You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Психопат экенимди кантип билдим?
Профессор Жим Фаллон психопат. Ал нейробиолог катары психопат экенин байкабай таап алган.
Фаллон Калифорния университетитенде кылмышкерлердин мээсинин скандарын изилдеп жатып, өзүнүн үй-бүлөсүнүн скандарын салыштырууга колдонгон. Акыркы сканда "патология" бар экени бышык эле.
"Сканды карап, бул киши көчөдө ээн-эркин баспашы керек, коомго аралашса болбойт",-деп ойлогон Фаллон.
Скан кимдики экенин караса, өзүнүн ысымы чыккан.
Башында Фаллон мырза кесиптештери тамалашап жаткан экен деп күлүп койгон. Бирок кийин тактап, чын эле өзүнүн мээсинин сканы экенин түшүнгөн.
Психопаттардын баары коркунуч жаратабы?
Фаллондун агрессивдүү тарабы жок жана анын кесиптешери Фаллонду "жакшы адам" катары билишет. Ошондо ал кантип психопат болуп калды?
"Мен дагы психопатмын, бирок коомчулукка коркунуч түзбөйм",-дейт Фаллон.
Болжолу менен жүз кишинин бири психопат экени айтылат. Ага карабастан психопаттардын көбү агрессивдүү эмес. Ошондо негизги суроо, психопаттар тубаса төрөлөбү же тарбиядан улам калыптанабы?
Психопаттын мээси
Окумуштуулар мээнин миңдеген сканын изилдеп, агрессивдүү психопат менен кадыресе адамдын мээсинде айырма бар экенин аныктаган.
Агрессивдүү пихопаттардын мээсинин алдыңкы бөлүгү же башка адамдардын эмоциясын түшүнгөн тарабы жакшы өнүккөн эмес. Мээнин дал ушул бөлүгү адамдын аракеттеринин маролдык кесепетине дагы жооп берет.
Ошондой эле психопаттын амигдала бөлүгү дагы кичирек болот. Мээнин бул бөлүгү "коркуу" сезимдерине жооп берет.
Мээдеги мындай айырмачылыктар жаш балада байкалса, психопат тубаса төрөлөт деп жоромолдосо болот. Бирок мээни булчуң катары элестетсек, психопат жаш кезинде жогоруда айтылган сезимдерди машыктырбай, жаш өткөн сайын психопатка айланышы ыктымал. Анда Фаллондун үй-бүлөсүн карап көрөлү.
Үй-бүлөдөгү психопат
Фаллон 2005-жылы өзүнүн мээсинин сканын көргөндөн кийин гана психопатия илдети генетика аркылуу өтөрүн аңдаган. Анын үй-бүлөсүндө жети киши оор кылмышка барганы үчүн соттолгон экен.
Фаллондун энеси үй-бүлөсүнүн санжырасы жазылган китепти белекке бериптир. Анда окумуштуунун чоң-чоң атасы 1670-жылы энесин өлтүргөнү үчүн соттолгон экен. АКШда биринчи жолу энесин өлтүргөнү үчүн соттолгон киши чоң чуу жаратып, ал доордогу гезиттер окуяны чагылдырган.
Фаллондун аталаш тууганы Лиззи Борден атасын жана өгөй энесин балта менен өлтүргөнү үчүн 1893-жылы соттолуп, кийин акталган экен.
Фаллон айрым учурда психопатиялык жүрүм-турушту өзүнөн дагы байкайт. Маселен, туугандарынын бирөө кайтыш болсо, ал топурак салууга баруунун ордуна, достору менен көңүл ачууга деле кетип калат. Ал бул кадам "туура эмес экенин түшүнөт", бирок анын кесепетин эч ойлонбойт жана өкүнбөйт.
"Бир нерсе туура эмес экенин билем, бирок мага баары бир. Түшүндүрүп бере албайм. Көп учурда туура эмес болуп калат деп ойлойм дагы баары бир жасай берем. Эч ойлонбойм",-дейт Фаллон.
Анда Фаллонго генетика аркылуу психопатиялык жүрүм-туруш өтсө, эмнеге ал агрессивдүү эмес?
Психопатия жана айлана-чөйрө
Генетика аркылуу алган психологиялык илдеттер козголобу же жокпу бала кезиндеги айлана-чөйрө жана тарбияга байлануу.
"Генетика аркылуу психопат болуп, бала кезиңде кордук көрсөң, анда өмүр бою кылмышкер болуп жүрөсүң деп айтуу катачылык болбойт. Ушундай ген болуп, бирок бала кезиңде туура тарбия көрсөң, ата-энең, жакындарын бөпөстөп бакса, анда эч кандай тобокелчилик жок. Мындай гендер жүрүм-турушка эч таасир этпейт. Ага айлана-чөйрө таасир этет",-дейт Фаллон.
Окумуштуу бала кезинен бери ата-энесинин колдоосун алып чоңойгон. Демек, кооптуу делген ген анын жүрүм-турушуна эч таасир эткен эмес.
Агрессивдүү эмес психопатиянын артыкчылыгы
Ошондо биология абдан маанилүү, бирок ал негизги фактор эмес. Фаллон болсо эмоцияга байланбаган адамдын артыкчылыгы дагы бар экенин белгилейт. Мисалы, жакындары жана достору биринчи кезекте ага байланышып, кеңеш алышат. Эч эмоциясы жок, муздак ойлонгон адам көп учурда туура кеңеш берет эмеспи.
"Бир нече саат бою сүйлөшүп, эң жакын досум токтобой ыйлап жатса дагы, мен анын сезимдерин жүрөккө чукул кабыл албайм. Ачуу сөздү айтып, туура кеңеш берип, жардам кылам. Балким менин айтканым жакындарыма жакпай калышы мүмкүн, бирок туура, мыкты анализге негизделген кеңеш берип жаткан болом. Статистикага ылайык, мага окшогон адамдар коомго көбүрөк салым кошот, кайрымдуулукка көбүрөк акча берет. Эмоция менен ойлонуп отурбай, аракетке дароо өтөт. Бирок мендей киши менен кучакташып, ыйлап отура албайсың", -дейт Фаллон. (AT)