You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Жээнбековдун 2019-жылдагы тышкы саясаты
- Author, Элеонора Сагындык кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
- Published
Өтүп бара жаткан жылы Кыргызстандын тышкы саясатынын концепциясы кайрадан каралып чыкты. Өлкөнүн тышкы иштер министри алмашып, маанилүү стратегиялык өнөктөш делген бир катар өлкөлөрдө кыргыз элчилери жаңыланды.
Баш мыйзам боюнча тышкы саясат жүргүзүү президенттин негизги милдеттеринин бири. Би-Би-Си Жээнбековдун 2019-жылдагы дипломатия стратегиясын талдайт.
Жаңы концепция
Быйыл Кыргызстан тышкы саясаттагы өзүнүн жаңы концепциясын кабыл алды.
"Жаңы концепцияда Кыргызстан көп векторлуу, тең салмактанган, прагматикалык тышкы саясатты жүргүзүүнү көздөйт. Акыркы эки жылда коңшу өлкөлөр, союздаштар жана стратегиялык өнөктөштөр менен өз ара кызматташтыгыбызды бекемдөө иш-чаралары жүрүп жатат. Борбор Азия өлкөлөрүнө расмий визит жасалды. Орусияга, Түркия, Кытайга, Евробиримдикке болгон расмий сапарлар позитивдүү натыйжаларын берди",- деди президент кыргыз дипломатиясынын 75 жылдыгына арналган жыйында.
Жээнбеков кызматына киришкенден бери 35 өлкөгө иш сапары менен чыкты. Талдай келсек, президенттин эң көп сандагы сапары Орусияга (сегиз жолу) туура келет.
Быйыл мартта орус президенти Владимир Путин дагы Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келип кетти.
"Стратегиялык өнөктөш"
Жээнбеков 25-декбарда жылдын жыйынтыгын чыгарып жатып, тышкы саясаттагы жетишкендиктерди тизмектей кетти:
"Союздашыбыз Орусия менен абдан тыгыз кызматташтыкка жетиштик. Кыргыз жарандары бар Орусиянын бир катар шаарларында консулдуктар ачылды. Дээрлик 130 миң жаранга мунапыс берилди. Кара тизмеден алты минден ашык жаран чыгарылды".
Буга чейинки кыргыз президенттери тышкы саясатта жүзүн Орусияга көбүрөөк буруп келгени белгилүү. Жээнбеков дагы эки жыл мурун инаугурациясында Орусияны "негизги стратегиялык өнөктөш" деп атаган.
Бирок айрым талдоочулар, учурда кыргыз-орус мамилелери мурункудай тыгыз эмес экенин айтып жатышат.
"Мурдагы жылдарга салыштырмалуу Москва менен Кыргызстандын байланышы өтө эле тыгыз десек туура эмес. 2016-2017-жылдарга салыштырмалуу Кыргызстандын Орусия менен мамилеси азыр мелүүн эле. Ошол эле убакта Кытай болобу же Жапония, Батыш мамлекеттери, баарысы менен активдүү аракеттер болуп жатат", -дейт саясат талдоочу Эмилбек Жороев.
Президент Жээнбеков "карама-каршылыктар менен коштолгон" дүйнөдө Кыргызстан көп тараптуу тышкы саясатты алып барышы керектигин белгилеп келет.
Бирок ошол эле маалда кыргыз тарап бир тараптуу токтотуп салган АКШ менен кызматташтык боюнча жаңы документ кабыл ала элек. Евробиримдик Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташуу тууралуу жаңы стратегия кабыл алып, ишке киришти. Бирок анын алкагында деле Кыргызстандын өз ыктыяры жана демилгеси байкала элек.
Ал тургай, жыл соңунда кыргыз Тышкы иштер министрлиги АКШнын Өкүлдөр палатасы жана ЕККУ менен журналисттердин бажы тармагындагы коррупция тууралуу иликтөөсүнө байланыштуу кер-мур айтышты.
Анын алдында АКШнын Өкүлдөр палатасы жана ЕККУнун кыргыз ММКларынан карата Матраимовдордун сотко кайрылуусуна байланыштуу тынчсыздануу билдирген эле.
