You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.

Take me to the main website

Принц Гарри менен Меган Марклдын үйлөнүү үлпөт тою

Бүт дүйнө жүзү британ принцинин америкалык актрисага баш кошкон үлпөтүнө күбө болууда. Жүз миңдеген кишилер жана көптөгөн журналисттер королдук чакан шаарчага күн мурунтан эле агылып келишкен.

Түз алып баруу

  1. Кембриж герцогу жана герцогинясынын тоюнан эмнеси менен айырмаланат?

    Принц Гарри агасынан айрымаланып, тактыга келиши күмөндүү. Ошондуктан анын үйлөнүү үлпөтү бир аз айрымаланат.

    Той өтө турган датаны эле карап көрөлү.

    Принц Уильямдын үйлөнүү үлпөтү 2011-жылы 29-апрелде өткөндүктөн өкмөт бул күндү дем алыш күн деп жарыялоого аргасыз болгон. Анткени үйлөнүү салтанатын теле аркылуу кишилер көрүшүнө шарт түзүшкөн.

    Бул ирет болсо эч кандай дем алыш болбойт. Тойдун датасы ишемби, 19-майда.

    Уильям менен Кейттен айырмаланып Гарри менен Мегандын никеси Вестминстер аббатчылыгында өтпөйт.

    Алардын никеси Ыйык Георгийде окулат. Бул жерге 800 киши сыйат. Ал эми Вестминстер аббатчылыгына 1900 киши баткан.

  2. Принц Гарри менен принц Уильям Ыйык Георгий чиркөөсүнө келишти

    Принц Гарри аскердик форма кийип, Ыйык Георгий чиркөөсүнө келди.

    Аны принц Уильям коштоп келди.

  3. Меган менен Гарринин жашыруун кармап келген сүйүүсү

    Күтүүсүз келген чоң сүйүүсүн маалымат каражаттарынан болушунча жашырып келишкен.

  4. Меган Виндзор үй-бүлөсүнө өзү менен бирге көп өзгөрүүлөрдү алып келди

  5. Меган Маркл принцесса боло алабы?

    Принцесса деген наамды алуунун дагы көптөгөн эрежелери бар. Никеге тургандан кийин Мегандын титулу Генри Уэльс принцессасы болот.

    Королдук бүлөдөн төрөлгөндөр гана өзүнүн ысымына "принцесса" деген титулду кошо алат.

    Королева жаштарды тойдон кийин герцог жана герцогиня кылышы мүмкүн. Уильям менен Кейт үйлөнүү үлпөтүнөн кийин Кембриж герцогу жана герцогинясы болуп калган.

    Демек, Гарри менен Меган дагы ушундай титулга ээ болот.

  6. Королева принц Гарриге герцог наамын ыйгарды

    Бүгүн Британиянын Королевасы Уэльстин принци Гарриге герцог наамын ыйгарды. Ал мындан ары Сассекс герцогу катары аталат.

    Британияда герцог эң жогорку наам катары саналат.

  7. Меганды Уэльстин принци Чарльз чиркөө жөрөгөсүнө өзү коштоп киргизет

    Принц Чарльз болочок келинин чиркөө жөрөлгөсүнө өзү коштоп киргизет.

    Меган Марклдын атасы Томас Маркл ден соолугуна байланыштуу салтанатка катыша албайт.

  8. Жылдын эң күтүлгөн окуясы орун алчу Винздор чебине барабыз

    Винздор чебинде кабарчыбыз Акчолпон Койчиева түз байланышка чыкты.

  9. Меган Маркл окуган Лос-Анжелестеги мектепте чоң салтанаттар өттү

  10. Салтанат кандай өтөт?

    Королева - Англия чиркөөсүнүн башында турган киши. Чиркөө англикандык коомго кирет. Ошондуктан королдук үй-бүлө мүчөлөрүнүн баары сөзсүз англикан болуш керек.

    Сүрөттүн автордук укугуPAImage captionXVII кылымда курулган Фрогмор-хаус - королдук үй-бүлөнүн шаар сыртындагы резиденциясы, Беркшир аймагында жайгашкан.

    Меган Маркл архиепископ Жастин Уэлби Кентерберий тарабынан чокундурулган.

    Жастин Уэлби салтанатта Гарри менен Мегандын никесин кыйат. Жөрөлгө учурунда сыйынышып, ырдашат, Библиядан үзүндүлөр окулат.

  11. Салтанаттан кийинки жөрөлгө

    Чиркөөдөн чыккандан кийин эки жаш королеванын официалдуу резиденциясы саналган Виндзор аксарайына барат.

    Принц Гарри менен Меган Маркл ачык каретаны колдонууну чечкен. Виндзор аксарайындагы Георгий залында салтанаттуу түшкү тамак болот. Ага 600 киши чакырылган.

    Сүрөттүн автордук укугуREUTERSImage captionНегизги салтанаттан кийин эки жаш ушул ачык карета менен Виндзорго барчу жолдон өтөт.

    Кечке маал шаардын сыртындагы королдук үй-бүлөгө таандык резиденцияга барып, жаштар жакын адамдары, 200гө жакын дос-жарынын коштоосунда майрамдашат.

  12. Maрклдын атасы, кызынын үйлөнүү үлпөтүнө келе албасы белгилүү болду

    Меган Маркл атасы Томас тойго келбей турганын ырастады. Салтанатка актрисанын апасы Дория Рагланд катышып, кызы менен бир унаада чиркөөгө барат. Ага нике кыйылып жатканда атасы коштоп чыгышы керек эле.Кабарларга караганда Мегандын атасы жакында эле жүрөгүнөн операция болгон.Бул аптада Томас Маркл күйөө баласы Гарри менен таанышуусу керек эле. Анын тойго келер келбеси тууралуу маалыматтар соңку апталарда ММКлардан түшкөн жок.

  13. Түз эфир аркылуу канча киши көрөт?

    2011-жылы принц Уильям менен Кейт Миддлтондун үйлөнүү салтанатын 24 миллион британдык көргөн.

    Албетте, бул сан 1966-жылдагы футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын финалын (32,3 млн) жана 1997-жылы принцесса Диананын тажиясын түз эфир аркылуу (32,1 млн) көргөндөрдөн азыраак.

    Азыр эми жаңы технологиянын доорунда кишилердин мындай салтанатты көрүү мүмкүнчүлүгү жогорулады.

    Гарри менен Мегандын үйлөнүү тоюн дүйнө боюнча жүз миллиондогон кишилер көрөт деп күтүлүүдө.

  14. Меган Маркл менен принц Гарринин үйлөнүү тою кандай өтөт?

    Бүгүн 19-майда бүт дүйнө жүзү британ принцинин америкалык актрисага баш кошкон үлпөтүнө күбө болот.

    Жомоктогудай өтө турган салтанат албетте, Голливуддан Гонконгго чейинки күйөрмандарын толкундантып турган учур.

    Принц Гарри королева Елизавета II небереси Уэльс принци жана принцесса Диананын уулу. Ал британ тактысына олтура тургандардын тизмесинде алтынчы.

    Меган Маркл көпчүлүккө "Форс-мажорлор" (Suits) деген телесериал аркылуу таанылган. Экөөнү 2016-жылы достору тааныштырган экен. Андан кийин принц Меган Марклдын жүрөгүнө жол таап, колун сурады.