You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.

Take me to the main website

Атамбаевдин тегерегиндеги кырдаал

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет мурдагы президент Атамбаев 26-августка чейин убактылуу абакта кармалат деп билдирди. Мурдагы президенттин адвокаты Атамбаевди кармоо учурунда процессуалдык нормалар бузулганын маалымдады.

Түз алып баруу

  1. Саясий кырдаал экономикага терс таасир этет

    Улуттук ишкер кеңешинин төрагасы Сергей Пономарев соңку саясий кырдаал экономикалык жоготууларга алып барат деп белгиледи.

    "Саясий туруксуздук экономикага тескери таасирин тийгизиши мүмкүн. Себеби алар бири-бирине байланган. Андан улам экономикалык жоготуулар болушу мүмкүн",-деди Пономарев.

    Буга чейин туризм тармагында иштегендер соңку кырдаал чет өлкөлү туристтердин келишине терс таасир этет деп коомдук сайттарда жазган болчу.

  2. Асель Кодуранова: Кармалган жоокерлердин абалы жакшы эле

    Атамбаевдин тарапташтары тарабынан кармалып турган күч түзүмүнүн кызматкерлери бүгүн бошотула турган болду. Жогорку Кеңештин депутаты Асель Кодуранова аларды кечээ эле өткөрүп берүү аракети болгонун, бирок чогулган эл ага көнбөй, кырдаалды өздөрү көзөмөлдөп башташканын билдирди.

    “Эл биз буларды эртең берели, бизге дагы кепилдик керек. Буларды чыгарсак кайра күч кызматкерлери бастырып келет деп кооптонгон. Балдарга тамак берилип, дарыгерлер карап кетишти. Балдардын абалы жакшы эле”,-деди Асель Кодуранова.

  3. А.Атамбаевдин билдирүүсү

    Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө журналисттерге сүйлөп жатып, түндөгү операция учурунда өзүндө гана курал болгонун айтты. “Үчүнчү кабатта туруп алып, өзүм туруштук берип жаттым”,-деди А.Атамбаев.

    Кой-Таштагы үйүндө эки жүздөй киши чогулуп турат. Түштөн кийин Атамбаевдин тарапташтары “Медиа-Форум” ишканасынын алдына чогулмак болуп жатышат.

  4. К. Дүйшөбаев: соңку кырдаалга парламент саясий жана укуктук баа бериши керек

    "Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы күч түзүмдөрүн жетектеп жаткан кишилердин кесипкөйлүгүнүн төмөндүгүнөн кабар берет",- деди Би-Би-Сиге УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев.Анын айтымында, мындай иштер алдын ала пландалып, уюштурулушу керек эле.“Атайын операциялар мындай жол менен жүргүзүлбөшү керек. Кечээки окуя күч түзүмдөрүнүн өз ишин мыкты аткара албаганынан кабар берет”,- деди Кеңешбек Дүйшөбаев.Ошондой эле ал абалды жөнгө салуу үчүн Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулушу керек дейт:“Кырдаалга саясий жана укуктук баа берүү парламенттин милдети. Адам өлүмү менен коштолгон окуяга күнөөлүү болгон адамдар жоопко тартылышы керек. Айрым депутаттар тарабынан чукул жыйынга чогулуу сунуштары айтылып жатат. Бирок парламент азырынча эч кандай реакция кыла элек. Алар кезексиз сессияга чогулуп, саясий баа бербей турган болсо, анда парламентти таратуу боюнча маселе жакынкы учурда көтөрүлөт”.

  5. Вице-премьер-министр жабыркагандардан кабар алды, Алтынай Өмүрбекова жана министр Космосбек Чолпонбаев атайын операция учурунда жабыркагандардан кабар алды.

    Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кой-Таш айылында атайын операция учурунда жабыркагандардан кабар алышты.

    Бийлик өкүлдөрү жабыр тарткан адамдарга медициналык жардам көрсөтүүнү жана зарыл болгон дары-дармек менен камсыздоону тапшырды.

