Шайлоонун алдын ала тыянактары боюнча 16
партиянын ичинен эки партия - "Биримдик" менен “Мекеним
Кыргызстан" 24 пайыздан көбүрөөк добуш алды. Дагы эки партия-
"Кыргызстан", “Бүтүн Кыргызстан” босого чектен өттү.
Саясат талдоочулар негизги күрөш биринчи
орунга чыккан эки партиянын ортосунда жүргөнүн айтууда. “Биримдик” партиясын
бийлик менен түздөн-түз байланыштырып келишти. Президент Сооронбай Жээнбеков
бир дагы партияга жан тартпасын айтып, калыс турганы менен партияда анын бир
тууган иниси бар. "Мекеним Кыргызстан" партиясын болсо коррупция
боюнча бир нече журналисттик иликтөөлөрдө аты аталган Бажы кызматынын мурдагы
төрага орун басары Раимбек Матраимовдун ысымы менен байланыштырып келишти. Эки
партияда тең мурдагы чиновниктер, депутаттар басымдуулук кылат. Ушул эки
партияда каражат жана административдик ресурс жетиштүү эле.
Булардын ичинен “Бүтүн Кыргызстан” гана
бийликке келишкис оппозиция экенин айтып келүүдө. “Кыргызстан” партиясы дагы
олигархтар жана мурдагы төрага, депутаттардан туруп, бийликке ыктаган партия
катары репутатцияга ээ.
Шайлоо жарышына катышкан партиялардын көбү
бул жолу добуш сатып алуу жана мажбурлоо көрүнүшү мурдагыдан да ыплас жол менен
ачык жүргөнүн айтып чыгышты.
Бүгүн Ала-Тоо аянтында “Мекен ынтымагы”
жана “Чоң казат” партиялары митингге чогулат. “Ата Мекен”, “Республика”
партиялары дагы шайлоочуларын Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана
балет театрынын алдына тынчтык акциясына чакырды.
“Бир бол”, “Реформа”, “Замандаш”, “Ыйман
Нуру” партиялары шайлоо тыянагына кескин нааразы пикирин билдирген. Азырынча
бийлик тарабынан эч кандай реакциялар боло элек. БШК бюллетендерди кол менен
толук эсептеп бүткөндөн кийин гана расмий тыянакты чыгарат.