You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.

Take me to the main website

Принц Гарри менен Меган Марклдын үйлөнүү үлпөт тою

Бүт дүйнө жүзү британ принцинин америкалык актрисага баш кошкон үлпөтүнө күбө болууда. Жүз миңдеген кишилер жана көптөгөн журналисттер королдук чакан шаарчага күн мурунтан эле агылып келишкен.

Түз алып баруу

  1. Гарри менен Мегандын никеси кыйылды

  2. Үлпөттөн бир көрүнүш

  3. Гарри менен Меган

    Гарри менен Мегандын үйлөнгөнү чынында өзгөчө. Меган мурда күйөөгө чыгып, ажырашкан.

    Гарри Британиянын эң мыкты Королдук сарайларында чоңойсо, Меган Лос Анжелестин орто катмар үй-үлөсүндө туулуп өскөн.

  4. Жаңы үйлөнгөн Сассекс герцогу менен герцогинясы элдин алдына чыгышты

  5. Меган Марклдын көйнөгү

    Меган Марклдын көйнөгүн британиялык дизайнер Клэр Уэйт Келлер тикти. Ал франциялык мода үйү Givenchy компаниясынын кызматкери.

  6. Үлпөттөн бир көрүнүш

  7. Принцесса Шарлотта тойго келди

  8. Салтанаттан кийинки жөрөлгө

    Чиркөөдөн чыккандан кийин эки жаш королеванын официалдуу резиденциясы саналган Виндзор аксарайына барат.

    Принц Гарри менен Меган Маркл ачык каретаны колдонууну чечкен. Виндзор аксарайындагы Георгий залында салтанаттуу түшкү тамак болот. Ага 600 киши чакырылган.

    Кечке маал шаардын сыртындагы королдук үй-бүлөгө таандык резиденцияга барып, жаштар жакын адамдары, 200гө жакын дос-жарынын коштоосунда майрамдашат.

  9. Үлпөттөн бир көрүнүш

  10. Үлпөт тойдо Меган Маркл кандай көйнөк кийди?

    Көпчүлүктү Мегандын үлпөт көйнөгү кызыктырууда.

    Би-Би-Си келиндин көйнөгү кандай болушу мүмкүн деген суроого жооп издеген.

  11. Меганды Уэльстин принци Чарльз чиркөө жөрөгөсүнө коштоп кирди

  12. Меган Маркл чиркөөгө келди

    Меган Маркл Rolls Royce Phantom үлгүсүндөгү унаадан чыгып, Ыйык Георгий чиркөөсүнө келди. Меганды көчөдө тургандар кыйкырып, жылуу тосуп алышты.

  13. Дүйнөнүн көңүлүн бурган королдук үйлөнүү үлпөттөрү, Эң чоң аудитория

    Принц Уильям менен Кэтрин Миддлтондун үйлөнүү тою абдан популярдуу болду. Ал тургай келинге курбу болуп чыккан Кейттин эжеси Пиппа дагы дүйнөлүк атакты ушул тойдон алды.

    Массалык маалымат каражаттары жазгандай, 2011-жылдагы үйлөнүү үлпөттүн салтанаттуу бөлүгүн дүйнө боюнча 2 миллиард киши көргөн. Бирок бул канчалык так сандар экенин айтуу кыйын. Ушул сандар британ өкмөтүнүн Маданият, маалымат жана спорт министрлиги тарабынан басма сөз жыйынында салтанатка чейин эле болжолдуу айтылганын эске сала кетели.

    Бирок кандай болгон күндө дагы бул сандар принц Чарльз менен Диананын үйлөнүү салтанатын түз эфир аркылуу көргөн 750 миллион кишиге салыштырганда бир топ эле көп.

  14. "Гарри дагы деле кеч эмес!"

    Виндзор сарайынын алдындагы айрым коноктор "биз менен деле таанышсаң болмок" деп тамашалашып, батасын берип жатышты.

  15. Виктория жана Дэвид Бекхэм менен Амаль дана Жорж Клуни даны тойго келишти

  16. Меган Марклдын тойго кийген көйнөгү

  17. Принц Гарри Ыйык Георгий чиркөөсүнө келди

  18. Дүйнөнүн көңүлүн бурган королдук үйлөнүү үлпөттөрү, Ак көйнөк кийүү модасы

    Королева Виктория Британиядагы эң белгилүү монах. Ал үлпөт тоюнда ак түстөгү көйнөк кийип чыгып, кийин модага айланып кеткен. Виктория империянын тактысында 63 жыл олтурду. Андан узак тактыны башкарган королева Елизавета II гана.

    Виктория 1840-жылы Альбертке турмушка чыккан. Бул үлпөт той өтө чоң салтанат менен өткөн. Империянын калкынын саны 400 миллион киши деп эсептелген учур эле.

    Королева тойго ак түстөгү атлас жибектен жасалган көйнөк кийип чыккан. Ошол доор үчүн бул абдан өөн көрүнүш эле. Анткени турмушка чыгып жаткан кыз алтын же күмүш менен шөөкөттөлгөн гүлдүү көйнөк кийип чыгуусу керек деген түшүнүк болгон.

    Албетте, Виктория ак көйнөк кийгендердин биринчиси болбосо керек. Бирок салтанат тууралуу бүт дүйнө сөз кылган. Ошондуктан үйлөнүү үлпөтүнө ак көйнөк кийүү салтын Виктория баштаган деп эсептесе болот.

  19. Принц Гарри жана анын айдоочусу – агасы принц Уильям