    Саламаттыкты сактоо министрлиги Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндөгү атайын операция учурунда жана андан кийинки Атамбаевдин тарапкерлери менен коопсуздук кызматкерлери ортосундагы тирешүүдө 48 адам жаракат алганын маалымдаган болчу.

    “48 киши медициналык жардам сураган, алардын тогузу үйүнө жөнөтүлдү. Төрт кишиге ок тийип, ооруканада жатышат”-деп айтылат министрлик тараткан билдирүүдө.

  6. Сооронбай Жээнбеков: Атамбаев Баш мыйзамды одоно бузду, "Атамбаев тергөө амалдарына куралдуу каршылык көрсөтүү менен конституцияны жана кыргыз мыйзамдарын одоно бузду",-деди президент.

    Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, азыркы түзүлгөн кырдаалга байланыштуу коопсуздукту жана тартипти камсыздоо маселесин карады. Бул жыйынга пресса катышкан жок.

    "Алмазбек Атамбаев Конституцияны жана мыйзам талаптарын одоно түрдө четке кагып, тергөө иштерин мыйзам алкагында аткарууга катуу куралчан каршылык көрсөткөн",- деди президент.

    Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан укуктук мамлекет экенин эскертип, "мамлекеттин милдети бардык жарандар мыйзам талаптарын кынтыксыз сактоосун камсыз кылуу" деди.

    Мамлекет башчысы Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө кайрылып, өлкөдөгү тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча бардык иш-чараларды аткаруунун зарылдыгын баса белгиледи.

    УКМК төрагасы Орозбек Опумбаев, Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, КР Башкы прокурору Өткүрбек Жамшитов түзүлгөн кырдаал боюнча маалымат беришти.

  7. Өмүрбек Бабанов: жоопкерчилик баары бир бийликте, Бабанов Кыргызстандагы окуялар боюнча коомдук сайттар аркылуу кайрылуу жасады.

    Саясатчы Өмүрбек Бабанов Кыргызстандагы окуялар боюнча коомдук сайттар аркылуу кайрылуу жасады. "Республика" партиясынын лидери аракеттеги президентти жана мурунку өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевди тирешти токтотууга чакырды.

    "Учурдагы окуяга жоопкерчилик баары бир бийликке тийиштүү болуп калат. Тилекке каршы жоготуулар болду. Муну токтотуу керек", - деп жазылат анын кайрылуусунда.

    Бабанов "2002-жылдагы Аксыдагы кан төгүүгө жол бергендиги үчүн элибиз Акаевди эч качан кечирбейт, 2010-жылдагы Таластагы жана Бишкектеги кан төгүүлөр үчүн элибиз Бакиевди эч качан кечирбейт. Каргашалуу тарыхыбызды эч кайталабайлы, элибиз эле кыйналат" деген.

    Саясатчы Өмүрбек Бабанов өзү 2017-жылдагы президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Ал учурда Москвада экени айтылып келет.

  8. Атамбаев: курал менде гана болгон, Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тарапкерлеринин алдына чыкты.

    Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тарапкерлеринин алдына чыкты. Ал "курал менде гана болгон, башкаларда курал-жарак жок болчу" деди.

    Кой-Таш айылында Атамбаевди кармоо операциясы учурунда атайын бөлүктүн бир жоокери каза тапты. Коомдук сайттарда Атамбаевдин тарапкерлери атайын операцияны өткөрүү үчүн барган бир нече аскер кызматкерин кармап алганы тартылган тасмалар тараган эле. Түн ортосунда ИИМ орун басары Курсан Асанов алты кызматкерди эрте менен бошотуп беришет деп билдирүү жасаган.

  9. Марат Иманкулов: Атамбаевди кармоого "Альфа" тартылбашы керек болчу, Марат Иманкулов Атамбаевди кармоо операциясына "Альфа" аскердик бөлүгүнүн тартылышын сынга алды.

    УКМКнын мурунку төрагасы Марат Иманкулов мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясына "Альфа" аскердик бөлүгүнүн тартылышын сынга алды.

