Өзбек адиси: чек ара жаңжалы өнөкөткө айланды

    • Author, Элеонора Сагындык кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
  • Published

Орусиянын Г.В. Плеханов атындагы Экономикалык университетинин Ташкенттеги филиалынын доценти, Борбор Азияны изилдөө борборунун эксперти Равшан Назаров Би-Би-Сиге кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуяларга сереп салып берди.

Өзбекстандык этнополитолог алды менен кыргыз-тажик чек арасынын тарых-таржымалына токтолду.

Равшан Назаров: 1924-1925-жылдары улуттук-аймактык бөлуштүрүү башталып, бул жараян 1936-жылга чейин уланды. Анын жыйынтыгында алды менен автономдук, андан кийин Кыргызстан жана Тажикстан деген союздук республикалар куралды. "Кыргыз-тажик чек арасы" деген түшүнүк мына ушул жерден башталат десе болот.

  • Кыргыз-тажик чек арасынын тарых-таржымалы жана Кокон хандыгы тууралуу тарыхчы Орунбай Ахмедовдун пикири

СССР маалында чек ара маселесинде наразылыкты ачык билдирүүгө мүмкүнчүлүк болгон эмес, бирок "кайра курулуш" мезгилинен тарта кырдаал курчуп кетти. "Кайра курууга" чейин 1974-жылы гана Ворух анклавында бир олуттуу чыр катталган, ал эми 1989-жылы биринчи жолу тажиктердин Исфара жана кыргыздардын Баткен районунун тургундары арасында жер жана суу талаштан улам ачык жана курч жаңжал катталган. Жер жана суу ресурстарынын жетишсиздиги жана Фергана өрөөнүндөгү демографиялык өсүү шартында мындай чыр-чатактар өнөкөткө айланды. Кырдаал 2014-жылы өтө курчуп, чек арада беш, ал эми 2019-жылы төрт чыр чыкты.

Би-Би-Си: Эки өлкөнүн аскердик доктринасында эмне деп айтылган?

Равшан Назаров: Тажик президенти Эмомали Рахмон тек гана дасыккан саясатчы, Тажикстандын лидери эмес, ал жарандык согушта чет жактан колдоого ээ болуп турган радикалдуу күчтөрдү жеңген аскер офицери экенин да эске алуу керек. Соңку чек ара жаңжалында Кыргызстан жана Тажикстан тараптан дагы аскердик күчтөр чек арага тартылды. Тажикстандын армиясынын чоң бөлүгү Ооганстан менен чектеш түштүк тарапта жайгашкан жана ал жакка согушка жөндөмдүү 1-мотоаткычтар бригадасы сыяктуу аскердик бөлүктөр тартылган. Мындан тышкары Курган-Төбөдөгү 97-зениттик-ракеталык бригада жана Кулябдагы 69-зениттик-ракеталык полку жана Блохтар авибазасы жана башка күчтөрү бар. Кыргызстан өзүнүн негизги аскердик күчтөрүн Кытай менен чек арага жакын жерде кармайт. Ошондой эле анын Токмокто 8-гвардиялык Панфилов дивизиясы, 2-гвардиялык Фрунзе атындагы Кой-Таштагы бригадасы, Танк полку, зениттик-артиллериялык бригада жана башка күчтөрү бар. Фергана өрөөнүндө Кыргызстан тоодо атышуу батальондору гана туруктуу жайгашканы белгилүү. 28-апрелден кийин эле эки тарап тең аскердик техника жана контингентин чек арага жакын тартып келе баштады. Эки өлкөнүн аскердик кубаты бирдей болгондуктан, кеңириши масштабдагы аскердик кагылышуунын перспективасы болмок эмес. Эл аралык рейтингдерде Кыргызстан армиясы 93-, ал эми Тажикстан 99-орунду ээлейт. Тажикстан аскердик доктринасын 2005-жылы, ал эми Кыргызстан 2013-жылы кабыл алып, эки документтин тең мүнөзү - коргоону багытында. Андыктан, эки тарапта тең бул жаңжалды тынчтык жол менен жайгаруу милдети турат. Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмондук телефондук сүйлөшүүлөрү, атайын кызмат жетекчилери Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун жолугушууларынан улам бул чырдын эң курч мезгили артта калды деп үмүттөнүп туралы.

Би-Би-Си: Айрым эксперттер жана кыргыз бийлиги деле соңку чек арадагы конфликтке үчүнчү күчтөрдүн таасири тууралуу айтышты. Борбор Азиядагы мындай чатакка кимдин кызыкчылыгы болушу мүмкүн эле?

Равшан Назаров: Жергиликтүү чатактын артында дайым эле АКШ, Орусия же Кытай турат деген конспирологиялык теориялар айтылып келет. Баарын эле аймактык геосаясий оюнчуларга шылтоо оңой, бирок туура эмес.

Айрым "эксперттердин" бул жаңжалдын артында "Орусия турат" дегени чындыкка коошпойт. Кыргызстан, Тажикстан дагы КМШ, ЖККУ, ШКУ өңдүү Орусия үчүн маанилүү интеграциялык биримдиктерге мүчө. Кыргызстан булардан тышкары ЕАЭБге да кирген, ал эми Дүйшөмбү бул бажы союзуна кирүү маселесин карап жатат. Кай жагынан алба Орусия үчүн бул жерде кызыкчылык жок. Тажистан 1992-1997-жылдары жарандык согушту башынан өткөргөн өлкө, Кыргызтанда болсо үч ирээт "ыңкылаптар" өттү. Аларды эске албаганда деле эки өлкөнүн өз ара жана коңшулар менен локалдуу чыр-чатактары болду. Анан ушундай шартта Орусия дагы кошумча жаңжалды шыкактап жатат деген эксперттик баалалор суу кечпейт. Орусиянын Борбор Азия алдындагы болгон "күнөөсү" пандемиядан улам Фергана өрөөнүндөгү жүз миндеген мигранттарды жумуш менен камсыздай албай жатканы. Мындай жагдай этнос аралык, мамлекет аралык дагы социалдык конфликттерге негиз болушу мүмкүн. Азыркы шартта Орусия эмне кыла алат? Соңку окуя боюнча кеңири масштабда билдирүү менен чыкса болот. Экинчиден, орус жана борбор-азиялык эксперттерди тартып, кырдаалды жөнгө салуу боюнча программа иштеп чыгуу жолу бар. Ошондой эле кырдаал курчуп кетсе КМШ, анын ичинде эң биринчи кезекте Өзбестан жана Казакстандын аскерлерин тартып, тынчтык күчтөрдү түзсө болот.