".

"Эски мектепте курчуган улутчул"

  • Көп жылдардан кийин "Чоң сегиздиктин" саммитинде Дэвид Кэмерон биринчи жолу Владимир Путин менен жолуккан. Өз ара сүйлөшүп калганда, Кэмерон Путинге СССРге болгон сапары тууралуу айтып берет. Москва, Ленинград, Ялта, Киев сыяктуу шаарларга барганын айтып жатканда, Путин "Ялта менен Киев менин өлкөмө кирбей калган" деп Кэмерондун сөзүн бузган. Британиянын мурдагы лидери мемуарларында ошол жолугушууну эстеп, "Ушул саамда эски мектептен курчуган улутчулдун көзүнөн Советтер Союзунун ыдыраганы боюнча жеке кайгысын көрдүм" деп жазат.
  • Кэмерон мемуарында 2008-жылдагы орус-грузин согушуна кыскача токтоло кеткен. "Агрессия менен оккупациянын ачык үлгүсү болгон",- деп жазат Кэмерон. Ошондой эле ал журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, "Эртең ким болот? Украинабы? Борбор Азиябы? Же Латвиябы?" деген суроо жолдогонун эскерет. "Саясатта келечектеги ишти болжоп айтууга болбойт деген эреже бар. Бирок айрым учурда билбей туруп эле болочокто эмне болорун айтып алган учурлар көп кездешет",-деп анализ берет Кэмерон.

"Сен мени демократияга ишенбейт деп ойлойсуң, балким сен туура айтып жаткандырсың"

  • 2013-жылы болгон Путин менен сүйлөшүүлөрүн Кэмерон Маргарет Тэтчер менен Михаил Горбачевдун жолугушуусуна салыштырып, анын тарыхтагы мааниси абдан жогору болгонун белгилейт. Британиянын мурдагы премьери Кэмерон эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Сочиге келген. Жолугушууда Владимир Путин алдындагы кагазга жазылган маселелерге бирден токтолгон экен. Путин бир учурда токтоп, кагазын жылдырып: "Мени уксаң, жөн эле талаш, дебат уюштургум келген жок. Азыр "Сирия боюнча силер жаңыласыңар" деп сен айтасың, мен сага "жок, сен жаңыласың" деп жооп берем. Мен ачык сүйлөшкүм келет, план иштеп чыккым келет",-дейт. Кэмерон орус лидеринин сунушуна абдан кубанганын эскерген.
  • Ошол эле жолугушууда Кэмерон "Биз күчүбүздү бириктирип, Сириядагы экстремисттик [Ан-Нусра] топту жок кылгыбыз келет" деп айтканда, Путиндин сөзү мындай болгон: "Жок кылгыңар келеби? Эми менин тилимде сүйлөп жатасыңар".
  • Ошол эле жылдын жай мезгилинде Путин "Чоң сегиздиктин" саммитине Британияга келген. Кэмерон орус лидерин Даунинг-стритке чакырып, кайрадан ачык сүйлөшүүлөрдү өткөрүшөт. Ошол жолугушууда Кэмерон Путин менен мамиле бекемделгенин айткан. Дал ушул сүйлөшүүлөрдө Путин тамашалап: "Дэвид, сен мени мүйүзү жана куйругу бар [шайтан] деп ойлойсуң, мен аны билем. Ошондой эле сен мени демократияга ишенбейт деп ойлойсуң... [Мени карап жылмайып күлдү.] Балким, сен туура айтып жаткандырсың".

"Путин чектен чыгып кетти"

  • Орусия менен "альянс" көпкө созулган жок. "Ага бир гана Орусия күнөлүү болду дегендин өзү чоң катачылык",-деп жазат Кэмерон. "Орусия менен мамилени бекемдөөгө болгон аракет - Европа Биримдигин Сириядагы стратегияны колдоого көндүрүү үчүн дагы жумшалган эле ",-деп эскерет ал. Британ лидери АКШнын дипломатиялык жана аскердик саясатын дагы сынга алган. "Сириядагы террордук аракеттерди жана жайкын тургундардын кыйналып жатканын эске алып, Орусияга өзү каалагандай статус беришибиз кере эле деп ойлойм. Мен ага даяр болчумун. Бирок, менимче Обама ага даяр эмес эле. Азыркыга чейин Орусияны бирдей деңгээлдеги дипломатиялык өнөктөш катары карасак, тынч жолун таба алмакпыз ".
  • Ал эми Украинанын чыгышындагы окуяларга Кэмерон "Путин Украинага аскерлерин киргизип бир гана географиялык эмес, саясий чектен дагы өтүп кетти" деп жазат.

Алдоону искусствого айландыруу

  • Кэмерондун айтымында, дүйнө жүзү Украинанын батыш тарабына көңүлүн буруп жатканда, Путин чыгыш тарабына көз салган. "Европадагы мамлекеттин территориясын басып алуу, НАТОнун босогосуна кирип келгенден кийин эмне кылуу керек? Мен көп жылдар бою бул киши менен мамилени бекемдөө үчүн болгон аракеттерди көргөм",-деп эскерет Британиянын мурдагы лидери.
  • Украинадагы окуялардан кийин Британия менен Орусиянын мамилеси сууп калганына карабастан, Кэмерон Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүп турганын мойнуна алды. Путин болсо Кэмерондун телефон аркылуу байланышына жооп берчү экен. Орусия Украинага аскерлерин жөнөткөнүнө эки күн болгондо, Кэмерон Путинге байланышыптыр. "Мен анын мотиви тууралуу эч суроо берген жокмун. Баарыбызга анык эле, Орусия Европа Биримдиги, өзгөчө НАТО сыяктуу Батыштын таасиринен кооптонду. Путин Орусия мамлекеттүүлүгүнүн идеологиясын колдоп келген".
  • "Путин үчүн алдамчылык искусстого айланган",-деп жазат Кэмерон. Украинанын чыгышындагы көйгөй тууралуу сөз кылганда, Путин "орус аскерлеринин эч тиешеси жок" деп жооп бергенин эстейт. Ал учурда Британиянын атайын кызматтары Украинанын чыгышындагы куралчандардын 60 пайызы орус аскерлери экенин далилдешкен экен.
  • Донбасстын аба мейкиндигинде жарандык учак атып түшүрүлгөндө дагы Кэмерон Путинге байланышка чыккан. "Мен Путин менен бул окуядан кийин сүйлөштүм. Кайрадан дубал менен сүйлөшүп жаткандай эле болдум. "Жүздөгөн кишилердин өмүрү кыйылды" деп айттым. Путин болсо, "Анын бизге тиешеси жок" деп жооп берди". (AT)