You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
С.Аламанов: "Чек ара кризисинде биз билбеген купуя сыр барбы?"
- Author, Азиза Марат кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
- Published
- Окуу убактысы: 3 мүнөт
Баткендеги соңку чатак чек ара тилкесиндеги элдин коопсуздугуна байланышкан оор маселени кайра козгоду. Жаңжалдардын себеби ачык эле - Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чек ара сызыгынын көп бөлүгү так эмес. Чек араны тактоо боюнча өкмөттүк комиссиянын мурдагы төрагасы Саламат Аламановго кайрылып, тактоо иштеринин улам туңгуюкка кептелип жатканынын себебин сурадык.
С. Аламанов: Тажиктердин активдешип, ар жерде улам бир иш-аракеттерди макулдашпай жасап коюп жатканы мурда кандайдыр бир убадалар берилгенби деген ойго түртөт. "Айтылган сөзгө турбайсыңар" дегендей кылып, ыдык көрсөтүп жаткандай сезилип жатат. Жаңы адамдар дайындалганда мурдагы убадалар аткарылбай калабы деп тынчсызданып жатышабы деп ойлонуп кетип жатам. Айрым жерлерге көпүрө, жолдор салынган, ошол учурда биз билбеген купуя сырлар барбы деп болжоого болот. Анткени ойлонуп көрсөң, болбогон жерден чыр чыгып жатат. "Эмне үчүн такталбаган жерде дарбыз сатасың" деп, Ак-Сайда өзүбүздүн жээктен эле шагыл алып жаткан адамдарга карата асманга ок чыгарып жатат. Кыскасы, ушундай майда учурлардан эле тутанып жатат. Биз тараптан одоно тартип бузууну мен көргөн жокмун. Бирок шектенип жаткан айрым адамдардын оюнда кенедей болсо дагы негиз барбы деп ойлоп коём.
Би-Би-Си: Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 чакырымдан ашык. Анда жетимиштен көп жер тилкеси талаш деген мурунку маалымат бар. Сиздеги маалымат боюнча кайсы жерлер такталган эмес?
С. Аламанов: Бул боюнча биз 1995-жылы изилдөө жүргүзгөнбүз. Анда коңшулар менен жаңы шарттагы сүйлөшүүлөр баштала элек болчу. Ошондо биз чек аранын, айылдардын баарын кыдырып 72 жерде түшүнбөстүк бар деп түзүп чыкканбыз. Картасы өкмөттүн архивинде туруш керек, биз өткөрүп бергенбиз. Кайсы жерлер талаш, аталыштары, эмне себептен талаш болуп калды, аянттары канча белгиленген. Сүйлөшүүлөр башталгандан кийин айрым талаштуу жерлерде чырдан качып, чарба жүргүзүп жаткандар кетип калышкан. Ошондуктан ал тилкелердин саны азайган. Азыр менин билишимче чек аранын 470 чакырымы сүйлөшүү деңгээлинде жүрүп жатат.
Би-Би-Си: Сиз кызматтан кетип жатканда (2010-жыл), акыркы маалыматыңыз боюнча канча талаш жер калды эле?
С. Аламанов: Ал жерлерди чогуу кыдырып тактайлы деген сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан. Мен кызматтан кеттим. Кийин ал уланган жок. Эмне үчүн уланбай калганын билбейм. Менин божомолумда сүйлөшүүлөр башка нукка өтүп кетти. Дипломатиялык сүйлөшүү эмес, бири-бирине кыр көрсөтүүгө өттү. Элдин арасына чыгып алып, "биз тажиктерге бир метр жерибизди да бербейбиз" деген сөз чыкты. Ошол эле күнү тажик тарап "кыргыздарга бир сантиметр жерибизди бербейбиз" деди. Бул сүйлөшүүлөрдүн эрежесине жат нерсе. Себеби, жерди беребиз-бербейбиз деген сөз чек араны тактагандан кийин чыгыш керек. Так чек араны куралдуу күч менен кайтарсын. Жанымы берем, канымы берем дегендер ошондо коргосун. Бирок тактала элек жер болсо, эки тарап тең меники деп турса, аны бербейм деп айтууга болбойт да. Анда тиги тарап да ошондой жооп берет, сүйлөшпөй эле күч сынашууга өтүп жатпайбы. Биргелешип кайсы жер такталбаганын аныктоо жүрбөй калды. Такталбаганы жер аныкталбагандан кийин сүйлөшүү майнапсыз болот. Чек араны тактоонун бир гана жолу бар - дипломатия. Жерлерди алмашалы же тең бөлүп алалы деш керек.
Би-Би-Си: Демек, талаштуу жерлердин өзү да такталган эмес. Сиз билген боюнча эң ирилери кайсылар?
С.Аламанов: Эң чоңу Ворухтун тегерегинде. Ак-Сай өзү проблемалуу экенин көрүп жатпайбызбы. Калк жык жайгашкан. Эки тараптын айылдары бири бири менен улагалаш. Керек болсо айрым жерлерде огороддору тийишип турат. Көк-Ташта, Таш-Тумшукта ошондой үйлөр бар. Кээ бир адамдардын эгемендик жылдардан бери такталбай жатат деген учуртмалары бар. Бул жараян өткөн кылымдын 1924-жылы башталган. Талашыбыз ошондон бери токтобой келатат. Союз учурунда бир нече паритеттик комиссия иштеген. Ошолор дагы бүтүргөнгө жакындап калганда союз тарап кетти. 1980-жылдардын аяк ченинде бүтүрөйүн деп калышкан. Ошондой бүтүп калса, Жогорку Кеңеш бекитип, баары мыйзамдашып калмак. Бүтпөй калып, эми улам ырбап кетип жатат. Аны ырбаткандар бар. Атайын кызмат ошолорду табыш керек эле.