National Geographic: Сөз менен айтып бере алгыс кооздук

Published

National Geographic сүрөт конкурсунун жыйынтыктары чыкты. Фотосүрөттөр өзүнчө эле чоң чыгарма сыяктуу.

Саякат боюнча башкы сыйлыкты Вэймин Чу алды. Ал батыш Гренландиядагы балыкчылары шаары болгон Упернавикти сүрөткө тарткан.

Фотограф соңку жылдары Гренландияга бир нече ирет келген. 2019-жылы аймактын тургундарынын жашоосун сүрөттөп берүүгө аракет кылат. Ошентип алгачкы баяны Упернавиктен башталды.

"Учакта баратканда ак кар, көк муз баскан мелтиреген түздүктөрдү гана көрчүмүн. Бул мемиреген тынчтык уялаган аймактын кооздугун сөз менен айтып бере албайсың. Мени абдан толкутту",-деп эскерет Чу.

Упернавикте болжолу миңдей киши жашайт. Калкынын саны боюнча Гренландияда он үчүнчү орунда турган конуш. Фотограф шаарды сүрөттөп бере турган кадрды кармаш үчүн алты күн шаарды аралап жүргөн.

Чунун эмгеги "Шаарлар" категориясы боюнча эң мыкты эмгек деп табылды.

"Шаарлар" категориясы боюнча экинчи орунду алган Яссен Тодоровдун эмгеги: "Авиация кылымында"

"Сан-Францискодогу эл аралык аэропортто учактар учуп-конгон төрт тилке бар. Бул аэропорттогу кыймылды тартып калуу көптөн берки кыялым эле. Ошентип уруксат алдым",-дейт фотограф.

"Шаарлар" категориясы боюнча үчүнчү орундагы фотосүрөт: "Дакканын көчөлөрү"

"Бангладеш баш калаасы Даккадагы намаз учуру. Бишва иджтима - мусулмандар чогулган негизги курултай. Жыл сайын Даккада өтүп, ага миллиондогон мусулмандар келишет",-деди автор.

"Мечиттерге киши батпай калгандыктан, көптөр шаардын негизги көчөсү - Тонгиге жыйылып келип, намазга жыгылат. Намаз учурунда шаардагы унаа кыймылынын баары кан буугандай токтойт",-деп айтып берди эмгектин автору Чаттопадхьяй.

Хуайфэн Ли "Кишилер" категориясы боюнча башкы сыйлыкты жеңди. Анын сүрөтү "Шоу башталууда" деп аталат

"Кытайдын Личэн уездинде актрисалар операга чыгардын алдында. Мен бул кишилер менен чогуу бир күн кечке жүрдүм. Гримден баштап, сахнага чыкканга чейинки түйшүгүнө күбө болдум",-дейт Ли.

"Кишилер" категориясы боюнча экинчи орун: "Күндөлүк машыгуу". Автору Йошики Фудзивара

"Бул фотосүрөт Гонконгдогу Чой Хун Хаус паркында тартылды. Күндүзү паркка келгенде кишилер абдан көп эле. Жаштар сүрөткө түшүп, баскетбол ойноп жатыптыр. Таң атпай келсем, бул жер мемиреп тынч экен. Таптакыр башка көрүнүштү берип турду. Жергиликтүү абышка күндүн нуру эми чачырап тийип келе жаткан маалда, Тайцзицюань менен алектенип жатканын тартып алдым",-дейт Фудзивара.

Үчүнчү орунга Хосе Антонио Замора "Жылкылар" аталышындагы фотосүрөтү менен татыктуу болду

"Жыл сайын Испанияда жаныбарларды тазалаган салт бар. Авила провинциясында чабандестер аттарды оттон секиртет. Мындай салт XVII кылымдан бери уланып келүүдө",-дейт Замора.

Атайын сыйлык "Маанай" атылышындагы фотосүрөткөн берилди. Автору Навин Ватса

"Мен бул фотосүрөттү Делидеги Жамна дарыясынын жээгинен тарттым. Бул тестиер эмнегедир ойлуу турат. Алдында миңдеген ак чардактар".

"Назик көздөр", автору Тамара Блазкес Хайк. "Табият" категориясы боюнча биринчи орунду алды

"Ак кажыр Испаниянын Монфрагуэ улуттук паркынын үстүнөн учуп барткан маалы".

"Ак кажырдын көзүн карап туруп, ушул куштар жамандык алып келет деп ойлогонго болобу? Табиятта булардын дагы өзүнүн орду бар. Анткени алар тарптан тазалашат",-дейт Хайк.

Дэнни Сепковскийдин бул фотосүрөтү "Табият" категориясы боюнча экинчи орунду алды

Бул эмгекте автор тоодой болгон толкунду тартып алган. Гавайдагы Оаху аралы.

"Табият" категориясы боюнча үчүнчү орунду алган фотосүрөттүн автору Скотт Портелли

Жаңы Зеландиядагы Каиокура жарым аралында тартылган сүрөт. Дельфиндин бул түрлөрү деңиз жана мухит түбүнөн сейрек учурда гана чыгат. Алар абдан ылдам сүзгөндүктөн катерлер менен жарышка чыкканга дагы даяр.

"Дельфиндин суудан чыккан уучурун сүрөткө тартып жатканда, ошондой ылдам катерде бараткан элем",-дейт автор.

Атайын сыйлык "Альпынын падышасы" фотосүрөтүнө берилди. Автору Йонас Шафер

"Тоо эчкиси бийик жерде жашаганга абдан ыңгайлашкан",-дейт Шафер.

Фотосүрөттөрдү National Geographic Travel Photo Contest 2019 сунуштады.