Анкара, Вашингтон жана Москва мамилесин сынаган С-400
Жакынкы күндөрдө Түркияга орусиялык С-400 зениттик ракеталарынын биринчи бөлүгү келип түшөт. Вашингтон санкциялар менен коркутуп жатканына карабастан, Анкара бул келишимден баш тарткан жок деп жазды Financial Times.

Сүрөттүн булагы, EPA
С-400 системасы дрондорду, канаттуу ракеталарды жана аскер учактарын атып түшүрө алат.
АКШ бир нече ирет эскертүү бергени менен президент Режеп Тайип Эрдоган америкалыктарды угуудан баш тартып, орус куралын сатып алууда. Орусиялык ракеталарды Түркия кандай колдонот, бул тууралуу азырынча белгисиз.
Анкара менен Москванын ортосундагы С-400 үлгүсүндөгү зениттик-ракеталык комплексин сатып алуу боюнча келишимден улам АКШ өзүнүн F-35 аскер учактарын Түркияга бербей коюшу мүмкүн. Бул тууралуу өткөн айда Bloomberg жазган. АКШ башынан эле келишимге каршы болуп, Анкараны ойлонуп кадам таштоого чакырып келди. Эгерде баш тартпаса, анда америкалык F-35 аскер учагынын жаңы үлгүсүнөн кол жууп каларын эскерткен.
Бул талаштын аскердик, стратегиялык жана өндүрүштүк өңүтү бар. Ошондуктан Түркия НАТОдо жана сырткы саясатта канчалык ишенимдүү деген суроону козгоду.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Альянстын чегинде Түркиянын түштүк тилкеде жайгашкан артыкчылыгын, анын сириялык кризистеги ролун эсепке алсак, НАТО андан жүзүн үйрүп кете албайт.
С-400 зениттик-ракеталык комплекси дүйнөдөгү эң кубаттуу ракеталык системалардын бири. С-400 - системанын жалпы аталышы. Бир нече комплектациясы менен сатылат. Түркия кандай комплектацияны тандаган күндө дагы, аны региондогу НАТОнун абадан коргонуу боюнча жалпы системасына кошуп жибериши кыйын.
Орусия абадан коргонуу системаларын мыкты иштеп чыгат. Бирок орусиялык системаны НАТОнун куралдуу күчтөрү колдоно турган болсо, инструкторлор жана тейлеген адистер керек болот эмеспи. Мына ушундан кооптонуп жатышат. Бул өзгөчө америкалыктарды кабатыр кылды. Себеби Түркия америкалык F-35 учактарын дагы колдонууда. Эгерде орустар Түркиянын абадан коргонуу системасына аралаша турган болсо, анда F-35 дагы ошол чөлкөмдө турат да. Демек, баалуу чалгын маалыматтарына ээ болуп калышы мүмкүн деген чочулоо бар.

Түркия С-40 алыс аймакта жайгашат, F-35 базасына жакын болбойт деп билдирди. Албетте, орустар F-35 учагы тууралуу буга чейин эле маалыматка ээ болушу мүмкүн. Анткени Орусиянын Сириядагы радарлары израилдик аба күчтөрү колдонгон F-35 учагын байкоого алып келген.
Бирок баары бир АКШ Түркиянын бул чечимине нааразы болду. F-35 учагын жабдыган тетиктерди Түркияга берүүнү токтоткон.
Анкара менен Вашингтондун дагы бир пикир келишпестиги - сириялык күрддөрдөн улам. Ошол эле маалда түркиялык бийлик көбүрөөк авторитардык башкарууга ыктап барууда. Бул дагы альянстагы баалуулуктарга каршы келет.
Сириядагы негизги оюнчулар, айталы, Орусия сыяктуу өлкөлөр менен Түркияны тактикалык жүрүштөрү дагы жогорудагы кырдалага кошумча чыңалуу жаратууда. (AbA)