    "ИИМдин деле атайын даярдыктагы аскердик бөлүгү бар эле. Алар мындай иштерде машыгып, эл менен да иштегенди билет эле. Алардын кирип барып мурунку президентти алып чыкканга мүмкүнчулүгү бар болчу. "Альфаны" ишке салгандан кийин операцияны ийне-жибине чейин ойлонуштуруш керек болчу", -деди Иманкулов.

    Иманкулов Кой-Таштагы операцияны уюштуруу чабал болду деп, президенттин катышуусундагы Коопсуздук Кеңешинин жыйынында сөзсүз УКМК жетекчилигинин жоопкерчлиги тууралуу маселе көтөрүлүшү керек деди.

  10. Күч кызматкерлери Атамбаевдин үйүндө кармалып турат

    “Азаттык” радиосу Атамбаевдин тарапкери Фарид Ниязов “Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө, саат 11ге жакын ал ошол жерде чогулуп турган тарапкерлери менен жолукканы жатат”,-деп билдиргенин жазды. “Ниязовдун айтымында, колго түшүрүлгөн күч кызматкерлери дагы эле Атамбаевдин үйүндө, абалы жакшы.

    “Аларды кое бериш керекпи же жокпу, эл чечет” деп билдирди Ниязов. Анын белгилешинче, жараат алган күч кызматкерлерин ооруканага алып кетишкен, ал жакта отургандардын жарааты жок”,-деп жазды “Азаттык” радиосу.

  11. УКМК: Атайын бөлүктүн аскерлери желим ок колдонгон

    Кой-Таш айылында мурдакы президент А.Атамбаевди кармоо операциясы учурунда атайын бөлүктүн бир жоокери каза тапканы белгилүү болгон. Коомдук сайттарда Атамбаевдин тарапкерлери атайын операцияны өткөрүү үчүн барган бир нече аскер кызматкерин кармап алганы тартылган тасмалар тараган эле. Түн ортосунда ИИМ орун басары Курсан Асанов алты кызматкерди эрте менен бошотуп беришет деп билдирүү жасаган. Коомдук сайттарда атайын операцияга катышкандардын биринин маеги жарыяланды.

    УКМК атайын бөлүктүн аскерлери желим ок колдонгонун, ал эми Атамбаевдин үйү тараптан ок атуучу курал колдонулганын билдирген. Атамбаев өзүнө караштуу “Апрель” телеканалы аркылуу билдирүү жасап, операцияны айыптады. “Аскер огун колдонуп, эл жабыр тартты” деген. Буга чейин жазуу түрүндө көрсөтмө берүүгө макулдук бергенин айтты.

  12. Кой-Таштагы окуяда 48 адам жаракат алды

    Саламаттыкты сактоо министрлиги мурдагы президент Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндөгү атайын операция учурунда жана андан кийинки Атамбаевдин тарапкерлери менен коопсуздук кызматкерлери ортосундагы тирешүүдө 48 адам жаракат алганын маалымдады.

    “48 киши медициналык жардам сураган, алардын тогузу үйүнө жөнөтүлдү. Төрт кишиге ок тийип, ооруканада жатышат”-деп айтылат Министрлик тараткан билдирүүдө.

    Кечээ күнкү окуяда атайын кызматынын бир аскерине ок тийип, ал ооруканада каза тапты. Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Самат Курманкулов башынан жаракат алып, комага түшкөнү кабарланган.

  13. Коопсуздук кеңешинин жыйыны башталды

    Президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп жатат.

    Ага ММК өкүлдөрү катыштырылган жок.

    “Күн тартибинде «2019-жылдын 7-августунда түзүлгөн кырдаалга байланыштуу коопсуздукту жана тартипти камсыздоо» маселеси каралып жатат”,-деп билдирүү таратты президенттин басма сөз кызматы.

  14. Парламент чукул жыйын өткөрөбү?

    Айрым маалыматтарга ылайык, бир нече депутат парламент спикери Дастан Жумабековго кайрылып, бейшемби күнү чукул жыйын өткөрүүгө чакырды.

    “Парламент чукул жыйынга чогулуп, бардык тараптардын зомбулугуна жол бербеш керек. Жогорку Кеңеш байкоочу катары отура берсе болбойт”,-деп жазды КСДП партиясынан депутат Дастан Бекешов коомдук баракчасына.