Бирок кыргыз ТИМи алардын баасын "субъективдүү жана чындыкты чагылдырбайт" деп сыпаттады.
"Кремль - ички саясаттын арбитриби?"
Өтүп бара жаткан жылы Кыргызстандын ички саясаты Атамбаев-Жээнбеков тиреши менен коштолуп, тараптар бул тиреште Орусияны да ортого салышып, кыргыз саясатчылары тышкы саясатта чындап Кремлге карап иш кыларын көрсөтүштү.
Мурунку өлкө башчысынын күч органдарынын сурагына келбей, кыр көрсөтүп Кой-Таштан Канттагы орус авиабазасы аркылуу түз эле Кремлге учушу көп суроо жаратты. Путин Атамбаевди кабыл алганы менен, саясатчыларды бийликтин айланасында биригүүгө чакырды.
"Өлкө саясий стабилдүүлүккө муктаж. Бардыгы аракеттеги президенттин айланасында биригип, мамлекетти өнүктүрүүгө көмөктөшүшү керек. Кыргызстан менен кызматташуу пландарыбыз көп, аларды аракеттеги президент менен көп пландарды ишке ашырганга кызыкдарбыз", -деген эле быйыл июлда Путин.
Орусиялык талдоочу Аркадий Дубнов чуулгандуу окуядан кийин "жакшыбы же жаманбы" Москва Кыргызстан үчүн "башкы сотко же жогорку саясий инстанцияга" айланганын белгиледи.
Тышкы саясаттагы маанилүү бир жагдай, ноябрда БУУда Украина боюнча добуш берилип, Кыргызстан Крым маселесинде Орусияны колдогону ачыкка чыкты.
"Орусия соңку кездерде ойгонуп, Путин башкаруусунда Кыргызстанды өзүнө көбүрөөк имерип алды. Себеби, Кремлге каршы акараат айтканга Украина, Грузия жарап калышып, ал өлкөлөрдө Орусия таасири менен бир катар окуялар да болуп кетти. Москва буларга жооп катары КМШ ичинен бизге окшогон өлкөлөрдү бириктирип, ЕАЭБди түздү. Аны менен Советтер союузу убагындай өзүнүн үстөмдүгүн жасагысы келет", -деди Би-Би-Сиге саясат талдоочу Бурул Усманалиев.
Серепчи экономикалык жактан Кыргызстан мигранттар айынан жана мунайзатынан Моксвага көбүрөөк көз каранды болушу Орусия тарап үчүн жакшы рычаг дейт.
Ошентип өтүп бара жаткан жылы Кыргызстандын тышкы саясатында жаңылануу аракети болуп, бирок негизинен Кремлге кылчактап иш кылган мурунку бийлик башчыларынын саясаты инерция менен улангандай болду.
Чыңалган мамилелер жумшарды
Ошентсе да талдоочулар Жээнбеков Атамбаевдин тышкы саясатта калтырган "мурастарын" жөндөп кеткенин айтып жатышат.
"Мурунку мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин тушунда тышкы саясатта Кыргызстандын бир топ мамлекеттер менен байланышы начарлап, чыңалуу кырдаалына жеткен болчу. Өзгөчө Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан менен. Президент Жээнбеков келгенден бери тышкы саясатыбызда көбүрөөк баланска ээ болуп, ар тараптуу мамилелерди жакшыртууга багыт алдык", -деп баа берет саясат талдоочу Эмилбек Жороев.
Тышкы саясатты жаңылап, жаңы нукка салуу концепциясын кабыл алуу бир, бирок аны ишке ашыруу убакытты талап кылары белгилүү.
"Азыр тышкы саясатта конкреттүү бир алгылыктуу иштерге ээ болуп жатабыз дегенге азырынча эрте. Жакшы диалогдор, сөздөр, жолугушуулар болуп жатканы менен конкреттүү ишке келгенде жыйынтыктарга жетиштик дегенге азырынча эрте болуп жатат", -деди Жороев.
Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматтагы эки жылынын жыйынтыгын чыгарган маегинде коңшу өлкөлөр менен алаканы чыңдоо тышкы саясаттагы артыкчылыктуу багыт экенин да баса белгилеп өттү.
Бирок ошентсе да Кыргызстандын көп жылдан бери чечилбей келе жаткан Өзбекстан жана Тажикстан менен мамлекеттик чек араны делимитациялоо маселеси бар.
"Өзбекстан менен чек арада тактала элек 15% эле жер калды. Чек ара боюнча чыр-чатактар негизинен Тажикстан менен болуп атат. Кыргыз тарапка бул маселеде кандайдыр бир саясий эл аралык мамиле боюнча рычагдар жетишпей жатканы көрүнүп атат. Бул таатал, кыйын маселе болууда. Негизи эле чек араны эки тараптуу чечүү кыйын болуп калат, андыктан аны үч тараптуу башка мамлекеттердин катышуусунда өз кызыкчылыгыбызды коргошубуз керек", -деди серепчи Алмаз Тажыбай.
Талдоочу аймакта сууну орток пайдалануу боюнча маселе бар экенин, ал дагы дипломатияны талап кыларын эскертип, Жээнбековди мамлекет кызыкчылыгын коргогонго аракет кылып жаткан президент деп атады.
Президентти арданткан кыргыз элчилери
Жыл жаңырары менен Орусия, АКШ, Канада, Кытай, Түштүк Корея, Бельгия, Жапония, Ооганстан, Индия сыяктуу мамлекеттердеги Кыргызстандын элчилери алмашты. Дайындалган дипломаттарды арасында коомдо катуу сынга кабылгандар дагы болду.
Сооронбай Жээнбеков жыл башында Кыргызстандын чет мамлекеттердеги элчилери менен консулдарын чакырып, чоң жыйын куруп, анда өлкөнү уят кылбоого чакырды. Мартта Бишкекте болгон жолугушууда айрым элчилердин билим деңгээлинин төмөндүгүн, мамлекеттик тилди билбегенин сынга алынган.
Президенттин айткан сыны коомдук пикирдин дал үстүнөн түшкөндөй болду, анткени ансыз деле кыргыз дипломаттарына эл ичиндеги сын-дооматтар күчөп кеткен эле. Ошондой эле президент дипломаттарды тандоодо жана дайындоодо талап катуулашы керектигине токтолгон болчу.
"Элчиликтерде мамлекеттин кадыр-баркын жогору койгон мыкты дипломаттар иштеши керек. Атын атабай эле коеюн, бирок Кыргызстанды бүт дүйнөгө уят кылган элчини барыбыз билебиз. Элчилик-бул саясий кызмат. Ал өлкөнү татыктуу таанытышы керек. Чет мамлекеттерге чыкканда котормодо көп көйгөйлөрдү байкадым. Айрым элчиликтерде мамлекеттик тилге которуп бере турган кызматкерлер жок. Маселен, Бельгияга барганда андай адис таба алган жокпуз. Ал эми Түркияга барганда университеттин мугалиминен жардам алдык. Тилди мыкты билбеген улан-кыздарды ишке алуу керек. Керек болсо бухгалтеринен тартып, айдоочусуна чейин тил билиши керек",- деген эле анда президент.
Жыл соңунда Азимбек Бекназаровдун Малайзиядагы элчиликке талапкерлигинин көрсөтүлүшү бир топ талкууларды жаратты. Кыргызстандын Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султановдун элчиликтердеги коррупция жөнүндө дүңгүрөгөн билдирүүсү коомчулуктун эсинде. Элчинин арызынан кийин президент Жээнбековдун тапшырмасы менен Коопсуздук кеңеши текшерүү жүргүзгөн. Жыйынтыгында ошондогу тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен Кылычбек Султановдун өзү кошо иштен алынган.
Стамбулдагы кыргыз консулунун унаасы Кыргызстанда издөөдө жүргөн, Айэркен Саймаитиге ижарага берилгени тууралуу маалымат дагы элчиликтердеги жемкорлук тууралуу маселени дагы бир жолу козгогондой болду.