You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.

Take me to the main website

Кезексиз президенттик шайлоо жана референдум

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум өтүүдө.

Түз алып баруу

  1. Катаал карантин киргизилген өлкөлөрдө шайлоо кандай өтөт?

    Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги Бээжин менен макулдашып, жарандар тиешелүү санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоосу менен элчиликтеги шайлоо участогуна жетүүсү боюнча макулдашкан. Германия менен Түркия дагы добуш берүү күнү кыргызстандыктардын кыймылына уруксат берди.

    Италиянын Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарга добуш берүү үчүн “маршруттук баракчаны” (autocertificazione) толтуруп туруп Римге келүүгө уруксат берди. Баракчада кыймылдын себеби шайлоого катышуу экендиги көрсөтүлүшү керек.

    Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлиги дагы коронавирустун жаңы түрү тарап жатканына жана катаал карантин 22-февралга чейин узарганына карабастан, шайлоого жана референдумга катышуу үчүн үйдөн чыгууга уруксат берди.

    Чет өлкөдө 28 мамлекетте 48 шайлоо участогу ачылды. Биринчилерден болуп Сахалинде добуш берүү башталды. Чет өлкөдөгү акыркы участок Вашингтондо 11-январда саат 06:00дө жабылат.

  2. Каттоосу жоктор добуш бере албай калды

    Бул жолу ички мигранттардын көбү добуш берүү жараянына катышпай калышы мүмкүн дейт эксперттер. Мурдагы шайлоодо "Форма-2" арызына байланыштуу көптөгөн дооматтардан кийин бул жолку шайлоодо ал жокко чыгарылды. "Форма-2" - жарандардын шайлоо дарегин өзгөртүү тууралуу арызы. Шайлоочу өзү каалаган жерден добуш бере алат жана анын бул укугун эч ким чектебеш керек деген негизде кабыл алынган документ болчу. Туруктуу жашаган жеринен сырткары аймакта болуп калса, ушул арыз аркылуу алдын ала ошол жердиги шайлоо участогуна кайрылып, кошумча тизмеге кире алмак.

    Өткөн парламенттик шайлоодо партия талапкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймактарга "Форма-2" документи менен массалык түрдө кошумча тизмеге кишилерди тургуза баштаган. Мындай арыз менен катталган шайлоочулардын саны 500 миңге жеткен эле. Ошентип жасалма түрдө шайлоо дарегин алмаштыруу күчөп, бул добуш сатып алуунун жолу болуп калды. Бул жолу мындай арыз жокко чыкты.

    "Ички мигранттардын кыймылын көзөмөлдөө оор нерсе. Алардын так санын айтуу кыйын. Болжолдуу эсеп менен алганда алар бардык шайлоочулардын 10 пайызын түзүшү мүмкүн. Алар буга чейин "Форма-2" арызы менен добуш берип келишкен. Эми ал жокко чыгарылган азыркы шартта, алар добуш берүү укугуна ажырашы мүмкүн. Бирок жакшы жери, "Форма-2" арызы тышкы мигранттар үчүн сакталды. Участкалык шайлоо комиссиясы бар жерлерде алар мурункудай эле добушун бере алышат",-деген эле шайлоо алдында коомдук маанайды иликтеген "Жалпы иш" фондусунун узак мөөнөттөгү байкоочу эксперти Арсланбек Өмүрзаков.

  3. БШК: 2428 шайлоо участогу ачылды

    Борбордук шайлоо комиссиясы саат 8:00дөн тарта өлкөнүн баардык аймактарында жалпысы болуп 2428 шайлоо участогу ачылганын кабарлады.

    Бул шайлоо бир жагынан пандемия жакадан алып, экинчи жагынан саясий жана экономикалык кризис курчуган убакта өтүп жатат. Мамлекет казынасында каражат каат болуп, социалдык төлөмдөрдү аткаруу үчүн Орусиядан 20 млн доллар жардам алынганы жарыяланды.

    Октябрда парламенттик шайлоодо одоно мыйзам бузуулардан чыр чыгып, массалык тополоңго айланып, президент менен өкмөт алмашкан. Бийликке келген күчтөр парламенттик шайлоону жазга которуп, биринчи кезекте президенттик шайлоону жарыялашты. Бир эле убакта конституциялык реформа өткөрмөк болуп, баш мыйзамдын жаңы долбоорун алып чыгып, талкууга коюшту.Коомчулук президенттин чексиз бийлигин орноткон "ханституция" болуп калыптыр деп нааразы болгондо, анда мамлекеттик башкаруу формасын эл өзү тандасын деп референдумга алып чыгышууда. Бирок референдумга каршы болгондор, бул иштер толтура мыйзам бузуу менен өтүп жатат, эл алданып жатат деп сынга алып, утур-утур жүрүшкө чыгууда.

    Сүрөттө: Кыргызстандын экинчи ири калаасы Оштогу шайлоо участогу.

  4. Пандемия шартындагы шайлоо

    Пандемия шартында шайлоо өткөрүүдө бир топ кыйынчылыктар бар. Үгүт иштеринен тарта добуш берүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо үчүн шайлоо участколору алдын ала даярдалышы керек.

    Дүйнөнүн булуң-бурчундагы башка мамлекеттер дагы пандемия шартында шайлоо өткөрдү. Кыргызстан алардан кандай сабак ала алат?

    Төмөнкү макаладан таанышыңыз: https://bbc.com.im/kyrgyz/kyrgyzstan-53594845%3C/p%3E%3C/div%3E%3C/div%3E%3C/article%3E%3C/li%3E%3Cli class="css-xxlek1">

    Президенттик кызмат үчүн 17 талапкер ат салышууда

    Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоого башында 18 талапкер катыша турганы белгилүү болгон. Бирок үгүт өнөктүгү маалында бир талапкер катышуудан баш тартты. Президенттик кызмат үчүн 17 талапкер ат салышууда. Алар тууралуу эмне билебиз?

  5. Кыргызстанда шайлоо участколору ачылды

    Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтүүдө. Өлкө боюнча 2 миң 394 шайлоо участогу ачылды, анын ичинде 28 мамлекетте 48 шайлоо участогу ачылмакчы. БШК Шайлоочулардын так саны 3 миллион 563 миң 574 экенин билдирди. Бул 2017-жылдагы президенттик шайлоого караганда 537 804 (18 пайызга) добуш берүүчүгө көп.

    Эң алгач Сахалиндеги шайлоо участогу Бишкек убактысы боюнча таңкы саат үчтө ачылды. Вашингтондогу участок эң акыркы болуп жабылат, 11-январда саат алтыда. Кыргызстанда болсо шайлоо участколору саат 08:00дөн кечки 20:00гө чейин иштейт.