Стамбул: Экинчи жолу утулган Эрдогандын партиясы

Supporters of Republican Peoples Party's (CHP) celebrate

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Шайлоодо оппозиция жеңишке жеткени белгилүү болгон соң, Имамоглунун жүздөгөн колдоочулары, көпчүлүгү жаштар көчөгө чыгып майрамдады
Published

Түркиянын бийликтеги Акыйкаттык жана өнүгүү партиясы Стамбул шаарындагы муниципалдык шайлоодо экинчи ирет утулуп калды.

Стамбулдун мэрлигине оппозициянын талапкери катары чыккан Экрем Имамоглу добуштардын 54 пайызын алды.

Март айында өткөн жергиликтүү шайлоодо Эрдогандын партиясы күтүлбөгөн жерден үч чоң шаардан утулуп калган эле. Стамбулда оппозициялык талапкер Имамоглу жеңишке жеткен. Бирок башкаруучу АК партиясы добуш берүүдө бурмалоолор болгонун айтып чыгып, шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылат. Ошентип кайра экинчи жолу шайлоо өттү.

АК партиясынан шаар мэрлигине талапкер болуп чыккан Эрдогандын жакын тарапташы, мурдакы премьер-министр Бинали Йылдырым Стамбулдагы шайлоодо утулуп калганын мойнуна алды. Ал эми президент Эрдоган шайлоодон утуп чыккан Имамоглуну куттуктады.

"Алдын ала жыйынтыктардан кийин жеңишке жеткен Экрем Имамоглуну куттуктагым келет",- деп жазды Эрдоган "Твиттер" баракчасына.

Ekrem Imamoglu

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Стамбулдун жаңы мэри Имамоглу калаа жана өлкө үчүн "жаңы баракча" ачылганын билдирди

Бул жыйынтык Эрдоган үчүн жоң сокку деп айтылууда. 17 миллион чамалуу калкы бар Стамбул өлкөнүн каржы жана экономикалык борбору саналат. Бул шаарда Эрдоган саясий карьерасын баштап, 1994-жылдагы шайлоону утуп чыгып, мэр болуп иштеген.

"Стамбулда жеңишке жеткен адам, Түркияда жеңишке жетет",-деген чакырыгы ошондо айтылган.

Стамбулдун жаңы мэри Имамоглу калаа жана өлкө үчүн "жаңы баракча" ачылганын айтып, президент Эрдоган менен кызматташууга даяр экенин белгиледи.

President Erdogan voting in Istanbul election - 23 June

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул жыйынтык Эрдоган үчүн жоң сокку болду

Шайлоодо оппозиция жеңишке жеткени белгилүү болгон соң, Имамоглунун жүздөгөн колдоочулары, көпчүлүгү жаштар көчөгө чыгып майрамдады. Алар Эрдогандан башка лидерди көргөн эмес. Эми Стамбулдун жаштары өзгөрүүлөрдү талап кылууда.

Март айындагы шайлоодо Имамоглу 13 миң гана добуш менен алдыга чыккан. Бул жолу 775 миң добуш айырма менен алдыда.

Presentational grey line

Марк Лоуэн

Би-Би-Синин Түркиядагы кабарчысы

Түркиянын эң кубаттуу лидерлеринин бири Режеп Тайип Эрдоган карьерасындагы чоң соккуга туш болду.

Шайлоонун жыйынтыгы добуш берүүнү кайрадан өткөрүү ката болгонун айгинелейт.

Эми Акыйкаттык жана өнүгүү партиясынын ичинде ажырым күчөйт деп күтүлүүдө. Буга чейин Эрдогандан кийин АК партиясынын келечеги кандай болот деген суроо коюлуп келген эле. Эрдоган 2023-жылга чейин бийликте болору анык. Бирок мөөнөтүнөн эрте шайлоо өткөрүү ыктымалдуулугун дагы эксперттер четке какпайт.

Turkish people gather to celebrate after the Istanbul mayoral election

Сүрөттүн булагы, AFP

Оппозиция кантип жеңишке жетти?

Экрем Имамоглу позитивдүү кайрылууларды жасап, элди өзүнө тартты. Өлкөдөгү негизги оппозициялык партия президент Эрдогандын агрессивдүү тактикасы менен кантип күрөшүү керектигине амал тапты окшойт.

Оппозиция 25 жылдан бери биринчи жолу Стамбулда жеңишке жетти. Колунан эч нерсе келбейт деп, сынга кабылган оппозиция "Эрдоган ыйык, кудуреттүү эмес" экенин жана аны жеңүүгө болорун көрсөттү. (AT)