Чек ара кызматынан кабарлашкандай, кыргыз-тажик чек арасында абал турукташкан. Кечинде ок атышуулар токтоп, тынч өткөн.
Түз алып баруу
Ички иштер министрлиги күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү
Кыргыз-тажик чек арадасындагы кырдаалдга байланыштуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Алар тургундарды коопсуз аймактарга көчүрүүгө көмөктөшүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Андан тышкары коомдук коопсуздукту көзөмөлдөп жатышат.
Сүрөттүн булагы, Ички иштер министрлиги
Чек ара кызматтарынын башчылары телефон аркылуу сүйлөштү
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик
комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы, тажик
тараптын демилгеси боюнча, саат 21:45те УКМК төрагасынын биринчи орун басары, чек
ара кызматынын жетекчиси Уларбек Шаршеев менен Тажикстан Республикасынын Чек
ара аскерлеринин башчысы Раджабали Рахмоналинин телефон аркылуу сүйлөшкөнүн
билдирди.
Билдирүүгө ылайык,тажик тарап ок атышууну суранып кайрылган.
Бирок саат 22:30 абал боюнча, тажик аскерлери кыргыз аскерлеринин позициясына улам-улам
ок атып жатканы, Эки-Таш, Кум-Базар, Чыр-Дөбө аймактарында ок атышуу уланып
жатканын белгиленет.
Баткен жана Согд облустарынын губернаторлору жолугушуусу күтүлүүдө.
Төрт-Көчө кыргыз-тажик чек арасындагы талашка түшүп жаткан жер
Ал Баткен-Исфана жолунда,
Көк-Таш айылындагы эки өлкөнүн аймагы так ушул жерден кесилишет. Андан Кыргызстандын Баткен - Исфана жана Тажикстандын Ворух анклавына жол кетет.
2009-жылы Ош – Баткен –
Исфана унаа жолун оңдоо учурунда көпүрө куруу үчүн кыргыз-тажик чек арасындагы дал
ушул жолдо 275 метр жерди Тажикстандан 49 жылга ижарага алуу тууралуу
сүйлөшүүлөр болуп, протоколго ошол убактагы коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан
Мадумаров кол койгон.
Дал ушул протоколго кол
койгон үчүн Адахан Мадумаров азыр Башкы прокуратуранын сурагына алынууда.
Президент Садыр Жапаров тажик тарап дал ушул протоколго таянып, бул жерди өзүнүкү деп
талашып жатканын билдирген эле.
"Эки өлкөнүн ортосундагы делимитация, деморкация маселелери
өкмөттүн, парламенттин, президенттердин ортосунда гана жүрөт. Мадумаров ал
кезде болгону Коопсуздук кеңешинин катчысы болчу. Ага делимитация, деморкация
маселелерине кол коюу укугун эч ким берген эмес. Эгерде биз азыр ал протоколго
макул болуп койсок, анда Лейлек району толук анклав болуп калат. Ал жерди берип
коюу - бул кылымдар бою кечирилгис чыккынчылык", - деген президент.
Адахан
Мадумаров өз кезегинде бул протоколдун максаты жол салуу гана болгонун, анын юридикалык күчү жок экенин айтып келатат.
"Бул
дипломатиялык миссия болчу. Анда бизге жарандарыбыз үчүн Тажикстанга көз
каранды эмес жолду салууга мүмкүнчүлүк болгон. Ошол убакта тажик чек арачылары
Көк-Таш айылына өткөрүү пунктун салып алышкан, ошондон улам жергиликтүү
тургундар Баткен облусунан Ошко баруу үчүн текшерүүдөн, чек ара көзөмөлүнөн
өтүүгө мажбур болушкан. Протокол бул маселени чечкен. Андан кийин айланма жолду
куруу иштери башталып, көпүрө салынган", - дейт Адахан Мадумаров “Вечерний
Бишкек” гезитине берген маегинде.
