Камалган дарыгерлер жана караңгы же айдама соттор

Сүрөттүн булагы, DjelicS
- Author, Кубатбек Чекиров
- Role, Би-Би-Си кыргыз кызматынын редактору, Бишкек
- Published
Бишкекте балдар ооруканасындагы беш дарыгердин камалышы жаңы жыл алдындагы майрамдык маанайды бузуп, көңүл чөгөргөн окуя болуп калды. Ансыз деле саясатчылар менен жарандык активисттер массалык түрдө камакта отурганда, акыйкатчы ээнбаштык менен камоолор болуп жатканын айтып турган чакта, дарыгерлердин темир торго салынышы коомдук пикирди ого бетер удургутуп, адилеттик менен чындыкка күйгөндөргө оор тийүүдө.
Эне жана баланы коргоо улуттук борбору менен шаардык балдар ооруканасында иштеген беш дарыгерди камакка алууга ноябрда кичинекей баланын ооруканада каза тапканы негиз болгону айтылууда. Анын кандай абалда келип түшкөнү, дарыгерлер кандай жардам көрсөткөнү, кай жерден жазганы азыр анын баары тергөөдө териштирилип жаткан убак. Тергөөнүн натыйжасында ак-карасы ажыратылып, кимдин кандай күнөөсү бар экени аныкталары калетсиз. Бирок коомчулукту кыжаалат кылган жагы дарыгерлерди дароо камакка алуунун канчалык зарылдыгы бар эле, алар бир жакка качып кетпейт эле деген суроо.
Экинчи жагынан бул жерде бөрк ал десе баш алуу болуп жаткан жокпу, мыйзамдын жол жобосу канчалык сакталды деген дагы суроо турат.
Бул окуяга биринчилерден болуп укук жолун жакшы билген Феликс Кулов баа берди.
«Абройлуу эксперттик комиссиянын бардык процессуалдык аракеттер менен бекемделген корутундусу жок дарыгерлерди камоо - бул мыйзамдын одоно бузулушу",-деди мурдагы ички иштер министри.
Кылмыш-Жаза кодексинин 146-беренесинде, оорулууга убагында медициналык жардам көрсөтпөгөн же өз ишин шалаакы аткарган...билип билбей оор зыян келтирген медициналык кызматкерге акчалай штраф салынат же беш жылга чейин эркинен ажыратылат.
Куловдун жүйөсүндө камакка алуу чарасы беш жылдан ашык мөөнөткө эркинен ажыраткан кылмыштар боюнча каралган. Экинчиден, камакка алуу эң акыркы арга катары өлкөдө туруктуу жашабаган, ким экени такталбаган, мурда кийин бөгөт чарасын бузган, соттон же тергөөдөн качып жүргөн кылмышка шектүү адамдарга колдонулат. Бирок Бишкектеги дарыгерлерди камакка алууда бул мыйзамдык негиздер жок.
Демек, дарыгерлердин окуясында же мыйзамды жакшы билбеген караңгы судьялар же айла жок буйрук аткарып жаткан айдама судьялар жөнүндө кеп болушу керек. Экөө тең кыргыз бийлигин көп жылдан бери жаманатты кылган, элдин ишенимин кетирген социалдык-саясий оор көйгөй.
Анткен менен мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөл кылган Башкы прокуратуранын бул маселеде позициясы угулбайт. Дегеле соңку кезде соттордун саясатчыларды жана жарандык активисттерди камакка алуу чечимдерин укук коргоочулар ээнбаштык деп сынга алып жатканда да башкы көзөмөл органы кой-ай деп койгонго жарабады.
Журналист Нарын Айып соттор "советтик мезгилдеги сенектик убагындагыдай" аракеттенүүдө, алар кармалгандарды мыйзам же адилеттүүлүк боюнча соттобой, үстү жактан келген буйруктарды гана аткарганын улантууда" деп жазды.
"Тамыры терең көйгөй"