    Бекешовдун сөзүн "Ата-Мекен" партиясынан депутат Алмамбет Шыкмаматов дагы колдоду. Азырынча чукул жыйын өткөрүү боюнча чечим кабыл алына элек.

    Соңку маалыматтарга ылайык, Кой-Таш айылынын кире беришинде ИИМдин жана УКМКнын үч жүзгө чукул атайын даярдыктагы аскерлери турат.

  15. Саламаттыкты сактоо министрлиги атайын даярдыктагы бир жоокер жарадар болгонун ырастады

    ТАСС агенттиги Кыгрызстандын саламаттыкты сактоо министрлиги мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда бир атайын даярдыктагы жоокер жарадар болгонун маалымдады. Ошондой эле он беш киши ооруканага жеткирилгени маалымдалууда.

  16. Кой-Таш айлында электр жарыгы өчүк

    Кой-Таш айлында электр жарыгы өчүк. Интернет, мобилдик телефон байланышы начар иштеп жатканы айтылууда. Соңку кырдаал тууралуу маалымат алууга мүмкүн болбой жатат. Жол жээгинде милиция кызматкерлери турат.

  17. Жанарбек Акаев: Депутаттар эртең чукул жыйынга чогулууга кам көрүп жатабыз.

    ЖК депутаты Жанарбек Акаев “Фейсбук” баракчасына “учурда депутаттар өз ара сүйлөшүп, эртең чукул жыйынга чогулууга кам көрүп жатабыз”,-деп жазды.

    “Атамбаевди кармоо операциясындагы шалаакылыгы үчүн, тараптардын кагылышына жол бергени үчүн эртеңден калбай күч органдарынын бардык жетекчилери кызматтан кетиши керек. Бийлик дагы, Атамбаев дагы биринчи орунга тынчтыкты, жөнөкөй жарандардын коопсуздугун, элдин ынтымагын коюшу керек, а саясий тирешүүнү эмес! Милиция да кыргыздын балдары, Атамбаевди коргогондор да биздин жарандар, мындай тирештер жакшылыкка алып келбейт экенин мен 2010-жылы апрелде Таласта өзүм күбө болгом. Кандай учур болбосун, күч колдонуу ыкмасын тандоо өтө жаңылыштык, бардык тараптар үчүн. Атамбаев дагы мыйзамга баш ийип, аялдар менен жаштарды курал катары колдонуп, керт башын сактоонун амалын ойлобой, тергөөгө өзү барууга даяр экенин азыр билдириши керек. Учурда депутаттар өз ара сүйлөшүп, эртең чукул жыйынга чогулууга кам көрүп жатабыз”.

  18. Кой-Ташка бара жаткан жолдорду бууп, бак-дарактар менен тосуп салышкан

    Кечке маал Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө куралчан күч кызматкерлери жүргөнү тууралуу коомдук сайттарда түз эфир аркылуу интернетте тасмалар тараган. Окуя болгон жерден кабарчыбыз билдиргендей, Атамбаевдин үйүнүн жанына кишилер жыйналууда, жолдорду бууп, бак-дарактар менен тосушкан.

  19. УКМК билдирүү таратты

    УКМК билдирүү таратып, А.Атамбаевди кармоо боюнча атайын операциянын жүрүшүндө чогулган элге ок атылды деген маалымат жалган экенин айтты.

    “Чагымчыл маалыматтарды тараткандар мыйзамдын чегинде кылымыш жообуна тартыла турганын” эскертти. Атайын бөлүктүн жоокерлери “желим окторду гана колдонгонун” Атамбаевдин үйү тарабынан “ок атуучу куралдан ок чыгарылганын” маалымдады.

  20. УКМК: атайын операция уланууда

    УКМК атайын даярдыктагы аскерлер мурдагы президент Атамбаевди тарапкерлерине өткөрүп берди деген маалыматты четке какты.

    “Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Учурда атайын операция уланып жатат”,-деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

    Буга чейин айрым маалымат булактары атайын даярдыктагы аскерлер аргасыздан багынып берди деп кабарланган.