Адахан
Мадумаровдун жүйөсүндө, бул протокол Кыргызстан ал жерди Тажикстандыкы деп укуктук
түрдө тааныганга жатпайт. Анын мааниси чек ара боюнча расмий чечим кабыл
алынгыча кырдаалды жөндөй турган убактылуу гана чара болчу.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Атышуу болгон Төрт-Көчө деп аталган жер ушул
Баткендин айрым жерлеринде электр энергиясы жок
Баткенде Таджикистан тараптан ок атылып Баткендин айрым айылдарында электр энергия өчтү.
Бул тууралуу Энергетика Министрлиги кабарлады.
Маалыматта “Ак-Сай”, Кок-Таш”, “Орто-Бос”, “Жаны-Бак”, “Таш-Тумшук”, “Кок-Терек” айылдарында электр энергиясы жок экени айтылат.
"Ал жакта абал тынч болбогондуктан оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө мүмкүн болбой жатат", - деп билдирет энергетика министрлиги.
ЖККУнун Башкы секретары чек арадагы кырдаал боюнча үн катты
Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Башкы катчысы Станислав Зась тажик жана кыргыз тарапты чек арадагы ок атышууну токтотууга чакырды.
Станислав Зась Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жана Тажикстандын Коопсуздук кеңешинин секретары Насрулло Махмудзода менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү кабарланды.
Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы кырдаал
Саат 20:50
КР УКМК ЧК 2001 аскер бөлүгүнөн берген маалыматына ылайык,
Көк-Таш айлындагы чек ара заставасында ок атуу болуп жаткан. Ошондой эле,
Төрт-Көчө жана Үч-Дөбө тилкелеринде ТР чек арачылары тарабынан миномет жана
гранатомет колдонуп жаткандыгы тууралуу маалымат берилген.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынын маалыматы:
Баткен району Ак-Татыр а/а Орто –Боз, Жака-Өрүк,Үч-Дөбө Ак-Татыр Ак-Сай а/а Таш-Тумшук, Самаркандек айылдарынын тургундары жергиликтүү бийлик тарабынан Баткен шаарына жана Рават айылын көздөй эвакуацияланууда.
Лейлек району Кулунду а/а Максат, Кулунду, Сада айылдарында жарандардын коопсуздугун сактоо максатында тургундар жергиликтүү бийлик тарабынан менчик унаалар менен коопсуз жайларга эвакуацияланууда.
Баткен шаарына эвакуацияланган жарандар тамак-аш менен камсыздалды.
Ак-Сай,Ак-Татыр жана Самаркандек айыл өкмөттөрүнүн кооптуу чек ара аймактарында жашаган тургундар коопсуз аймакка эвакуацияланууда.
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн айылдарынан эвакуацияланып келген 60 үй-бүлө Баткен шаарынын №3 А.Имаров орто мектебине жайгаштырылды.
Баткен: Төрт-Көчөдө ок атышуу болуп жатканы кабарланды, Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал
КР УКМКанын алдындагы Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы 27-январь саат 20:30га карата кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды салыштырмалуу чыңалган абалда экенин маалымдады.
Маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларыны атышуусу Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө жерлигинде болууда.
Тажик тарап миномет жана гранатомётторду колдонуп жатканын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматтар боюнча, Төрт-Көчө жерлигиндеги Баткен-Исфана авто жолу Тажикстандын жарандары тарабынан жабылган. Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунунан кийин саат 19:30да жол каттамы ачылган.
Бирок көп өтпөй, маалыматка караганда, саат 19:35 чамасында кырдаал курчуп, тажик тарап Баткен районунун Чыр-Дөбө аймагында Кыргызстанды көздөй ок аткан.
Андан мурдараак, Чек ара кызматы саат 17:30дан 18:00гө чейин Тажикстандын чек арачылары Баткен-Исфана унаа жолунун Баткен районунун Төрт-Көчө тилкесиндеги бөлүгүн бир тараптуу тосушканын кабарлаган.
Чыр-чатактын күчөшүнө жол бербөө максатында УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Кыялбек Төлөнбаев жана Баткен чек ара отрядынын башчысы Рустам Миршакиров окуя болгон жерге барышкан.
Баткен облусундагы чек аранын бул тилкесинде жайгашкан чек ара бөлүктөрү күчөтүлгөн тартипте иштөө режимине өттү.