27-июнда Жогорку Кеңеш
Атамбаевди кол тийбестик укугунан ажыраткан эле. Анын иши боюнча парламентте
маалымат берип жатып, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Атамбаев өлкөнү
башкарган жылдары ыйгарым укуктарынан аша чаап, мамлекеттин кызыкчылыгына оор
залака келтирген деп билдирген. Ошондой эле ал мурдагы президенттин ишинде оор
кылмыштын белгилери боюнча материалдар жетиштүү экенин айткан эле. Атамбаевдин
Кой-Таштагы үйүндө бир нече аптадан бери тарапташтары чогулуп, бийликке
нааразылык билдирип жаткан.
Буга чейин Ички иштер
министрлиги Атамбаевди күбө катары үч жолу суракка чакырып, бирок ал барбай
турганын ачык айткан. Анын адвокаты Сергей Слесарев Жогорку Кеңеш мыйзамды
одоно бузуу менен мурдагы президентти кол тийбестигинен ажыратуу токтомун кабыл
алганын айтып, Атамбаев эч кандай тергөө сурагына барбай турганын билдирген
эле.
Бишкектен бир нече
чакырым аралыктагы Кой-Таш айылындагы Атамбаевдин үйүндө анын тарапташтары
атайын штаб уюштурган. Күн сайын кечинде Атамбаев тарапташтары менен жолугуп
жаткан.
24-июнда Атамбаев
Канттагы Орусиянын авиабазасынан атайын борт менен Москвага учуп барып келди.
Аны бир нече тарапташы узатып келген эле. Москвада орус президенти Владимир
Путин менен жолукканы белгилүү болгон.
"Биз региондогу
жана Кыргызстандагы кырдаал боюнча сүйлөштүк", -деген эле Путин.