Атактуулардын ысымын балага ыйгаруу: шайлоодо ат салышкан Гитлер жана Ленин

Published

Намибиядагы жергиликтүү шайлоодо Адольф Гитлер ысымдуу саясатчы жеңишке жеткени көпчүлүк басылмалардын көңүлүн бурду. Толук аты-жөнү - Адольф Гитлер Уумуна.

Намибия 1990-жылы мартта Түштүк Африка Республикасынан бөлүнүп, көз карандылыкка жетишкен. Адольф Уумуна ошондон бери өлкөнү башкарып келе жаткан партиянын тизмеси менен шайлоого барды. Шайлоодон утуп чыккандан кийин германиялык Bild басылмасына маек берип, анын ысымын атасы койгонун айткан.

"Кыязы, атам деле "Адольф Гитлер" деген ысымдын артында эмне турганын жакшы билбеген окшойт. Бала кезимде бул ысым мага кадимкидей эле сезилчү. Өспүрүм кезде гана бул киши дүйнөнүн башкарууга умтулганы тууралуу билдим",-деген Уумуна.

Азыр эми баары аны ушул ысым менен аташат. Ошондуктан өзгөртүүгө кеч болуп калды деди.

Намибиядагы немистердин тамыры

1884-жылдан тарта Намибия Германиянын колониясы болуп, Германиялык Түштүк-Батыш Африка аталып келген. Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин Улуттук Лиганын мандаты менен башкаруу укугу Түштүк Африкалык Кеңешке (кийин ТАР) өткөрүлүп, 1968-жылдан тарта Намибия аталып калды.

1904-08-жылдардагы жергиликтүү уруулардын көтөрүлүшү маалында немис аскерлери кыргын кылганы айтылып жүрөт. 2019-жылы бул өлкөдө болгон немис саясатчыларынын бири бул аракетти геноцид катары баалаган экен. Ал эми немис бийлиги болсо, мурунку колониалдык саясат үчүн бул өлкөнүн алдында чоң жоопкерчилиги бар экенин билдирген.

Бирок 2020-жылы Намибия уруулардын массалык кыргыны үчүн Германия кун төлөп берем дегенде, андан баш тарткан деп жазат Newsweek.

Өлкөдө немистердин мурасы дале сакталып калган. Маселен, азырга чейин көчө аталыштары немис тилинде калып калганын көрүүгө болот.

Ленин

Атактуу кишилердин ысымын балдарга ыйгаруу бүт дүйнөгө жайылган көрүнүш. Совет бийлигинин учурунда Кыргызстанда Союзбек, Октябрь, Ленин, Космосбек, Сьездбек, Сталбек сыяктуу ондогон ысымдар модага айланган.

Латын Америкасынын көп өлкөсүндө мындай таасир азырга чейин байкалып турат. Мисалы, Эквадор президенти Ленин Вольтер Морено Гарсестин ысымы большевиктердин лидери Владимир Лениндин жана ошол эле маалда француз философу Вольтердин урматына коюлган. Ата-энесинин интеллектуалдык артыкчылыктары ушунтип эки ачага бөлүнгөн экен.

Мунун мисалдарын азыр дагы тапса болот. Айталы, 2016-жылы теги тажикстандык жарандар уулуна Путин деген ысымы берип, орус президентинин урматына аташты.

Жураевдердин үй-бүлөсү египеттик журналист жана котормочу Моамен Мухтардын окуясына таасирленген экен. Ал дагы уулуна Путин деген ысым берген. Негедир Владимир деп атабай, түз эле Путин деген ысым беришкени кызык.

2016-жылы Флорида аймагындагы чакан шаарчалардын биринде Владимир Путин ысымдуу киши камака алынган. Көрсө ал 48 жаштагы үй-жайы жок селсаяк болуп чыкты. Ага мындай ысым кайдан берилип калганын эч ким түшүнгөн эмес. (AbA)