Сүрөттүн булагы, KLOOP
Бийлик адамдары аралашкан коррупциялык кыңыр иштерди ашкере кылып иликтеген көз каранды эмес журналист Болот Темировду райондук сот актаган менен Бишкек шаардык соту аны өлкөдөн депортация кылып жибергени коомду катуу нааразы кылды. Кыргызстанда төрөлүп, кыргыз паспорту менен жашап жүргөн өзүнүн жаранын башка өлкөгө кууп жиберүү Кыргызстанда адилет сот жөнүндө ой-тилектин баарын кыйратты.
"Башкаруучулар сотторду чыбык менен айдап алдыңар, бул жакшы жолго алпарбайт" деген катуу сын биринчи элдик курултайда президенттин өзүнүн көзүнө айтылды.
Ошол эле убакта соңку он жети жылда бийлик үч ирет менен күч менен алмашкан Кыргызстанда эл жокчулукка, каатчылыкка чыдай турганын, бирок адилеттиктен тайыган өкүмзордукка чыдай албай турганын аттуу-баштуу адамдар айтып турган убак.
"Бул көйгөйдүн тамыры тереңде. Мунун ар жагында коррупция да бар, зөөкүрдүк дагы бар, туура эмес жүргөн саясат дагы, алешемдик башкаруу, баары ушерде жатат",-дейт мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов.
"Түрмөдө чиритебиз"
Саламаттык сактоо министри менен башкы прокурор бул окуяда үн катпай четте турганда, медицина кызматкерлеринин профсоюзу дарыгерлердин укуктары бузулуп жатканы туурасында президентке кайрылуу кабыл алышты.
"Беш балдар дарыгери кармалып, Ленин райондук сотунун чечими менен оор кылмыш жасаган кылмышкер, рецидивист, киши өлтүргүч катары 10-январга чейин убактылуу тергөө абагына камалды, кылмыш-процессуалдык кодексинин бөгөт коюу чарасы жөнүндө нормаларынын бардыгы бузулганына карашкан жок",-деп айтылат кайрылууда.
"Күнөөсүн аныктабай туруп, өлгөн баланын туугандары жогорку кызмат адамдары болгондуктан, Кыргызстанда биринчи жолу ушундай окуя болуп жатат. Дарыгерлерге түз эле "түрмөдө чиритебиз" жана "дипломдорун алып коебуз" деп айтышты. Чынында болгон ишти объективдүү териштирүү эмес, өч алуу, кайгыны басуу болуп жатат".

Сүрөттүн булагы, Facebook
Ошол эле убакта Кыргызстан эгемендик алган отуз жыл ичинде балдар өлүмү үч эсе азайганы айтылууда. "Мындай азайтууга медицинада жана региондо бир да багыт жетише алган эмес",-деп айтылат медицина профсоюзунун кайрылуусунда.
Ырас, бул окуя бир эле учурда дарыгерлердин кесипкөйлүк деңгээли, алардын жоопкерчилиги жөнүндө дагы актуалдуу маселени козгоп койду. Акча үчүн ыйык антынан тайып, ар кандай кыянат иштерге барган дарыгерлердин иштерин Би-Би-Си көп эле айтып келатат. Бирок андай иштерде сот менен прокуратура адилет карап, аягына чыккан учурларды коомчулук уга элек.

2006-2007-жылдары Ноокат, Кара-Суу жана Ош шаарындагы ооруканалардан дарыгерлердин шалаакылыгы менен 45 балага СПИД жуккан кылмыштуу окуя болгон. Анда айыкпас оору жуккан балдар менен алардын энелер өмүр бою азапка калышты.
Бул кылмыштуу иш боюнча он төрт дарыгер соттолуп, төртөө акталып чыкты, үчөө ар кандай мөөнөткө кесилишти, калгандары шарттуу түрдө соттолду же штраф салынды. Кийин соттолгондор Жогорку Сотко арызданып, кутулуп кетишти. Наристе балдарга ВИЧ жуктурган дарыгерлер менен медициналык айымдар дагы эле ээн-ээркин иштеп жүрүшөт.
Ошон үчүн соттор коррупцияга баткан коомдо адилеттик, чындык кагазда гана калып, калктын ишеними түгөнүп баратканы көп жылдан бери кооптуу тенденция болуп келатат.
































