Тажикстан: абактагы козголоңдон 32 киши өлдү

Published

Тажикстандын баш калаасы Дүйшөмбү шаарына жакын жердеги катуу кайтарылган түрмөдө чыккан козголоңду басуу учурунда 29 адам өлдү, алардын үчөө түрмөнү кайтарган аскерлер. Козголоң чыгаргандар "Ислам мамлекети" тобунун абакта жазасын өтөп жаткан согушкерлери деп билдирди Тажикстан бийлиги.

Мындай кандуу тополоң өткөн жылы ноябрь айында да болгон эле.

Тажикстандын Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, абактагы козголоң жекшемби күнү кечки сегиз жарымда Вахдат шаарындагы №3/2 түзөтүү колониясында болду. Абак жайда кармалып жаткан "ИМ" тобунун катарындагы 30 адам козголоң чыгарган.

"Аларда бычак сыяктуу курч куралдар болгон. Качып кетүү планын ойлоп, үч офицерди барымтага алышкан. Аларды мыкаачылык менен өлтүрүштү. Андан кийин дагы башка беш адамга бычак сайып, алар да өлдү",- деди Юстиция министрлиги.

Абак жайды кайтарган аскерлер экстремисттик топтун 24 мүчөсүн атып өлтүрүп, андан тышкары 35 адамды кармады. Барымтага алынгандар бошотулду деп айтылып жатат.

Баарын эсепке алганда, бул абак жайда 32 адам өлдү. Расмий Дүйшөмбү бул окуяны уюштургандардын арасында Бехруз Гүлмурод да болгонун айтып жатат. Бехруз Тажикстандын атайын милиция бөлүгүнүн мурунку командири, "ИМ" тобуна кошулуп, аскерий жетекчиликте отурган Гүлмурод Халимовдун уулу деген маалымат бар.

Гүлмурод Халимов 2017-жылы Сирияда өлтүрүлгөн деп айтылган. Тажик бийлиги атайын операциянын жүрүшүндө Халимовдун "бир нече тууганы Сирияга кеткени жаткан жеринен" өлтүрүлгөнүн кабарлаган болчу.

Абак жайдагы соңку окуя боюнча Башкы прокуратура иликтөө иштерин баштады. Юстиция министрлиги кабарлагандай, 1500 айыпкер кармалып турган абак жайды аскерлер катуу кайтарып жатат.

Тажикстандын Хужант шаарындагы күчөтүлгөн режимде кайтарылган колонияда өткөн жылдын ноябрь айында да козголоң болуп, расмий маалыматтар боюнча 21 адам жана эки офицер өлгөн. Козголоңду "ИМ" тобу уюштурганын мойнуна алган болчу. (ErA)