Алтын жалатылган тапанчаларды кимдер сатып алат? Эмнеге керек?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күн мурун Дагестандын премьер-министринин милдетин аткарып жаткан Абдусамад Гамидовдун үйүн тинтүү учурунда алтын жалатылган ТТ үлгүсүндөгү тапанча табылганы айтылды.
Бул операция өлкө казынасынан акча уурдалган деп козголгон кылмыш ишинин негизинде жүргөн.
Маселенин башка өңүтүнө баам салалы. Алтынга бууланган куралдар тууралуу.
"Алтын тапанчалуу киши" деп аталган көркөм тасмада жалданган киши өлтүргүч курмандыгына алтын куралдан ок чыгарып, алтын окту МИ-6 агенти Жеймс Бондго алып келип беришет эмеспи.
Учурда алтынга бууланган тапанча эле эмес, автомат, ал тургай гранатометторду сатып алгандар бар экен. Эмне үчүн? Мындай куралдар эмнеге керек?

Сүрөттүн булагы, Tass
Алтын жалатылган куралдарды көбүнчө белекке беришсе же өзгөчө кызматы үчүн тапшырса, айрым учурда атайын сөөлөт үчүн буюртма берип жасаткандары дагы бар.
Баасы канча?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кадимки куралдардан эки эсе кымбат турат. Айталы, АКШдагы "Беретта" фирмасынын маашасы алтын бууланган тапанчасы кадимки чыгарылган үлгүсүнөн эки-үч эсе кымбат турат, дейт курал тарыхын иликтеп жүргөн Максим Попенкер.
Алтын жалатылган аңчылык куралдардын баасы он миңден жүз миңдеген еврого чейин турушу мүмкүн. Бул эми буюртма берген тараптын каржылык абалына жараша болот. Бирок кеп курал чыгарган ишканалар атайын мамлекет башчылары үчүн жасаган мартабалуу белектер тууралуу болсо, анда анын баасын болжоо дагы кыйын.
Белекке сатып алам дегендерге арзан варианттар дагы бар. Маселен, интернеттен Макаров үлгүсүндөгү (ПМ) жана Токарев (ТТ) үлгүсүндөгү алтынга бууланган пневматикалык тапанчаны 150-200 миң орус акчасына тапса болот.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Чылгый алтындан жасалган тапанчадан ок атса болобу?
Болот, бирок бир нече ок атууну гана жасай алат дейт Попенкер. Анткени алтын жумшак металл болгондуктан чыдай албайт.
Кымбат баалуу металл кооздук үчүн гана колдонулат эмеспи. Ошондуктан чылгый алтындан жасаганга караганда, айрым жерлерине алтын жалатып койгон түрлөрү көп болот экен.

Белгилүү кишилердин кимисинде алтын курал болгон?
Бай, акчалуу кишилерден сырткары айрым авторитардык режимдердин лидерлери, кылмыштуу топтордун анабашылары, кээде саясатчы, чиновниктер арасында дагы алтынга бууланган куралга кызыккандары бар.
Алтынга бууланган жарым автоматтык Walther PPK деген курал Адольф Гитлердин оң колу болгон Герман Герингде болгон.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Экинчи дүйнөлүк согуштун соңунда рейхсмаршал союздаштардын күчтөрүнө колго түшүп берген учурда бул баалуу буюмду бруклиндик жөөт бүлөөдөн чыккан лейтенант Жером Шапирого берген экен.
2016-жылы америкалык компания тапанчаны 250-400 миң долларга сатыкка койгон.
2011-жылы Ливиянын лидери Муаммар Каддафи бийликтен сүрүлүп, өлтүрүлгөндөн кийин, андан алтынга бууланган "Браунинг" үлгүсүндөгү тапанча жана "Драгуновдун" көзгө атар мылтыгын алышкан.
2003-жылы америкалык аскерлер Багдадка киргенде 20 даана алтын жалатылган куралды алышкан.
Алардын ичинде Саддам Хусейндин уулу Удей Хусейнге таандык алтын жалатылган "Калашников" автоматы табылган. Автоматта "атасынан белекке берилгени" жазылган.
Орусия парламентинде эки депутат мушташа кеткенде, бирөөсүнүн алтынга бууланган тапанчасы түшүп кеткени да уу-дуу кеп болгону бар. Ал депутат Адам Делимханов эле.

Сүрөттүн булагы, Родионов Владимир
Ушундай алтынга бууланган тапанча менен 2009-жылы Дубайда Орусиянын баатыры Сулим Ямадаев атып өлтүрүлгөн.
2009-жылы "Батыш" деп аталган аскер машыгуусу учурунда ошол кездеги Орусиянын президенти Дмитрий Медведев белорус президенти Александр Лукашенко менен жолугушкан. Ошондо Лукашенконун беш жаштагы уулунун курунда алтын тапанча болгон. Аны орус лидерине көрсөткөн эле. Кыргызстанда мындай алтынга бууланган куралдын эл көзүнө түшкөн учуру кездеше элек. (AbA)
































