Илимдеги жаңылыктар: эгер убакыт токтоп калгандай туюлса...

Циферблат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Published

Көпчүлүк кишилер кызыктуу китеп окуганда, жакшы баарлашууда, айтор, ушул сыяктуу көңүлү куштар болгон маалда убакыт өтө тез өтүп кеткенин айтып калат. Тескерисинче, убакыт өтпөй эле койду деп наалыган учурлар болот. Мындай учур ыңгайсыз кырдаалда, оор абалда болот эмеспи.

Жапониялык окумуштуулар Идзуми Мацуда менен Хироси Ниттоно муну текшерип көрүүнү чечти. Чынында эле бирдемени жашырганда же жалган айтканда убакыт өтпөй калгандай кабыл алынабы?

Өзүнүн божомолун текшерип көрүү үчүн Мацуда менен Ниттоно студенттер арасында эксперимент жүргүздү. Студенттер лабораториядан кандайдыр бир буюмду уурдап алышы керек эле. Анын катышуучуларына шык бериш үчүн эгер уурулугу билинбей калса, 500 йен акча сунушташты.

Андан кийин студенттерди компьютерге олтургузуп, ар кандай буюмдардын сүрөтүн көрсөтүп, "сен уурдаган бул эмеспи" деп сурашты. Сүрөттөрдү көрсөткөн учурда экспериментке катышкандар экранда канча олтурганын өздөрү аныкташты. Тапшырмада айрым студенттерге уурдаган буюмун, кээсине башка эле сүрөттөрдү көрсөтүштү. Эксперимент маалында окумуштуулар студенттерге датчиктерди коюп, алардын реакциясын байкоого алды. Экранда уурдаган буюмунун сүрөтү чыкканда нервдик чыңалуу орун алып жатты. "Күнөлүү" категориясындагы студенттерге экрандагы сүрөттөрдүн баары көпкө чейин кармалып тургандай туюлган.

"Эгерде сиз бир нерсени жашыргыңыз келсе, анда убакыт сиз үчүн өтө эле жай өткөндөй туюлат. Анткени сиз чыңалган, өтө сактанган абалда болосуз",-деп түшүндүрөт Мацуда менен Ниттоно Biological Psychology басылмасына жарыяланган эмгегинде.

Окумуштуулар эгерде лабораториялык изилдөө реалдуу шартта өтсө, жыйынтыгы кандай болорун айта албайт.

"Өзүңөр талдап көргүлө, эксперименттин катышуучулары аларга эч кандай коркунуч жок экенин, алдап койсо деле бул жөн гана иликтөө экенин жакшы билет эле. Ал эми реалдуу жашоодо такыр башкача абал болот да",-дейт иликтөөчүлөр.

Сырттан караганда жапон изилдөөчүлөрүнүн бул ийгилигин кылмышкерлердин бетин ачууда колдонсо болчудай деп ойлойсуң. Анан калса изилдөөчүлөрдүн бири Идзуми Мацуда мурда полициянын улуттук изилдөө институтунда иштеген.

Бирок окумуштуулар белгилегендей, "мындай толкундануу же чыңалган абал бир эле калп айткан кишиде, кылмышкерлерде эмес, эч кандай айыбы жок кишилерде дагы болот". Айыбы жок киши деле мындай кырдаалда стресс менен убакыт ордунан жылбай туруп калгандай сезимге кабылат. Ошондуктан "биз убакытты кабыл алуу - киши калп айтканы же чындыкты айтып жатканындагы айырмачылыкта деп, бир беткей ишенимдүү айта албайбыз" дейт изилдөөчүлөр.

Токой табигый өсүшү керекпи?

токой

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Эң мыкты токойлор адам колу тийбей эле табигый жол менен өсөт. Муну табият өзү далилдейт жана миллиондогон жылдар мурун түзүлгөн таң каларлык экосистема. Ошондуктан токойлордун кайра калыбына келишин табияттын өзүнө калтырыш керек деп эсептейт британдык Rewilding Britain уюму.

Эгерде бул жараян узакка созулуп жана кыйынчылыктар көп болсо гана адамзат жардамга келиши керек.

Тыптыйпыл жок болгон токойду тез арада кол менен калыбына келтирүү аракети экологиялык көйгөйлөрдү тереңдетет. Акыркы жылдары дүйнөдө массалык түрдө бак отургузуу популярдуу болуп калды. Чынында бул арзанга түшөт жана экологиялык мыкты тыянактарды берет. Rewilding Britain кээ бир учурда дарак эгүү пайда алып келерин жокко чыгарбайт. Бирок бул дагы качан, каерге эгилгенинен жана ага кам көрүүдөн көз каранды.

"Биз жок болуп жаткан токойлорду дарак отургузуу менен калыбына келтире албайбыз. Эң натыйжалуу жолу - оор абалда калган токойлордун калдыгын сактап калуу жана токойдун өзүн-өзү калыбына келтиришине шарт түзүү болмок",-дейт уюмдун аткаруучу директору Ребекка Ригли.

"Биздин токойлор жок болуп кетишинин себеби - биз аларды талкалап салдык жана калыбына келишине мүмкүнчүлүк бербей жатабыз. Эгерде биз мүмкүнчүлүк берсек, Британия боюнча миллиондогон жаңы бак-дарактар өздөрү эле өсүп чыгат",-деп кошумчалады Ригли.

Rewilding Britain эсептөөсү боюнча, эгерде дүйнөдө 1,67 млрд акр токойлордун өзүн калыбына келтиришине мүмкүндүк берсек, анда 2050-жылга барып токой массивдери атмосферадагы көмүр кычкыл газын тездик менен тазалай алмак. Мунун өзү адамзаттын башындагы негизги климаттык оор көйгөйдү чечүүгө көмөк бермек дейт уюмдун изилдөөчүлөрү.

Бирок ошол эле маалда мындай көлөмдө калыбына келтирүү реалдуу турмушта башка маселе. Ошондуктан дарактарды олтургузуу дагы, табийгый түрдө калыбына келтирүү аракеттери да теңсалмакта болушу зарыл. Ансыз мындай көйгөдөн арылуу мүмкүн эмес. (AbA)