“Жалпы иш” коомдук фонду: санитардык нормаларды сактабай жаткан участкалар бар
“Жалпы иш” коомдук фонду шайлоо участкаларынын 16 пайызы коронавируска байланыштуу санитардык эрежелерди толук аткарбай жатканын билдирди. Аталган фонд өлкө боюнча 500 байкоочусун шайлоо тилкелерине жайгаштырган.
Коомдук фонд ар түрдүү мызйам бузууларды каттаганын дагы жарыялады. Мислаы, Ат-Башы районундагы № 4026 участогу ачылган эмес. Жумгалдагы № 4116 жана Бакай-Атадагы № 6051 участокторунда байкоочулардын укугу чектелген.
Бишкекте шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча маалымат кабыл алууга түз байланыш иштеп жатат.