Төмөнкү-Серафимовкадагы №7133 добушканадагы көчмө добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды
№25 аймактык шайлоо комиссиясы 29-ноябрда «Фейсбукка» жарыяланган видеолорго байланыштуу чечимин чыгарды.
Боршайкомдон билдиришкендей, ал видеолордо Чүйдүн Төмөнкү-Серафимовка айылындагы Карылар жана майыптар үйүндөгү №7133 участкасында добуш берүүнүн купуялуулугунун бузулган белгилер бар. Ага ылайык, №25 АШК өз жыйынында бир добуштан аталган шайлоо тилкесинде өткөрүлгөн көчмө добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу чечимин кабыл алды жана материалдарды андан ары кароо үчүн БШКга жөнөттү.
БШК келип түшкөн материалдарды шайлоо мыйзамдарына ылайык иликтеп жатат.
Кыргызстанда 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун алкагында добуш берүү өтүүдө. Шайлоого 460тай талапкер катышууда.
29-ноябрда мыйзамга ылайык, шайлоо тилкелерине келе албаган жарандар үчүн көчмө добуш берүү өткөрүлгөн.










